ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 105
Орозбеков айылынын Больничная жана Тешеев көчөлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты А.Имарбековдун Орозбеков айылындагы С.Тешеев мектебине баруучу Больничная жана Тешеев көчөлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, окуучулар арасында жол коопсуздугун сактоо максатында Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Больничная жана Тешеев көчөлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун негизинде оңдоп-түзөө иштерин аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |