Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 18-декабрындагы №3
«Шаардык мэриянын 06.12.2024-жылдагы «Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык “Кз” коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-21/3861 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 06.12.2024-жылдагы «Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык “Кз” коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-21/3861 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 4- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 06.12.2024-жылдагы «Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык “Кз” коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-21/3861 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Таш-Көмүр шаарынын жана Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин мүлк салыгынын зоналдык «Кз» коэффициенти 2025-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун пайдалангандыгы үчүн мүлк салыгынын коэффициенти 2025-жыл үчүн 1.0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |