КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 3396-VII
“Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча
эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды
жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди
колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду
ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 29-июлундагы чыг. № 18-8088) “Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |