Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 18-декабрындагы №2
«Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы “2025-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-21/3760 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы “2025-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-21/3760 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 4 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы “2025-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-21/3760 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Таш-Көмүр шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмеси тиркемеге ылайык жактырылсын. /тиркеме тиркелет/
3. Таш-Көмүр шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиркемеде көрсөтүлгөн пайыздык чендерге ылайык 2 858 792 (эки миллион сегиз жүз элү сегиз мин жети жүз токсон эки) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |