Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 33/6-9
Талас шаарынын 2025-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 48-беренесинин 1-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 01.04.2025-жылдагы №01-19/1054 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2025-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ....................................................................................................................3
Учурдагы кырдаалды талдоо.........................................................................................4
1. Шаарды өнүктүрүүнүн факторлору......................................................................4
1.1. Географиялык жана жаратылыш факторлору......................................................4
1.2. Өнөр жай..................................................................................................................5
1.3. Ресурстук фактор....................................................................................................5
1.4. Унаа..........................................................................................................................7
1.5.Соода жана кызматтар.............................................................................................7
1.6.Ишкердүүлүк.............................................................................................................7
1.7. Талас шаарынын жергиликтүү бюджети...........................................................8
1.8.Талас шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын куруу.......................................................................................................9
2. Шаарды абаттоо......................................................................................................11
2.1.Турмуш тиричилик таштандыларын чыгарууну камсыз кылуу...........................12
2.2. Шаарды жарыктандыруу.......................................................................................12
2.3.Жол коопсуздугун камсыздоо................................................................................13
2.4.Ички жолдорду, тротуарларды куруу жана тейлөө..............................................13
2.5. Эс алуучу жайларды, парктарды, скверлерди куруу.....................................14
3. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы..................................14
3.1.Шаар калкын жылуулук менен камсыздоо............................................................15
3.2.Талас шаарын жашылдандыруу............................................................................16
3.3.Талас шаарынын муниципалдык ишканаларын оптимизациялоо.......................17
3.4.Талас шаарындагы “Талас” аэропортунун курулуш иштери................................17
3.5.Талас шаардык ички иштер бөлүмү.......................................................................17
3.6.Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Талас шаары боюнча бөлүмү....................19
3.7.Билим берүү тармагы.............................................................................................19
3.8.Спорт тармагы ........................................................................................................20
3.9.Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби..............21
4. Талас шаардык өспүрүм балдар спорт мектеби ...............................................21
4.1.Талас шаардык футбол боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби.............21
4.2.Жаштар саясатын жүргүзүү......................................................................... ..........22
4.3.Саламаттыкты сактоо тармагы.................................................................... .........22
4.4.Шаардын аярлуу калкын социалдык жактан колдоо............................................24
4.5.Маданият тармагы ..................................................................................................25
4.6.Көркөм-сүрөт музейи..............................................................................................25
4.7.Туризм тармагы.......................................................................................................26
Талас шаарынын мэри жана депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин төрагасынын шаардын тургундарына кайрылуусу!
Урматтуу Талас шаарынын тургундары,
Талас шаарынын мэриясы жана Депутаттардын Талас шаардык Кеңеши, 2025-2026-жылдарга карата Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгып, бекитти.
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 2025-2026-жылдарга карата шаарыбыздын туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт. Бул өнүктүрүү программасы шаар тургундарынын турмуш шартын көтөрүү менен Талас шаарынын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу максатын көздөйт.
Талас шаарынын өнүктүрүү программасы бизнес, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданият, спорт жана башка тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыкты. Анда шаарыбыздын жакынкы 4 жыл аралыгында ыкчам жана туруктуулук менен өнүгүү багыттары аныкталып, Талас шаарынын 2026-жылга чейинки башкы стратегиялык планынын негиздери эске алынды.
Айта кетсек, Талас шаарынын мэриясы социалдык-экономикалык өсүү темпинин туруктуулугун камсыздоо, чакан, орто бизнести колдоо жана аларды өнүктүрүү боюнча иштерди алып барат. Андыктан бул долбоор өнүктүрүүнүн программасы гана эмес, өз ара өнөктөштүк, шаардын калкы менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы бир багытты көздөгөн макулдашуусу катары иш алып барат.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында 41 228 калк жашайт. Облус аймагындагы 4 райондун калкынын күнүмдүк тиричилик иштеринин басымдуу бөлүгү Талас шаары менен тыгыз байланыш курат. Андыктан биз иштеп чыккан долбоор жалгыз шаар тургундары үчүн гана эмес жалпы облус калкы үчүн маанилүү кызмат кылат.
Биз баарыбыз Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында көрсөтүлгөн милдеттерди иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу аркылуу шаар тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуунун пайдубалын курууга милдеттүүбүз.
Урматтоолору менен, |
|
|
|
|
|
Талас шаарынын мэри |
| Б.К.Астанакулов |
|
|
|
Депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин төрагасы |
|
К.А.Джаныбеков |
КИРИШ СӨЗ
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы, региондун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен азыркы абалды, орун алган тоскоолдуктарды жана маселелерди жоюу боюнча иш-чараларды натыйжалуу жана ишке ашыруу үчүн максималдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын “Социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун колдонуудагы программаларынын уланмалуулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет” делген 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту;
-“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткаруу органдары тарабынан иштелип чыгат жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет, өткөн эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылга күтүлүүчү бааны жана кийинки үч жылга болжолду камтыйт” делген 88-беренесинин 2-бөлүгү;
Талас шаарынын мэриясы Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу менен шаарды өнүктүрүү багытында иш алып барууну көздөгөн бардык кызыкдар тараптарга өз ара пайдалуу даяр өнөктөш экендигин тастыктайт.
Аталган программаны иштеп чыгуу үчүн Талас шаарынын аймагындагы атайын кызматтар тарабынан өздөрүнүн тармактары боюнча керектүү маалыматтар камсыздалып берилди.
Талас шаарынын мэриясы жана ошондой эле атайын кызматтардагы адистер менен биргеликте шаардын бүгүнкү күндөгү зарыл болгон муктаждыктарын, керектөөлөрүн жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, алдыдагы күтүүлүүчү жыйынтыктарды аныктоо үчүн, аталган программаны иштеп чыгууда бир катар жолугушуулар өткөрүлүп талкууланды.
Ошондой эле программаны иштеп чыгууда шаар аймагындагы жергиликтүү тургундардын, келген коноктордун жана ошондой эле ар тармакта эмгектенген ишкерлердин ой пикирлери жана ар тараптуу сунуштары эске алынып, аталган программага киргизилди.
Программаны иштеп чыгууга өздөрүнүн ар тараптуу сунуштарын ой пикирлерин жана ошондой эле ар тармактуу кызматтарын көрсөткөн топтор менен мындан ары да шаарды өнүктүрүүдө ар кандай иш-чараларды ишке ашырууга багытталган макулдашуулар жүргүзүлдү.
Аталган программанын структурасы шаардын азыркы таптагы социалдык-экономикалык абалын, мындан аркы жылдарда да шаарды өнүктүрүүнүн факторлорунун анализдерин, артыкчылыктарын аныктоо жана кемчиликтерди четтетүү, максаттуу аудиториянын аткарылган иштердин жыйынтыгынынын баасы, артыкчылык багыттарын жана шаардын каржылык өнүгүү моделин камтыйт.
Программаны ишке ашыруу төмөнкү себептерге:
· Аймактын саясий жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга;
· "Экономикалыкөсүү чекиттерин" аныктоо жана алардын укуктук статусун бекитүүгө;
· Аймакка пайдалуу инвестицияны тартуу ийгилигине көз каранды болот.
УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ТАЛДОО
1.Шаарды өнүктүрүүнүн факторлору
1.1.Географиялык жана жаратылыш факторлору
Талас шаары деңиз деңгээлинен 1244 м. бийиктикте, Талас өрөөнүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Талас дарыясын бойлой жайгашкан жогорку маданий жана тарыхый маанидеги, кыргыз элинин улуттук баатыры Манас жердеген Кыргызстандын облустук шаары болуп эсептелет.
Климаты мелүүн - континенталдуу.
Эң жогорку орточо айлык температурасы июль айында + 30 ... + 35 ° C , эң төмөнкү орточо айлык температурасы январь айында -15... -25 ° С болору байкалган. Жылдык жаан-чачындын нормасы 300 - 400 мм.
Шаардын өнүгүшү үчүн төмөнкү географиялык жана жаратылыш факторлору бар:
Административдик-географиялык жайгашуусу республиканын борборуна чейин 298 км. Тараз шаарына (Казакстан) чейин 100 км., жакынкы темир жол бекетине чейин 90 км., аймагы 13,0 чарчы километр, Кыргыз Республикасынын региондору менен Казакстан Републикасын байланыштырган стратегиялык “Тараз-Талас -Суусамыр” тасма жолунда жайгашкан.
Талас облусунун административдик борбору катары дыйкандар өндүргөн аймактык айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча адистешкен ишканалардын, тамак-аш өнөр жайларынын иш аракеттеринин аркасында шаардын экономикасы негизделүүдө.
Областын аймагындагы өндүрүштүн төрттөн бир бөлүгү Талас шаарында жайгашкан. Талас облусунун климаттык шарты төө буурчак, таттуу калемпир, кант кызылчасы, картөшкө, мал чарбачылыкты өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Азыркы учурда өндүрүлгөн дээрлик бардык азык-түлүктөр, чийки түрүндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн базарларында сатылып жатат.
Талас шаарынан башка жактарга негизинен сүт азыктары экспорттолот. “Талас-Сүт” жана “Өзөн-Ата”сыр комбинаты, EАЭБдин өндүрүлгөн азык-түлүктөрү менен Россия Федерациясына кирүү укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын ишканаларынын тизимдерине киргизилген.
Айыл чарба азык -түлүктөрүнүн негизги көлөмү:
2024-жылдын аягына карата облусубуздун чарбаларында 17834 гектар жерден дан өсүмдүктөрү жыйналып (жүгөрүнү кошкондо, дандык буурчактан тышкары) 2023-жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп жерден оруп жыйналган. Алсак, буудайдын 9590 гектары жыйналса (же 5,4 пайызга аз), арпанын – 4613 гектары (же 22,5 пайызга көп) жана дандык жүгөрү – 3629 гектар (1,8 пайызга аз) оруп жыйналган.
Дан буурчак өсүмдүктөрү 51297 гектардан жыйналып, же 2023-жылга салыштырмалуу 0,7 пайыз жерден аз жыйналган. Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү – 75,0 миң тоннаны түзүп (иштетилгенден кийинки салмакта), же өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8,7 пайызга көп болду. Орточо эсеп менен облус боюнча дан буурчак өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү гектарына 14,6 центнерди түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен 1,3 центнерге көп болду (иштетилгенден кийинки салмакта).
Жашылча өсүмдүктөрү негизинен Талас облусунун Манас районунда өстүрүлөт. Негизги керектөөчү болуп, Казакстандын Тараз шаары эсептелет.
8875 гектар жерден казылып алынган картошканын түшүмү 160,1 миң тонна болуп, 2023-жылга салыштырмалу 20,4 миң тоннага аз бастырылган (же 11,3 пайызга азайган), жашылча 4355 гектар жерден 92,2 миң тонна жыйналган, же өткөн жылга салыштырмалуу 4,3 миң тоннага аз жыйналган (же 4,5 пайызга азайган). Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 20,3 миң тонна жыйналды, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга аз жыйналды.
2024-жылдын январь-декабрь айларында малдан жана үй канаттууларынан 25,8 миң тонна эт өндүрүлүп (тирүүлөй салмакта), өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 100,6 пайызды түздү, 76,8 миң тонна сүт саалып алынды (100,1 пайыз) жана 22723,3 миң даана жумуртка же өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга көп жана 1,5 миң тонна жүн кыркылып алынды (100,3 пайыз түздү).
Өндүрүлгөн эттин жалпы көлөмүнүн ичинен (союлуучу салмакка айландырылганда) 45,0 % – уйдун этине, 42 – койдун, 10,9 – жылкынын, 0 – чочконун жана 1,6 % канаттуулардын этине туура келди.
Акыркы жылдардагы жумушсуздукту азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иш чараларга карабастан, жумушсуздардын саны 2023-жылдын 1-январына карата 721 адам болгон. 353 адамдын расмий жумушсуз статусу бар.
1.2.Өнөр жайы
2024-жылдын жыйынтыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрүнүн көлөмү Талас шаары боюнча энергетикасы менен 2251270,3 миң сомду түзүп, 163,4 %га аткарылды, ал эми өндүрүш көрсөткүчү энергетикасыз 822567,5 миң сомду түзүп, өсүү темпи 103,1 %ды түздү.
2024-жылда Талас шаарынын аймагында жеке ишкерлер тарабынан калкка кызмат көрсөтүү багытында жалпы 30 ишкана ачылып, 120 жумушчу орду түзүлдү.
1.3.Ресурстук фактор
2023-жылдын 1-январына карата Талас шаарында туруктуу калктын саны жалпы 41228 адамды түзөт. Алардын ичинен кыргыздар – 38 426 адам, орустар -1 611 адам, өзбектер- 383 адам, украиндер- 26 адам, немецтер -144 адам, татарлар -76 адам, казактар -192 адам, түрктөр - 167 адам, ал эми башка улуттан жалпы - 203 адамды түзөт.
Акыркы жылдары Талас шаарынын туруктуу жашоочуларына саны жыл сайын көбөйүүдө. Талас жашоочуларынын эмгекке жарамдуусу 2023-жылдын башына карата 25692 адамды, жалпы жашоочуларынын 62,3 %ын түзөт. Шаардын тургундарынын иш сектору өндүрүш болуп эсептелет, анда 22,4 % алектенет, айыл чарбасында 18,0 % тейлөө чөйрөсүндө - 12,7 %, соода-сатыкта - 11,8 %, транспортук тейлөөдө-3,4 %, курулушта -1,7% жана башка тармактарда - 40,1 % адамдар иштешет. Мындан башка экономиканы өнүктүрүүдө жеке ишкерлер катары 16 400 адам эмгектенет.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Талас шаарынын Б.Баатыр көчөсүндө жалпы 0,62 га жер аянтына көп батирлүү турак үйлөрдү курууга конкурс өткөрүлүп, конкурстун жыйынтыгы менен 105 сериясындагы пайдалуу аянты 5577 м2 түзгөн 3 турак үйүн курууга “ДСК-Азат“ ААКсы менен келишим түзүлүп курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
- Мындан тышкары “Талас жылуулук менен жабдуу” ишканасы тарабынан Талас шаарынын №2 орто мектебинин жанына кошумча откана курулууда. Бул отканага №2 орто мектебинин, Талас шаарынын мэриясынын жылытуу системасы кошулат.
- Донорлорду тартуу менен орто мектептердеги ажааткана абалдарын жаңы
стандартка жеткирүү каралган. Аны ишке ашыруу максатында, Жапон элчилиги тарабынан каралып жаткан гранттык конкурска катышууну уюштуруу менен 65,0 миң доллар көлөмүндөгү гранттык долбоорго жеңүүчү болуп, Талас шаарындагы №2 орто мектебинин сырткы ажаатканасын, тротуарын жаңы стандартка ылайык курууга жана мектептерге жаңы доскаларды алууга шарт түзүлдү. Аталган долбоордун негизинде келишимге кол коюлуп, иш жүрүп жатат.
- “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Талас шаарындагы «Тынчтык» конушунда жаңы окуу борборунун курулушуна капсула салынды. Аталган аймакта окуу борбору менен катар бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, ошондой эле дүкөн курулары күтүлүүдө.
- Бүгүнкү күндө аталган долбоорлорду толук кандуу ишке ашыруу жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аягына чыгаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле, долбоорлорду ишке ашырууну улантуу үчүн ишкерлер, инвесторлор менен мамилелерди бекемдеп, алардын коопсуздугуна жана тоскоолдуксуз иш алып барууларына шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
- Шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды улантуу.
- Талас облусунун аймагында жол куруудагы материалдарды алыстан ташууда ашыкча чыгымдардын болушуна бөгөт коюу жана Талас шаарынын аймагында жумуш орундарын түзүү максатында ири ишкана, заводдорду куруу.
- Талас облусунун аймагында курулуш жаатындагы ири ишканалардын жокко эсе болгондугуна байланыштуу жана Талас шаарынын аймагында жумуш орундарын түзүү максатында ири ишкана, заводдорду куруу.
2025-2026-жылдар аралыгында аткарыла турган долбоорлор
№ | Өнүгүү стратегиясынын багыты | Керектелүүчү каражат |
1 | Саркынды суу тутумдарын куруу жана саркынды суу кабыл алуучу жайын реконструкциялоо | “Талас шаарын таза суу жана саркынды суу тутумдары менен камсыздоо” долбоорунун II-фазасы менен ишке ашырылат. Көлөмү: 7 040 000 евро |
3 | Жөө адамдар өтүүчү тротуар куруу | 180,0 млн.сом |
4 | Түнкү жарыктандыруу орнотуу | 30,0 млн.сом |
8 | Асфальт бетон заводун куруу | 60,0 млн.сом |
9 | Темир бетон заводун куруу | 60,0 млн.сом |
10 | Таш майдалоочу заводун куруу | 30,0 млн.сом |
11 | Атайын техникаларды алуу | 144,0 млн.сом |
12 | Талас шаарынын чыгыш тарабына 224 орундуу мектеп куруу | 350,0 млн.сом |
13 | Талас шаарынын батыш тарабына автобазанын 3,0 га жер аянтына мектеп куруу | 350,0 млн.сом |
14 | Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн 1/1 “А” дарегине 5,04 жер аянтына жаңы заманбап стадионду куруу | 300,0 млн.сом |
15 | Талас шаарынын аэропортунун батыш тарабындагы жер тилкесине “Бала-Ленд” аталышындагы балдардын борборун куруу | 900,0 млн.сом |
16 | Талас шаарынын Бердике Баатыр жана А.Оторбаев көчөлөрүнө заманбап аялдамаларды Лед экрандары менен куруу | 10,0 млн.сом |
17 | Талас шаарындагы эски үйлөрдүн фасаддарынын көрүнүштөрүн жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу | 5,0 млн.сом |
18 | Талас шаарынын борбордук бөлүгүндө иш алып барышкан автоунаа токтоочу жайларды заманбап иштөөнүн электрондоштурулган системасына өткөрүү | Ижара жана МЖӨ (мамлекеттик жеке өнөктөштүк) |
19 | Асфальт бетон заводунун, Темир бетон заводунун жана Таш майдалоочу заводунун базасында Жол тейлөөчү ишканасын ачуу | 180,0 млн.сом |
20 | Борбордук базарды жана облустук автобекетти шаардын батыш тарабына көчүрүү | 600,0 млн.сом |
21 | “Жашыл Мурас” долбоорунун алкагында шаардын көчөлөрунө гүлдөрдүн жакшы сортторун отургузуу жана көрктөндүрүү | 50,0 млн.сом |
22 | Бердике Баатыр көчөсүнө саркынду сууларды чыгаруу тутумун куруу | 35,0 млн.сом |
| Жалпы жыйынтыгы | 3 млрд.284 млн.сом |
Талас шаарын 2026-жылга чейинки мезгилде өнүктүрүүгө жалпысынан 3 284 000 000 (үч миллиард эки жүз сексен төрт миллион) сом акча каражаты керектелет.
1.4.Унаа
2024-жылдын жыйынтыгы менен жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү 103868 миң жүр. км түзүп, 104,0 %га аткарылды.
Ал эми жүк ташуу көлөмү 38797,7 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 104,1 %ды түздү.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды улантуу;
- каттам таксилеринин айдоочуларынын пенсионерлер жана жеңилдик алуучу категориядагы жарандарды тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.
1.5.Соода жана кызматтар
Калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 16 650 902,8 миң сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 111,2 %ды түздү;
Чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 14 511 756,0 миң сомду түзүп, өсүү темпи 112,3 %ды түздү;
Талас шаарынын борбордук базарын ыңгайлаштыруу боюнча сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иш-чаралар улантылууда.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүсү;
- Талас шаарынын борбордук базарын ыңгайлуу аймакка көчүрүү.
1.6.Ишкердүүлүк
2024-жылы Талас шаары боюнча жалпы 30 орто жана чакан ишкана ишке киргизилген. Бул ишканалардын эсебинен жалпы 120 адамга жаңы жумушчу орун түзүлдү. Жеке ишкерлер тарабынан сарпталган жалпы инвестициянын көлөмү 97,1 млн. сомду түзгөн.
Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч боюнча жалпы 18 орто жана чакан ишкана ишке киргизилген. Аталган ишканаларда жалпы 167 адамга жаңы жумушчу орду түзүлүп, жеке ишкерлер тарабынан сарпталган жалпы инвестициянын көлөмү 114,6 млн. сомду түзгөн.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү боюнча ишти улантуу;
- “Талас ЖИА” бизнес ассоциациясы менен бизнес түзүү жана жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын толук көлөмдө камсыздоо боюнча иш-чараларды улантуу.
1.7.Талас шаарынын жергиликтүү бюджети
Мамлекеттик салык жыйымы 2024-жылдын 12 айында планда 552 206,7 миң сом каралса, аткарылышы 561 961,3 миң сом өлчөмүндө акча каражаты чогултулуп 101,8% ды түздү, башкача айтканда мамлекеттик бюджетке 9 754,6 миң сом көп түшкөн. Ал эми 2023-жылдын 12 айына салыштырмалуу 77 877,4 миң сомго көп чогулуп, өсүү темпи 116,1 % ды түздү.
Анын ичинен, жергиликтүү бюджет боюнча 2024-жылдын 12 айына карата берилген план тапшырма 237 721,0 миң сом болсо, аткарылганы 247 304,1 миң сом чогулуп, көрсөткүч 104,0%ды түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу, жергиликтүү бюджетке 31 833,1 миң сом көбүрөөк чогулуп, өсүү темпи 114,8 %ды түздү.
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жыл ичинде аткарылышы.
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы.
Киреше бөлүгү. 2024-жылдын 12 айына карата кирешелер боюнча план 581 263,2 миң сом болсо, ал эми аткарылганы 593 522,6 миң сомду түзүп, план 102,1%га аткарылды. Анын ичинен, атайын каражаттардан 33 519,4 миң сом түштү, ал эми республикалык бюджеттен 301 768,2 миң сом акча каражаты түшкөн. Талас шаарынын 2024-жылдын 12 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын планы 237 495 миң сом болсо, ал эми аткарылганы 246 926,3 миң сом болуп, план 104,0 %га аткарылды.
Чыгаша бөлүгү. 2024-жылдын 12 айына карата киреше булактарынын пландарына карата, чыгаша бөлүгүнүн такталган планы 649 928,4 миң сом болуп, кассалык чыгым 618 955,8 миң сомго аткарылып, план 95,2%га аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы:
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга план тапшырма 41 903,0 миң сом болсо, 37 648,6миң сомго аткарылып 89,8% түздү;
Коргонуу бөлүмүнө 2 084,2 миң сом бөлүнүп, план тапшырма 1 672,4 миң сомго аткарылып 80,2% түздү;
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө план боюнча 505 712,7 миң сом каралса, 487 552,1 миң сомго аткарылып 96,4% түздү;
Маданият бөлүмүнө 19 183,9 миң сом план тапшырма болсо, 18 605,6 миң сом бөлүнүп берилип 96,9% аткарылды;
Билим берүү бөлүмүнө план боюнча 80 259,6 миң сом каралып, 72 994,4 миң сом бөлүнүп 90,9% аткарылды;
Социалдык коргоо бөлүмү боюнча план 785,0 миң сомду түзсө, 482,7 миң сомго аткарылып 61,4% аткарылды.
1.8.Талас шаарынын калкын ичүүчу суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын куруу.
Талас шаарында “Таза Суу” муниципалдык ишканасы шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу менен алектенет. Ишканада 41 кызматкер эмгектенет. Ишкана чарбалык негизде иш алып барып келет. Ишкананын 2 даана экскаватор, 3 даана ассенизатор, 2 УАЗ, 1 даана оор жүк ташуучу техникасы бар.
К.Каимов жана Ж.Койчукулов көчөлөрүнө “Жергиликтүү демилгелер” долбоорунун алкагында жалпы суммасы 2 810,0 миң сомго узундугу 1500 метр аралыкка канализация жана таза суу системасы курулду. Анын ичинен 1 300,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ал эми 1 510,0 сом жергиликтүү калк тарабынан каржыланды.
2023-жылы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнөн 19 512 400 сом түшсө, 2024-жылы кызмат көрсөтүүдөн 28 086 100 сом түшүп, салыштырмалуу 8 573 700 сомго көбүрөөк чогулган. 2023-жылы дебитордук карыз 1 876 700 сом болсо, 2024-жылы 1 836 200 сом болуп, салыштырмалуу 7,6 %га азайган. Кредитордук карыздар 2023-жылы 1 162 000 сом болсо, 2024-жылы 1 155 600 сомду түзгөн.
2025-жылдын 1-январына карата “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын керектөөчүлөрүнүн саны
Таблица 1.
№ | Тармак аталышы | Кардар саны | Тургун саны мин.\адам |
1 | Көп кабатуу үйлөр канализациясы менен | 1920 | 3646 |
2 | Жеке турак үйлөр канализациясы менен | 745 | 2083 |
3 | Жеке турак үйлөр канализациясы жок | 2686 | 7590 |
| Бардыгы | 5351 | 13319 |
4 | Бюджеттик мекемелер | 61 | - |
5 | Өзүн-өзү каржылоочу мекемелер | 50 | - |
6 | Коммерциялык мекемелер | 325 | - |
| Бардыгы | 436 | - |
| Жалпы | 5787 | 13319 |
“Талас шаарынын таза суу жана саркынды сууну кабыл алуу түйүндөрүн жаңылантуу” долбоору белгиленген аяктоо мөнөтүндө 2024-жылдын 12 айына карата суу эсептегичтер жалпы 4000 даана орнотулду.
2023-жылы Талас шаарынын “Жаштык” конушун ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Ас-Сафа коомдук бирикмеси аркылуу 1400 метрге таза суу түтүктөрү орнотулган. “Жаштык” конушунда таза суу системасын ишке киргизүү максатында керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген
1 000 000 сом акча каржатына жана “Кызыл Ай” коомуна митигация боюнча долбоор жазылып 500 000 сом өлчөмүндө жардам катары акча кражаттары бөлүнүп, тийиштүү материалдар алынып жакынкы арада “Жаштык” конушунда таза суу системасынын курулушунун аягына чыгаруу иштери жүргүзүлөт.
Талас шаарында калктын саны жылдап өсүшү жана борбордук таза суу жана канализация системасына кошулгандардын көбөйүүсү менен башкы суу топтоочу жайдагы жана саркынды суу кабыл алуучу биопруддагы насостордун кубаттуулугун күчөтүү максатында 2023-жылдын июнь айында “Альянc-Алтын” өнүктүрүү фондуна 3 046 000 сомго долбоор сунушталган. Аталган акча каражатына кубаттуулугу 11,6 кВт канализациялык насос, кубаттуулугу 400кв көмөк чордон, токтон ажыратып кошуучу прибор, биопруддун тегерегин курчоо, жарыктандыруу жана көзөмөл камераларын орнотуу иштери аткарылат.
Талас облусунун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 4 900 000 сомго жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнгөн 4 450 000 сомго жалпы 9 350 000 сомго тендер жарыяланып жаңы экскаватор сатып алуу жүргүзүлөт. Экскаватор сатылып алынса “Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын ички көчөлөрүнө жергиликтүү тургундардын жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарына таза суу жана канализация системаларын куруу иштери жүргүзүлөт.
Европа реконструциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен “Талас шаарындагы таза суу жана канализация системасын реконструкциялоо” долбоору ишке ашырылып, долбоордун 1-фазасынын алкагында 2014-2023- жылдарда башкы суу топтолмо жайынын суу түтүктөрүнүнүн 21 км. жана саркынды суулар өтүүчү түтүктөрдүн 7,5 км. оңдоо иштери аткарылган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан долбоорду ишке ашырууга 5,0 млн.евро бөлүгөн.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан жалпысынан болжолдуу түрдө 7 094 590 евро бөлүнүшү күтүлүүдө. Бул саркынды суу тутумдарын жана саркынды суу кабыл алуу жайын реконструкциялоого каралмакчы;
- Талас шаарынын ички көчөлөрүнө ичүүчү таза суу тутумдарын киргизүү жана ошондой эле эски тутумдарды реабилитациялоо. Керектелүүчү каражат: 510,0 млн. сом;
- ичүүчү суу жана канализация тарифтерин карап чыгуу;
- Талас шаарынын Б.Баатыр көчөсүнө саркынды сууларды чыгаруу тутумун орнотуу;
- ишкананын дебитордук жана кредитордук карыздарын жоюу.
2.Шаарды абаттоо
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы шаарды абаттоо, турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу, тазалыкты камсыздоо, жолдорду оңдоп-түздөө, жолдордуу жууп тазалоо, жарыктандыруу жумуштарын аткарып келет. Аталган ишканага жергиликтүү бюджеттен 2024-жылга 49 129,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсе, 2023-жылга 74 856 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ишканада жалпы 93 кызматкер эмгектенет. Ишканада жалпы 15 даана техника анын ичинен 10 даанасы атайын техника: 1 даана грейдер, 1 даана каток, 1 даана погрузчик, 1 даана жол жуучу техника: 1 даана автовышка, 1 даана манипулятор, 1 даана экскаватор, 4 даана таштанды чыгаруучу техника, 2 даана жүк ташуучу ГАЗ 53 техникасы, 1 даана жүк ташуучу Мерседес-Бенц 711 (Гигант), 1 даана УТО-404 трактору бар. Техникалардын күйүүчү-майлоочу майларына 2024-жылы 5 866 000 сом акча каражаты сарпталган.
2024-жылы 1 891 912 миң сомго Ч. Айтматовдун эстелигинин постаменти оңдолуп, эстеликтин айланасы оңдоп түздөлдү.
“Альянс Алтын өнүктүрүү фонду” тарабынан Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясына Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата 3,0 млн.сом акча каражатына акындын айкели орнотулуп, эстеликтин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2024-жылы шаарды абаттоо багытында 2 416,6 миң сомго Ж.Турсалиев менен О.Өмүрбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверге темир тосмолор орнотулуп, сырдоо иштери жүргүзүлдү. К.Токтогулов менен А.Алымбеков көчөлөрүнүн кесилишине темир тосмолор орнотулду. К.Бакиров менен Д.Доолбеков көчөлөрүнүн кесилишине сквердин темир тосмосун курууга 222,20 миң сомго жана Ч.Сатаев менен О.Өмүрбеков көчөлөрүнүн кесилишине 286,78 миң сомго темир тосмолор, балдар ойноочу аянтчалар орнотулуп, сырдоо иштери жүргүзүлдү. Б.Баатыр менен Талас облустук оорукананын кесилишине 869,0 миң сомго скверге темир тосмолор орнотулуп, сырдоо иштери жүргүзүлдү. А.Огомбаев көчөсүнүн №111 көп кабаттуу үйүнүн короосуна 394,2 миң сомго балдар ойноочу аянтча жасалган. Ошондой эле, Үмөт Молдо менен К.Каимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар ойноочу аянтчага 200,0 миң сомго атайын жабдуулар орнотулган.
К.Нуржанов аллеясына 30 даана отургуч жана шаардын бардык орто мектептерине велостоянкалар даярдалып, орнотулуп сырдалды.
2024-жыл ичинде жаңы асфальтталган көчөлөргө жол белгилерин орнотуу, бордюр, лотокторду орнотуу, Ч.Айтматовдун айкелинин айланасын, Бердике Баатыр көчөсүндөгү фонтандын айланасын абаттоо иштери жүргүзүлөт. Таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо иштерин жүргүзүп туруу үчүн ишканага кошумча 1 даана бульдозер, ал эми жол жээгине төгүлгөн курулуш таштандыларын, кум, топурактарды тазалоого 1 даана экскаватор жана 20 тн. жүк ташуучу 1 даана техника керектелет. 2023-жылдын ичинде жол жээктерине төгүлгөн курулуш таштандыларын чыгарып тазалоо иштери жүрүүдө. 2025-жылы 3 393,8 миң сомго Талас шаарынын А.Огомбаев жана Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна балдар аянтчасын куруу иштери жүргүзүлөт.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Шаардын ирригация системасын калыбына келтирүү максатында лотокторду орнотуу;
- Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна балдар аянтчаларын куруу;
- Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы имаратын жана Талас шаарындагы мурдагы автобазанын аймагына балдар бакчасын куруу;
- Талас шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларындагы атайын техникалардын тартыштыгынан өз убагында иш алып барууда кыйынчылыктар жаралат. Андыктан шаар куруу, абаттоо иштерин аткарууга атайын техникалар менен камсыздалышы зарыл. Керектелүүчү каражат көлөмү: 144,0 млн сом.
- Жарыктандыруу мамыларын, шаар ичиндеги тосмолорду сырдоо.
2.1.Турмуш тиричилик таштандыларын чыгарууну камсыз кылуу
2024-жыл ичинде Талас шаары боюнча жалпы 3254 каттам же 13016 м3 таштанды чыгарылды. Талас шаарындагы турмуш-тиричилик калдыктарды график менен өз убагында тазаланып чыгарылып турат. Жалпы 102 каттам же 408 м3 мыйзамсыз төгүлгөн таштандылар чыгарылды. 162,0 миң сомго Талас шаарынын таштанды таштоочу жайын рекультивациялоо иштери жүргүзүлдү. 2023-жылы 2 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп бүгүнкү күндө таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо иштери жыйынтыкталды. К.Нуржанов аллеясына 30 даана таштанды таштоочу урналар орнотулду. Ошондой эле, ишкана тарабынан 64 мекемеге таштанды таштоочу урналар таратылып берилди.
“Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” каржылоосу жана ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 8 928,4 сомго эки даана таштанды ташуучу техникалары сатылып алынып, анын ичинен “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” тарабынан 5 728,412 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 200,0 миң сом акча каражаты каржыланды.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Таштанды таштоочу евроконтейнерлерди сатып алуу жана аларды орнотуу үчүн навестерди куруу;
- шаар тургундарынын таштандыга болгон төлөмдөрүн өндүрүү багытында иш алып баруу;
- адамдар көп жүргөн жерлерге таштанды таштоочу урналарды орнотуу;
- Талас шаарынын таштанды таштоочу жайын көчүрүү.
2.2. Шаарды жарыктандыруу
Талас шаарында жарык берүүчу прожекторлордун саны 3700 түзөт. Шаардын 95 % көчөлөрү жарыктандырылган. Быйылкы жылы 194 даана прожектор сатылып алынды. Прожекторлор орнотулгандан кийин шаардын 100 % көчөлөрү жарыктандырылат. Жарыктандырууга 2023-жылы жергиликтүү бюджеттен 2 569 392, 2024-жылы 1 574 370 сом акча каражаты сарпталган.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Жарык берүүчү прожекторлор утурумдук оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүү;
- Талас шаарынын ички көчөлөрүнүн 53 чакырымына 1333 түнкү жарыктандырууларын (1 чакырымга 25 мамыча, жарыктандыруусу менен) кайра орнотуу.
- Керектелүүчү каражат: 50,0 млн сом.
2.3.Жол коопсуздугун камсыздоо
Шаар ичинде жалпы14 светофор бар. 2024-жылы 1 698,5 миң сомго Ч.Сатаев менен Ч.Айтматов, Б.Баатыр менен А.Алымбеков көчөлөрүнүн кесилишине 2 даана жол чырактары орнотулган.
Талас шаарындагы борбордук жана ички көчөлөрүндөгү жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында 300 тонна кум, 5 тонна туз алынган. Шаар ичиндеги билим берүү мекемелеринин жанындагы жолдорго кар жааган күндөрү туз аралаш кум себилди.
165 060 сомго жалпы 70 даана, жол белгилери орнотулган. Анын ичинен 35 даана “Жол бер”, 4 даана “Абайлагыла балдар, 7 даана “Ылдамдыкты чектөө 40”, 10 даана “Башкы жол”, 10 даана “Жөө жүргүнчү” жол белгилери орнотулган.Ал эми Ч.Сатаев жана О.Турдалиев, Ү.Молдо жана О.Турдалиев көчөлөрүнүн кесилиштерине жалпысынан 40 метр жерге “Жасалма өткөөл” 280 000 сомго сатылып алынып орнотулган.
Талас шаарынын №1, №2, №3, №5, №6, №7 орто мектептердин, балдар жана кыздар лицейинин, бала-бакчалардын, борбордук аянттын алдын, борбордук базардын айланасын, жол чырактардын алдындагы жөө адамдар өтүүчү жолчолорду сырдоо иштери жүргүзүлүп жалпы 348 450 сом сарпталган.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлгөн көчөлөргө тийиштүү жол белгилерин орнотуу;
- автоунаа көп жүргөн жол жээктерине светофор орнотуу;
- кыш мезгилинде кар жааган күндөрү билим берүү мекемелеринин жанындагы жолдорго туз аралаш кумду убагында себүү.
2.4.Ички жолдорду, тротуарларды куруу жана тейлөө
Шаарды тейлеген негизги транспорттун түрү автомобилдик транспорт болуп эсептелет. Жолдун жалпы узундугу 153 км. түзөт, анын ичинен 10 км. республикалык маанидеги жолдор (Ч.Айтматов көчөсү), 143 км. муниципалдык жолдор. Шаар ичиндеги жолдордун 53 км. асфальт төшөлгөн. Ал эми калган жолдорго кум, шагыл төгүлүп тегизделген. Бүгүнкү күндө асфальт төшөлгөн көчөлөрдүн 38 км. кайрадан капиталдык ондоого муктаж.
2024-жылы Талас шаарынын 5 110 000 сомго узундугу 15 км, ал эми 2023-жылы 3 552 000 сомго 11 км ички көчөлөрүнө кум-шагыл төгүлүп тегизделди. Талас шаарынын борбордук көчөлөрүнө, тактап айтканда А.Оторбаев көчөсү, Ч.Сатаев көчөсүнөн Ү.Молдо көчөсүнө, Б.Баатыр көчөсү, К.Нуржанов аллеясынан Ж.Мырзалиев көчөсүнө чейин 449 992 сомго 203 м2 жерге чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлдү. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна 2 264,943 сомго 2230 м2 асфальт төшөлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Талас шаары боюнча 26,077 км аралыкты түзгөн 21 көчөнүн жолдоруна асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө долбоор сметалык иш кагаздар даярдалган. Аталган жол курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Талас шаарынын мэриясынын Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөттүү боюнча муниципалдык ишканасы менен 4 жол куруу компаниясы жана үч жол тейлөө ишканаларынын ортосунда келишимдер түзүлүп, жолдордун курулуш иштери 2023-жылдын август айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата Күрөңкеев к. 1611 м, К.Нуржанов аллеясы 781 м, А.Узакбаев к. 1107 м, Үсөнбаев к. 611 м, О.Турдалиев к. 557 м, Э.Мадиев к. 382 к. м, Токтогул к. 744 м, К.Жаманкулов к. 782 м, Ж.Турсалиев к. 1043 м., Ш.Шеркулов 552 м, О.Өмүрбеков 2500 м, Р.Жолдошев 1583 м, жалпы 10 көчөгө узундугу 10 км. жолго асфальт төшөлдү. А.Оторбаев к. 3442м. (туурасы 12 м.), К.Шопоков к. 508 м, О.Турдалиев к. 2311м, Б.Сарногоев к. 1037 м, Өмүрбеков к. 508 м жолго асфальт төшөөгө даярдалды. Жолдорду капиталдык оңдоо иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен аткарылууда.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Шаардын кум-шагыл төгүлө элек көчөлөрүнө толугу менен кум-шагыл төгүп тегиздөө;
- кум-шагыл төгүлгөн бардык ички жолдорду кайрадан тегиздөө;
- жолдорду жамоо иштерин жүргүзүү;
- шаардын ички көчөлөрүнө 40,0 чакырым аралыкка тротуар куруу зарылчылыгы турат. Керектелүүчү каражат: 120,0 млн.сом;
2.5.Эс алуучу жайларды, парктарды, скверлерди куруу
Талас шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 4 га түзгөн жалгыз гана парк иштеп келет. Шаар калкын тейлөөдө айрыкча майрам учурунда элдин саны көп болгондуктан паркта эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратып келет. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-январындагы “2024-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ №17 Жарлыгын ишке ашыруу жана “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Талас шаарынын жашоочуларына, конокторуна эс алууларына шарт түзүү максатында 2024-жылы Талас шаарынын О.Шамбетов көчөсүнө (Талас шаарынын түштүк тарабына) жалпы аянты 6,5 га түзгөн жер аянтына “Жениш” паркынын курулуш иштери башталып, парктын тегерегине тосмо куруу жана веложолу курулган. 2023-жылы “Жениш” паркынын курулушуна Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 10 000,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 26 118,2 миң сом бөлүнгөн. Долбоорду аяктоо 2023-жылдын 4-кварталына каралган.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Шаар калкынын эс алуусуна шарт түзүү максатында парктарды, скверлерди куруу;
- шаар тургундарынын эс алуусуна шарт түзүү, парктардын, скверлердин ар дайым тазалыгын камсыз кылуу. К.Нуржанов аллеясын реконструкциялоо иштерин жүргүзүү;
- Талас шаарындагы “Жеңиш” паркынын реконструкциялоо иштерин жүргүзүү;
- Шаардын борборунда жайгашкан 4,0 га жер тилкесиндеги парк аянты 1995-жылы курулган болсо, бүгүнкү күнгө чейин утурумдук оңдоп-түзөөгө гана киргизилген. Капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Керектелүүчү каражат: 80,0 млн сом.
3.Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы
2024-жылга план тапшырма 6 500,0 миң сом болсо 12 айында пландын аткарылышы 6 946,3 миң сомду түзүп, план 106,9 %га аткарылган. Турак жай эмес объектилердин ижара акысынан план тапшырмасы 181,8 миң сом болсо, аткарылышы 258,0 миң сомду түзүп, план 141,9 %га аткарылган.
2024-жылы жер сатууда жалпысы 4 аукцион өткөрүлүп 1 575,13 кв.м жер аянты 779 134 сомго сатылган. 6 жаранга жалпысынан 48 738,7 кв.м. жер аянттары ар кандай максатта пайдалануу үчүн конкурстун негизинде ижарага берилди.
Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына буйрутмалар берилип, 2024-жылдын 12 айына 775 022,5 сомго 48 жер тандоо акты, 5 долбоорду макулдашуу, 4 архитектуралык шаар куруу корутундусу, 13 архитектуралык-техникалык корутунду, 3 корутунду, 4 долбоор даярдалды.
“Кадастр” мамлекеттик мекемесине буйрутмалар берилип, 2024-жылдын 12 айында 264,9 миң сомго 34 мамлекеттик акт алынды, 4 мамлекеттик актынын менчик укугу токтотулду, 20 корутунду даярдалды.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
“Оймо Биллинг” электрондук бирдиктүү базасы менен иштөөнү камсыз кылуу. Муниципалдык менчик обьектилерди, жерлерди алган ижарачылардын арыздарын башкаруу, төлөм жана карыз аналитикасы, документтерди генерациялоо (эсептер, актылар келишимдер), ижарачылардын жайгашкан жеринин картасы, ижарачылардан төлөмдөрдү кабыл алууну автоматташтыруу;
такси кызматын көрсөткөн транспорт каражаттарынын орундарын жана унаа токтоочу жайларын аныктап ишке киргизүү;
борбордук базардын тегерегин иретке келтирүү максатында акы төлөөчү муниципалдык парковкалардын иштешин камсыздоо.
3.1.Шаар калкын жылуулук менен камсыздоо
Талас жылуулук менен жабдуу ишканасынын филиалы көп кабаттуу үйлөргө, бюджеттик жана жеке менчик мекеме, ишканаларды жылуулук менен камсыз кылып келет. Ишканада жалпы 6 откана бар, анын ичинен 1 откана мазут отуну менен 5 откана көмүр отундары менен иштетилет. Жер астындагы иштеп турган түтүкчөлөрдүн жалпы (эки тараптуу эсептөөдө) узундугу 8779,60 метрди түзөт.
Ишкананын 2023-жылдын 12 айына карата дебитордук карызы 9298,70 миң сом болсо 2024-жылдын 12 айына карата 9 317,14 миң сомду түзүп, салыштырмалуу айырмасы 0,29 %га көбөйгөн. Дебитордук карыздар: калктыкы 6120, 87 миң сом, коммерциялык мекемелердики 1729,42 миң сом, бюджеттик мекемелердики 1466,85 миң сом, бюджеттик мекемелердики 200,16 миң сомду түзөт.
Отканалар жалпысынан 1 316 кардарды толук жана толук эмес жылуулук менен камсыздайт. Анын ичинен 1 219 керектөөчүгө толугу менен жылуулук берилет, толугу менен жылуулук алган 1 162 калк керектөөчүлөрдү, толугу менен жылуулук алган 11 бюджеттик мекемелер 86 коммерциялык мекеме-уюмдарды жылуулук менен камсыздалат.
Талас шаарында жылуулук берүү 2024-жылдын 1-ноябрында башталып, 2023-жылдын 22 мартында токтотулган. 2024-2023-жж. күз-кыш мезгили 142 күнгө созулду. 2023-2024-жж. күз-кыш мезгилинен үзгүлтүксүз чыгуу үчүн 2042,66 тонна мазут жана 1879,27 тонна көмүр отуну каралган. Бирок, 2024-2023-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилинен 528,10 тонна мазут жана 660,33 тонна көмүр отун калдыктары калган. Ал эми 2023-2024-жылдарга керектелүүчү отундарга “Кыргызжылуулукэнерго” МИ тарабынан 1 520 тонна мазут жана 1268,60 тонна көмүр отундарын ташууга мамлекеттик сатып алуулардын негизинде иш жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 2023-2024-жж. күз-кыш мезгилине даярдык иштери башталып, отканаларда даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата оңдоп-түздөө иштерине баардыгы болуп 8393,40 миң сом каражат каралса, анын ичинен 1615,10 миң сом оңдоп-түздөө иштерине, 717,80 миң сом техникалык тейлөөгө жана 6060,50 миң сом капиталдык салымдарга каралган.
Талас шаарынын мэриясынын демилгеси менен “Кыргызжылуулукэнерго” МИнын колдоосунда шаардын борбордук бөлүгүнө №7 откана куруу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган откананын пайдубалы тургузулуп, дубалын тургузуу иштери башталууда. Аталган отканага Талас шаарынын №2 орто мектебин, Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектебин жана Талас шаарынын мэриясынин имараты кошулат.
2024-2023-жж. күз-кыш мезгилине карата Талас шаарындагы №1 орто мектебин жана №3 “Солнышко”, №6 “Теремок” балдар бакчаларын борбордук жылуулук системасына кошуу иштери жүргүзүлүп 2 114,48 миң сом сарпталган.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- 30 жылдан ашуун иштеп келе жаткан отканалардагы отказандарын, жылуулук түтүкчөлөрүн, батир ичиндеги жылуулук шаймандарын, жылуулук кудукчаларын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү же болбосо кайрадан алмаштыруу;
- кондоминимумдардын өкүлдөрү, домкомдор жана жашоочулар менен бирдикте үй ичиндеги түтүкчөлөрү боюнча толук жана кезектеги ондоо иштерин жүргүзүү. Подвалдарын тазалап, жарык киргизип, тешиктерди бүтөп, үйлөрдүн подъездерине эшик, терезе салдыруу;
- калкты жылуулук менен камсыз кылуу жана аварияларды өз убагында жоюу багытында иштерди алып баруу.
- Ишкананын дебитордук карыздарын жоюу.
3.2.Талас шаарын жашылдандыруу
Талас шаарын жашылдандыруу иштерин “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы жүргүзүп келет. Ишканада 29 кызматкер эмгектенет. “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасына 1 трактор, жук ташуучу 1 ГАЗ-53, 1 даана жүк ташуучу Мерседес-Бенц-711 (Гигант), суу ташуучу техника КАМАЗ МД-253 техника. 1 экскаватор, 1 автовышка, 1 даана жүк ташуучу техникалары керектелет.
Талас шаарын жашылдандыруу максатында 2024-жылы 10 721 даана, 2023-жылы 3006 даана ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган. Талас шаарында ирригация системасын жакшыртуу милдеттери турат. Себеби, арыктардын деңгээли көчөттөр отургузулган жер тилкесинен арык төмөн болгондуктан, сугат иштеринде көп тоскоолдук жаратат. Ошол себептен жаңы технологиялык суу арыктары, конструкцияларды орнотуу зарыл. 2023-2025 жылдын аралыгына биз Талас шаарынын ички жана борбордук көчөлөрүн суугат суу менен камсыздоодо арыктарды шаардын түштүк тарабындагы чоң каналдан суу алуу зарылчылыгы бар. Ошондой эле Талас шаарына тиешелүү токой чарбасы жалпы аянтты 64 гектар жер тилкеси 2024-2025 жыл аралыгында ирригация жана саночистка тазалоо иштерин жүргүзүү биздин түздөн түз бир максатыбыз. Акыркы жылдарда шаар ичинде жашыл аймактар азайып кеткендигин байкасак болот. 2024-2026-жылдар аралыгында шаар аймагында жазы-жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу пландалууда. Себеби 2023-жылга карата бак-дарактарды саноодо (инвентаризация) шаарыбызда болгону 12 000 ар кандай бак дарактар бар экендиги аныкталган. Ар бир жан башына шаар аймактарында 85м2 жашыл аймак болуусу тийиш. “Талас жашыл чарба муниципалдык” ишканасында 30 кызматкер эмгектенет. Кызматкерлердин аздыгынан жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө шаарды толук камтый албай келет. Шаардын жашылдандыруу аймагын кеңейтүү толук кандуу иш алып баруу максатында ишкананын кызматкерлеринин санын көбөйтүү пландалууда. “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы шаарды толук тейлөө үчүн жалпы аянты 8 гектар жер тилкесин питомник кылуу, шаар ичиндеги парк, сквер, аллея көп кабаттуу үйлөр жана көчөлөрдү гүлдөр менен кооздоо, ишканага жаңы имарат, күнөскана куруу иштери башкы максатыбыз.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Талас шаарынын аймагындагы борбордук жана ички көчөлөрдү жашылдандыруу;
- Талас шаарынын Б.Баатыр көчөсүнө көп жылдык туяларды отургузуу.
3.3.Талас шаарынын муниципалдык ишканаларын оптимизациялоо
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы бүгүнкү күндө шаарды абаттоо, тазалыгын камсыздоо, турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу, жолдорду оңдоо, жарыктандыруу иштерин алып барууда. Аталган иштерди алып барууда эффективдүү башкаруу системасын түзүү максатында 2025-жылы ишкананы шаарды абаттоо иштерин жүргүзүүчү ишкана жана тазалыкты камсыз кылган ишкана кылып бөлүү. Аталган ишканаларга керектелүүчү атайын техникаларды сатып алуу менен материалдык базасын чыңдоо.
3.4.Талас шаарындагы “Талас” аэропортунун курулуш иштери
“Талас” аэропорту Талас шаарынын борборунан 500м түштүк тарабында, деңиз деңгээлинен 1266м бийиктикте жайгашкан. “Талас” аэропорту Ан-24, Як-40 жана төмөнкү класстагы аба кемелерин пайдалануу максатында долбоорлонуп, курулуп, 1979-жылы пайдаланууга берилген. “Талас” аэродрому “3С2” классындагы аэродромдорго кирет (ИКАО нормалары). Аэропорт пайдаланууга берилгенден бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Аэропорт күндүз гана учууларды аткарууга арналган. “Талас” аэродромунун шайкештик сертификатынын мөөнөтү 15.09.2013-жылы аяктаган.
2019-жылдын IV-кварталында “Манас Эл Аралык Аэропорту” ААКнын тарабынан аэропорттун аймагынын периметри боюнча узундугу 6090 метр, бийиктиги 2,4 метр тосмо орнотулган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, “Манас Эл Аралык Аэропорту” ААКу тарабынан “Талас” аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында “Талас” аэропортунун аэровокзалын демонтаждоо иштерин жүргүзүп, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө. Аэровокзалдын аянты 662,60 м2 түзөт. Аэровокзалдын имараты саатына 100 жүргүнчү кабыл алууга ылайыкталган.
2023-жылдын 24-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалы тарабынан аэродромду курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. “Талас” аэропортундагы курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында аяктап, пайдаланууга берилди. “Талас” аэропортунун пайдаланууга берилиши Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. Себеби, шаар тургундарынын башка облустар менен болгон каттамы жеңилдейт. Аба каттамдарын өнүктүрүү туризм чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат.
3.5.Талас шаардык ички иштер бөлүмү
2024-жылдын 12 айында Талас шаары боюнча автоматташтырылган маалымат системасына 2 221 маалымат катталып, анын 1 690 билдирүүсү кылмыштын белгилери болбогондуктан иш козгоодон баш тартылган, анын ичинен бузуулар реестрине 681 материал жөнөтүлгөн, башка райондорго 123 берилип, 266 материал бириктирилген. Ал эми, КБРге 216 материал катталып, кылмыш иши козголгон. Жалпысынан 33 реабилитациялоочу, 99 реабилитацияга жатпаган негиздер менен кыскартылган. Быйылкы жылда өндүрүштө 211 кылмыш иши болуп, анын 190 бети ачылып 90 %ды түзгөн жана жалпы өндүрүштө 21 кылмыш иши калган.
Кылмыш иликтөө багытында 2024-жылдын 12 айында 158 кылмыш иши өндүрүштө болуп, анын ичинен 132 бети ачылып, кылмыштын ачылышы 83,5 %ды түзгөн. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар 9 факты катталып, 8 бети ачылган 88,9 %ды түзгөн. Өзгөчө оор кылмыштар 3 факты катталып, 3 бети ачылган 100 %ды түзгөн. Адам өлтүрүү боюнча 3 факты катталып, 3 бети ачылып 100 %ды түзгөн. Тоноочулук боюнча 12 факты катталып, 12 бети ачылган 100 %ды түзгөн. Каракчылык боюнча 1 факты катталып, 1 бети ачылып 100 %ды түзгөн. Никеге туруу максатында ала качуу боюнча 2 факты катталып, 2 бети ачылып 100 %ды түзгөн. Бейбаштык боюнча 4 факты катталып, 4 бети ачылып 100 %ды түзгөн. Зордуктоо боюнча 2 факты катталып, 2 бети ачылып 100 %ды түзгөн.
Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер, бир факты катталып, жоопко тартылуучу адамдар аныкталбагандыктан тергөөсү токтотулган.
Алдамчылык боюнча шаар аймагында 2024-жылдын 12 айында 25 факты катталып, 22 бети ачылып 84,6 %ды түзгөн.
Уурулук боюнча Талас шаарынын аймагында 102 кылмыш иши болуп, анын ичинен 87 бети ачылып 85,3 %ды түзгөн.
Ал эми үй ичинде болгон уурулук боюнча 2024-жылдын 12 айында 22 кылмыш иши болуп, 14 фактысынын бети ачылып 63,6 %ды түзгөн.
Мал уурулук боюнча 2024-жылдын 12 айында 1 факты катталып, 1 фактынын бети ачылып 100 %ды түзгөн.
Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү багытында 2024-жылдын 12 айында 6 банги затка байланышкан кылмыш иши катталып 4 соттук кароого жөнөтүлүп, 2 кылмыш иши кыскартылган. Баардыгы болуп (832,217) грамм баңги заты алынган.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызмат багытында 2024-жылдын 12 айында коомчулук, мектеп жана жогорку окуу жайларда 13 жолу жолугушуу болгон, улуттар аралык жанжалдарды алдын алуу максатында 3 жолу маалымдоо алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Коомдук - саясий абалды көзөмөлдөөдө 12 айда шаар аймагында 4 жолу митингдер жана нааразычылык акциялары катталган.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Жасалган кылмыш иштерин ачууда жана аныктоодо иликтөө жана ыкчам топторунун иштерин жандандыруу;
- коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ишти күчөтүү;
- шаар аймагында кылмыштуулукту алдын алуу максатында мекеме, ишканалардын жана ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна сырткы видео байкоо системасын орнотуу;
- балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча ишти күчөтүү;
- жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча ишти жандандыруу;
- укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана ушул максатта үгүттөө жана үйрөтүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү;
- окуу жайлардын, уюмдардын, мекемелердин жамааттары аркылуу коомдо сабырдуулукту тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу;
- улутчулдук көрүнүштөрдүн жана мүмкүндүү терроризм актыларын алдын алуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу.
3.6.Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Талас шаары боюнча бөлүмү
Жарандык коргонуу жаатында 2024-жылдын 12 ай ичинде Талас шаардык Жарандык коргонуунун башчылары тарабынан бекитилген даярдык планынын негизинде жалпы 2024-жылдын 12 айына карата 21 машыгуу, окуу жана комплекстүү текшерүүлөр каралган жана иш-мерчемде каралган окутуу-машыгуулар убагында өткөрүлдү. Алар 1 команда-штабдык машыгуу, 2 штабдык машыгуу, 1 штабдык окуу, 5 комплекстүү текшерүү, 7 атайын тактикалык машыгуу, 5 объекттик машыгуу өткөрүлдү.
Талас шаарынын аймагында 2024-жылдын 12 айында катталган өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыктарынын саны:
- өрт кырсыктарынын саны: 23;
- материалдык чыгым: 1 676 076 сом;
- сакталып калган материалдык баалуулуктар: 42 550 000 сом;
- сууга чөккөн адамдардын саны: 2 адам;
Суу объекттериндесуудагы кырсыктарды алдын алуу, жайкы сууга түшүү туристтик мезгилин уюштуруу жана өткөрүү, жергиликтүү калкты сууда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча жана жайкы сууга түшүү мезгилинде жарандардын өлүмүнө жол бербөө, максатында 10 эскертме тактача, 50 даана китепче, 3 даана баннерлер илинген. Жай мезгилинде ар жума сайын жергиликтүү бийлик жана ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сууга түшүү коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепетин жоюу боюнча иш-чараларды улантуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторингди туруктуу негизде жүргүзүү;
- Талас шаарынын 70 % саздак жерде жайгашкандыктан жана жабык дренаждардын
- жараксыз абалга келгендигине байланыштуу, шаардын коопсуздугун камсыздоо багытында дренаж куруу маселеси турат. Керектелүүчү каражат: 50,0 млн сом;
- калкка өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жаралган кездеринде ошондой эле өрт чыккан учурда алдын ала аракеттенүү боюнча маалымат берүү иштерин күчөтүү.
3.7.Билим берүү тармагы
Талас шаарында жалпы 9 орто мектеп, 1 лицей-комплекси бар, 10 балдар бакчалары бар. 2024-2023-окуу жылына карата шаар боюнча окуучулардын саны 8951 түзөт, ал эми лицей-комплексте 343 окуучу билим алат. Мектепке даярдоо программасы боюнча ачылган класстар 16, анда 395 бала мектепке даярдоо программасы менен билим алышат. Балдар бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын саны 2075 түзөт.
2024-жыл ичинде дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 13 326 300 миң сомго 4 долбоор ишке ашырылган. Анын ичинен 3 448 019 сомго №7 орто мектебинин сырткы эшиктери, айнектери жана чатыры алмаштырылды. 5 429 200 сомго №3 мектеп гимназиясынын сырткы эшиктери, айнектери жана чатыры алмаштырылды.
2023-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 2 089 834 сомго Талас шаарындагы №2 орто мектебинин эшиктерин алмаштыруу жана брусчатка төшөө, 3 486 018 сомго Талас шаарындагы №7 орто мектебинин окуу корпустарын оңдоо жана брусчатка төшөө иштери жүргүзүлөт.
2024-жылы “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен Талас шаарынын Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебине 350 орундуу кошумча имараты курулуп, ишке берилди. Бүгүнкү күндө аталган коомдук бирикменин демөөрчүлүгү менен Талас шаарынын №7 орто мектебине 250 орундуу кошумча имараты курулууда.
“Катар кайрымдуулук” уюмунун каржылоосу менен Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсү №1/14 дарегинде маалымат технологиялар мектебинин курулуш иштери ушул жылдын август айында аяктайт.
“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен 8 500 000 сомго Талас шаарынын “Тынчтык” конушунда, А.Оторбаев көчөсү 370а дарегине социалдык объектилердин (окуу борбор, ФАП, бала бакча, дүкөн) курулуш иштери жүрүүдө.
Талас шаарындагы жалпы 9 орто мектептин, 3 орто мектебинде окуу орус тилинде жүргүзүлөт. Калган 7 орто мектепте окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Шаар боюнча жалпы окуучулардын саны 8845 болсо, орус тилдүү мектептердеги окуучулардын саны 4129. Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинин долбоор боюнча сыйымдуулугу 920 орун, бүгүнкү күндө 2016 окуучу билим алат. К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин долбоор боюнча сыйымдуулугу 420 орун, бүгүнкү күндө 1249 окуучу билим алат. Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектебинин долбоор боюнча сыйымдуулугу 350 орун, бүгүнкү күндө 864 окуучу билим алат. Жогорудагы маалыматтарга ылайык, Талас шаарында окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектептерге болгон талап жогору. Россия Федерациясы тарабынан окуу орус тилинде жүргүзүлүүчү биргелешкен 1200 орундуу мектеби Талас шаарына куруу пландалган.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
- Дем берүүчү гранттардын эсебинен Талас шаарындагы орто мектептердин жана балдар бакчаларынын имараттарын ж.б. муниципалдык менчиктеги оңдоого муктаж болгон имараттарды оңдоо боюнча долбоорлор сунушталат.
- Талас шаарындагы муниципалдык социалдык объектилер (мектеп, бала бакча) бүгүнкү күнгө чейин утурумдук оңдоп-түзөө иштери гана жүргүзүлгөндүктөн, учурда капиталдык оңдоп-түзөөгө 12 объект жана авариялык абалга жеткен 5 объект (2 мектеп, 3 бала бакча) кайра курууга муктаж. Керектелүүчү каражат: 12 объектинин капиталдык ремонтуна 240,0 млн сом, ал эми 5 объектинин кайра курулушуна – 550,0 млн сом (2 мектеп курулушу – 270,0 млн сом , 3 бала бакча курулушу – 280,0 млн сом).
3.8.Спорт тармагы
2024-жылы Талас шаарындагы спорт мектептерин ишин оптимизациялоо максатында Талас шаардык спорттук мектеби (“Газпром”) жоюлуп, анын имаратына Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектеби көчүрүлдү. Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектебинин мурдагы имаратына (К.Нуржанов аллеясы 16 дарегинде жайгашкан) Талас шаардык өспүрүм балдардын күрөш боюнча спорттук мектеби көчүрүлдү. 2024-жылы өрт кырсыгынан улам жараксыз абалга келген Талас шаардык күрөш балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин имараты “Альянс Алтын өнүктүрүү фонду” тарабынан 5 214,3 миң сом бөлүнүп капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, ал жакка бокс секциясы ачылды.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында 3 спорттук мектеби өспүрүм балдарды окутуп, тарбиялоодо.Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби, Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектеби, Талас шаардык футбол боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби.
2024-жыл ичинде дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 3 268 170 сомго Талас шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жыгач полу резиналуу полго алмаштырылган. 2023-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 3 244, 4 миң сомго Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунун отургучтарын алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 15 000,0 миң сомго стадиондун чуркоочу жолун оңдоо иштери жүрүүдө.
3.9.Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби
Бүгүнкү күндө спорттук мектепте 362 балдар жана кыздар машыгууда. Бул окуучуларды тарбиялоодо 12 машыктыруучу күрөштүн үч түрүнөн грек-римдик, эркин жана кыздардын күрөшү боюнча эмгектенет.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жана спортчулардын ийгилиги. Спорт мектебинин спортчулары жыл ичинде 11 эл аралык турнир жана мелдештерге катышкан. Жалпы катышкан спорчулардын саны 101, анын ичинде 7 жолу 1-орунду, 6 жолу 2-орунду жана 14 жолу 3-орунду ээлеп ийгиликтерге жетишкен. Республикалык деңгээлде 6 чемпионат жана башка мелдештерге 56 спортчулар катышып 3 жолу 1-орунду, 7 жолу 2-орунду жана 8 жолу 3-орунду ээлеген.
Облустук деңгээлде 5 мелдеш уюштурулуп, 131 спортчу катышкан. Алар 11 жолу 1-орунду, 11 жолу 2-орунду жана 16 жолу 3-орунду ээлеген.
Спорт мектеби 3 ирет жергиликтүү мелдештерди өткөргөн жана ал иш-чараларга 241 спортчу катышкан.
Бүгүнкү күндө мектептин 31 окуучусу Бишкек шаарындагы республикалык спорттук колледжинде (РСК) ал эми 9 окуучубуз борбордук олимпиада борборунда машыгып, Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү болууга жетишкен.
Иштериндеги ийгиликтери үчүн мектептин директору Суйналиев Таалайбек жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Эсенбаев Бекжан Талас шаарынын ардактуу атуулу, 2 машыктыруучу Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер наамына ээ болушту.
2024-жыл ичинде күрөш спорт мектеби башка имаратка көчүп, бүгүнкү күндө оңдоо иштери аяктап, балдарга заманбап шарттар түзүлгөн.
4.Талас шаардык өспүрүм балдар спорт мектеби
Талас шаардык ӨБСМинде бүгүнкү күндө 706 спортчу машыгууда, аларга 18 машыктыруучу спорттун 9 түрүнөн сабак берет.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жана спортчулардын ийгилиги. Спорт мектебинин спортчулары жыл ичинде 30 эл аралык турнир жана мелдештерге катышкан. Жалпы катышкан спорчулардын саны 244, анын ичинде 5 жолу 1-орунду, 13 жолу 2-орунду жана 10 жолу 3-орунду ээлеп ийгиликтерге жетишкен. Республикалык деңгээлде 6 чемпионат жана башка мелдештерге 261 спортчулар катышып 3 жолу 1-орунду 5 жолу 2-орунду жана 5 жолу 3-орунду ээлеген. Облустук деңгээлде 5 мелдештер уюштурулуп 131 спортчулар катышкан. Алар 1 жолу 1-орунду жана 3 жолу 3-орунду ээлеген. 3-чейрек ичинде шаардык спорт мектеби “Газпром” имаратына көчүрүлгөн.
4.1.Талас шаардык футбол боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби
Бүгүнкү күндө аталган спорттук мектепте жалпысынан 435 балдар жана кыздар машыгууда. Бул окуучуларды тарбиялоодо 10 машыктыруучу эмгектенет.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жана спортчулардын ийгилиги. Спорт мектебинин спортчулары жыл ичинде 3 эл аралык турнир жана мелдештерге катышкан. Катышкан спорчулардын саны 140, анын ичинде 1 жолу I-орунду жана 4 жолу II-орунду ээлеп ийгиликтерге жетишкен. Республикалык деңгээлде 14 чемпионат жана башка мелдештерге 730 спортчулар катышып 2 жолу I-орунду, 1 жолу II-орунду жана 6 жолу III-орунду ээлеген. Облустук деңгээлде 4 мелдештер уюштурулуп 160 спортчулар катышкан. Алардын ичинде 5 жолу I-орунду ээлеп ийгиликтерге жетишкен.
Спорт мектеби 1 ирет кыздар арасында жергиликтүү мелдеш өткөргөн жана ал иш- чараларга 100 спортчулар катышып Талас спортчулары II-орунду ээлеген.
2025-жылы спорт тармагын өнүктүрүү багытында төмөндөгү
долбоорлорду ишке ашыруу милдети коюлат:
- Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн 1/1”А” дарегиндеги 5,04 га жер тилкесине жаңы заманбап стадионду куруу;
- калк арасында кайрадан жанданып келе жаткан улуттук спорт оюндарынын түрүн өнүктүрүү (чүкө, ордо, тогуз коргоол, көкбөрү ж.б.);
- шаар мекемелеринин, шаар жаштарынын жана мектеп окуучуларынын арасында спорттук мелдештерди өткөрүүнүн критерийлерин иштеп чыгуу, ишке ашыруу;
- спорт оюндарынын кээ бир түрлөрү боюнча Талас шаарынын курама командаларын түзүү, алардын машыгууларына шарт түзүү;
- мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүү жана алардын республикалык, эл аралык мелдештерге чыгуусуна өбөлгө түзүү;
- республика жана эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга жана машыктыруучуларга дем берүүчү сый акыларды кароонун критерийлерин иштеп чыгуу.
4.2.Жаштар саясатын жүргүзүү
Жаштардын потенциалын жогорулатуу багытында шаардык жаштардын борборун түзүү. Жаштар борборлорунун базасында аймактагы жаштар ыктыярчылардын кыймылын өнүктүрүү керек. Таланттуу жаштар арасында конкурстарды өткөрүү (маалыматтык же изилдөөчүлүк долбоорлор, олимпиадалар, техникалык чыгармачылык). Жаштар арасында патриоттук сезимдерди ойготуу багытында маанилүү даталарга арналган (ак калпак күнүнө, эгемендүүлүк күнүнө, жаштар күнүнө ж.б иш-чараларды өткөрүү. Жаштардын ишкердүүлүгүн колдоо, кошумча жумуш орундарын түзүү менен жарандарга өз бизнесин ачууга колдоо көрсөтүү. Жаштар демилгелерин колдоо боюнча меценанттык институтту өнүктүрүү менен жаштарды иш менен камсыз кылуу.
Талас шаарынын жаштар кеңешин түзүү менен Талас шаарынын аймагынан жаштарга имарат курууга жер тилкесин бөлүп берүү жана имараттын курулушуна Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан акча каражатын бөлдүрүп берүү.
4.3.Саламаттыкты сактоо тармагы
Талас олбустук үй-бүлөлүк медицина борборунда дарыгерлер 63% га камсыз, дагы 25 дарыгерлер жетишсиз: инфекционист, офтольмолог, подросковый врач, эндоскопист, травмотолог, окулист, уролог, акушер-гинеколог, 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз, ал эми орто билимдүү мээрман, фельдшерлер 100% га камсыз.
Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсү №220 дарегине медициналык борбору курулуп ишке берилди. 2024-жылы дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен 1 180 900 сомго Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун сырткы эшиктери, айнектери алмаштырылды.
Талас шаарынын медициналык каттоодогу калктын саны 40 718 (2023-жылы 39 116 болгон), анын ичинен медициналык камсыздандырылган адамдар – 30 817 (2023-жылы 29 826 болгон). Үй-бүлөлүк медицина борборуна жыл ичинде 32 085 адам кайрылып катталган (2023-жылы 20 613 кайрылган), оорулары боюнча кайрылгандардын саны 22 200 (2023-жылы 13 613 болгон), ал эми ооруканага жөнөтүлгөндөр 435 (2023-жылы 167 болгон). Флюрографиялык аппаратка жыл ичинде 6225 адам түшкөн. Профилактикалык кароодон рентген аппараты аркылуу 853 адам түшкөн, электрокардиограмма аппаратына 4151 адам тартылган. 2024-жылы 155 адам каза болгон (2023-жылы 170 адам каза болгон), бир жашка чейинки – 17 бала төрөт үйүндө каза болгон (2023-жылы 17). Төрөлгөн балдардын саны жыл ичинде – 710 бала, (2023-жылы 799 бала төрөлгөн), 2024-жылы энелердин өлүмү катталган жок.
Талас олбустук үй-бүлөлүк медицина борборунда дарыгерлер 63 %, орто билимдүү мээрман жана фельдшерлер 100 %ды түзөт.
2025-2026-жылдары төмөндөгү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл:
Талас шаарынын калкынан ден соолугун сактоонун жана чыңдоодо негизги артыкчылыктуу тармактарына колдоо көрсөтүү жана чыңдоодо саламаттык сактоо кызматтарынын жалпы элге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Ар бир адамдын кызыкчылыгында ар кандай оорулардын натыйжалуу алдын алуу, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтардын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү социалдык, экономикалык шарттарды түзүү.
саламаттыкты сактоо багытында тейлөөчү кадрларды жашоо шартын түзүү менен тартуу;
саламаттыкты сактоо багытындагы имараттардын, техникалдык заманбап жабдууларынын жаңыланышына жана кеңейтилишине шарт түзүү жана уюштуруу;
саламаттык сактоо кызматтарынын жалпы элге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
элдин аярлуу топторунун (өспүрүмдөр, улгайып калган адамдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ж.б.) муктаждыктарын канаттандырууга багыттоо;
калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселелерине башка секторлорду да тартуу.
Калктын ден соолугун чыңдоо
Жарандарда, анын ичинде балдарда жана өспүрүмдөрдө сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруу, жарандарга алардын ден соолугу үчүн коркунуч факторлору жөнүндө маалымдоого, сергек турмуш үлгүсүндө жашоого умтулууну калыптандырууга жана ошондой жашоо үчүн шарттарды түзүүгө, оорууга чалдыктыруучу факторлорду азайтууга багытталган иш-чаралар менен коштолууга тийиш. Сергек турмуш үлгүсүн ишке киргизүү үчүн калкта милдеттүү компонент болуп ар бир жарандын өз ден соолугуна жана өз жакындарынын, өзгөчө балдарынын ден соолугуна жоопкерчиликти калыптандыруу саналат.
Дени сак улутту калыптандыруунун негизи катары жаш муундардын ден соолугун жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарыл. Балдарда, өспүрүмдөрдө жана жаштарда сергек турмуш үлгүсүнүн адаттарын калыптандыруу.
Калктын ден соолугун чыңдоо максатында төмөнкүлөр зарыл:
Балдар үчүн жашоонун, тарбиялоонун, тамактануунун жана билим берүүнүн коопсуз шарттарын камсыздоо, мектеп медицинасын өнүктүрүү, “Дени сак мектеп” программасын натыйжалуу ишке ашыруу, мектепке чейинки жана мектептеги тамактанууну контролдоо;
массалык дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү;
элде ыймандуулукту жана адептик нормаларды калыптандыруу, эстетикалык тарбиялоо, кызыкчылыктын кеңири чөйрөсүн өнүктүрүү;
дене-бой жана руханий бакубаттыкка умтулууну калыптандыруу, массалык дене тарбия жана спортту өнүктүрүү аркылуу жакшы менталитетти жана көз карашты калыптандыруу.
Калкты коопсуз продуктулар менен камсыздоо багытында иштерди уюштуруу.
Калктын ден соолугу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу;
сапатсыз продукцияны жүгүртүү жана керектөө жаатында тобокелдиктерди алдын
алуу;
жеке ветеринарияны өнүктүрүү;
калктын ден соолугуна таасир берген тобокел факторлорун төмөндөтүү;
айыл чарба малынын идентификациясын жүргүзүү;
эхинококко, бруцеллез, күйдүргүгө каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча иш-чараларды иш жүзүнө ашыруу.
4.4.Шаардын аярлуу калкын социалдык жактан колдоо
2023-жылда шаар боюнча 10 378 үй-бүлө же болбосо 40 308 адам жашаган жана анын ичинен аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөр 2285 болуп, же 22,0 % түзгөн.
2024-жылда шаар боюнча 10 417 үй-бүлө, 41 228 адам жашаган болсо, анын ичинен аз камсыз 2245 үй-бүлө катталган, же 21,6 %ды түзгөн. 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы 40 үй-бүлөгө, башкача айтканда 0,4 %га азайган.
Ал эми анын ичинен:
мамлекеттик жөлөк пул алуучу аз камсыз үй-бүлөлөр 860 же, 2643 бала (калктын жалпы санынын 5,5 %ын түзөт);
социалдык жөлөк пул алуучу 785 үй-бүлө 7 810 адам (калктын жалпы санынын 2 %ын түзөт),
анын ичинен багуучусунан ажырагандыгы боюнча – 271 бала (0,5 %ды түзөт).
2024-жылы “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен Талас шаарына аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жалпы аянты 1,5 га жер тилкесине социалдык шаарча, тактап айтканда 60 батирлүү 15 турак үйү курулуп, жалпы 60 аз камсыз болгон үй-бүлө турак үйлөрү менен камсыз болду.
Калктын аярлуу катмарынын жашоосун, социалдык абалынын
деңгээлин жогорулатуу үчүн керектүү жагдайлар:
- Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга жашоо аракеттеринин деңгээлинин өсүшү үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүү;
- Талас шаарындагы социалдык камсыздоо иштердин эффективдүүлүгүн камсыздоо багытында атайын имараттын болушун уюштуруу;
- аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү ишке жарамдуу жумушсуз адамдарды кесиптик окутууларга жана эмгек рыногунун талабына жооп берген кесиптерге кайрадан окутууларга тартуу;
- жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан комдук уюмдар менен биргеликте аз камсыз, жумушсуз жарандага жумуш орундарын түзүү багытында иш алып баруу;
- калктын жарды катмарларына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга электр энергиясын колдонууда жеңилдиктерди көрсөтүү жана көмүр отундарын алып берүү;
- калктын жумушсуз катмары үчүн акыркы 4 жыл аралыгында 1500 орунду камсыздаган жумушчу орундарды түзүү;
- ата-энесинин кароосу жок калган балдарга фостердик үй-бүлөлөрдү түзүүнү уюштуруу;
- аз камсыз үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган адамдарга атайын социалдык дүкөндөрдү ачуу;
- кароосуз калган жашы жете электердин укук бузууларын, зордук-зомбулуктун, балдардын эмгегинин эң начар түрүн алдын алуу жана болтурбоо, алардын укуктарын коргоо менен коомго кошуу үчүн калыбына келтирүү жана көндүрүү иштерин жүргүзүү;
- үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдарды, аялдарды утурумдук камкордукка алуу жайларын уюштуруу;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн, негизги кызмат көрсөтүүлөрдөгү бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана жашоо аракеттерин коомго натыйжалуу интеграциялоо;
- улгайган жарандарга сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана акы төлөнүүчү социалдык кызмат механизмдерин киргизүү.
4.5.Маданият тармагы
Шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири маданият чөйрөсү. Талас шаары ар түрдүү улуттук каада-салттарга, классикалык жана заманбап искусствого негизделген маданий каада-салттарды сактап калган. Маданияттын мындан ары өнүгүүсүнө жергиликтүү бюджеттин чектелүү каражаттарына байланыштуу болуп жатат.
Талас шаарынын өнүгүү программасынын маданиятты өнүктүрүү бөлүмүндө төмөнкүдөй негизги пункттар каралган:
Талас шаарынын маданий чөйрөсүн жандандырып өнүктүрүүгө кайдыгер эмес лидерлердин демилгелерин колдоого алуу;
маданиятты өнүктүрүү – бул мамлекеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын гана милдети эмес, бул шаардыктардын, жергиликтүү тургундардын маданиятты өнүктүрүүдөгү жөндөмдүүлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү;
жергиликтүү бюджеттин каражаттары маданиятты өнүктүрүүдөгү каржылоонун бир гана бөлүгү экендигин түшүнүү;
маданиятты башкарууда, аны өнүктүрүү үчүн баардык жактарга жагымдуу жана пайдалуу шарттарга негизделген бизнес-пландоо принциптерин киргизүү;
Талас шаарынын маданиятын өнүктүрүүнү камсыздаган лидерлер үчүн жеке жана кесиптик өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
Маданият чөйрөсүн өнүктүрүүдө жогоруда айтылган принциптердин негизинде төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталды:
Шаардын борбордук паркындагы көркөм-өнөр галареясынын ишин жакшыртуу.
Акы төлөнүүчү ийримдерди ачуу менен балдардын музыкалык сабактарга кызыгуусун, катышуусун жогорулатуу.
Талас шаарынын аймагында жашаган диаспораларды, массалык маданий иш-чараларга активдүү катыштыруу;
кино театр тармагынында иш алып барууну өнүктүрүү.
4.6.Көркөм-сүрөт музейи
Чыгармачылык демилгеси бар адамдарга, жаш таланттарга колдоо көрсөтүү, аларды коомдук аренага алып чыгуу жана өнүктүрүү, улуттук чеберчилик искусствосун өнүктүрүү, шаар жашоочуларынын искусствого жана маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана маданиятты өнүктүрүү багытында эң алгач техникалык-имарат базасын чыңдоо менен шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.
Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн:
Талас шаарынын музейин жана сүрөт музейин ачуу, Талас шаардык музейинин базасында сүрөт көргөзмөлөрүн, конкурстарды, флешмобторду өткөрүү. Борбордук парктын ичинде жайгашкан көркөм-сүрөт галереясынын иштөөсүн колго алуу. Талас шаарындагы белгилүү сүрөтчүлөр менен мастер класстарды өткөрүү жана музейдин Талас шаарындагы “Баластан” мектепке чейинки билим берүү борбору менен биргеликте тыгыз иш алып баруусун камсыздоо. Бул иш чараларга жыл сайын жергиликтүү бюджеттен керектүү акча каражатын бөлүү. Музыкалык билим берүү тармагында ийримдердин ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү.
Бул тармактын маанилүү өнүгүү фактору болуп, иштеп жаткан имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү менен окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү бул музыка тармагында билим алууга болгон балдардын кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Музыкалык мектепке окууга умтулгандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Талас шаарында музыка багыты боюнча сабактарды жана ийримдерди көбүйтүп, сабак берүүчү мугалимдерди колдоо жагы каралууда.
Талас шаарынын мэриясы музыкалык мектептин дирекциясынын ишин координациялоо максатында атайын иш-чараларды иштеп чыгууда.
Алар:
1. 14,0 млн.сом акча каражатын тартуу менен музыкалык мектептин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү;
2. иштеп жаткан музыкалык мектептердин имаратын туура багытта колдонуу;
3. Ата-энелердин жана мугалимдердин арасында өз ара катнаштарын күчөтүп, сапаттуу билим берүү жагын көзөмөлгө алууну камсыздоо.
Долбоордун ишке ашуусунун жыйынтыгында музыкалык билим берүү жакшырып, мугалимдердин, балдардын жана ата-энелердин максаттары ишке ашат.
Талас шаарында жашаган диаспоралардын маданиятка болгон иш-чараларын күчөтүү. Талас шаарында улут аралык мамилелерди чыңдоо, ынтымакка үндөө максатында, ар улуттун каада-салтын, тарыхый баалуулуктарын сактоо менен маданий иш-чараларды уюштурууну камсыздоо.
Коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик Талас шаарында болгон диаспоралар менен биргеликте долбоорлорду иштеп чыгып, маданий улуттук иш- чараларды көбүрөөк өткөрүү зарыл.
Талас шаарында кинотеатр тармагын өнүктүрүү:
- Талас шаарында кино сүйүүчүлөргө, шаар тургундарына жана меймандарына ыңгайлуу шарт түзүү;
- Талас шаарынын борбордук аймагында жайгашкан “Кырк чоро” кинотеатрынын имаратын кайра куруу-реконструкциялоо иштери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- инвесторлорду тартуу менен кинотеатр имаратынын кайра курулуусуна көмөктөшүү.
4.7.Туризм тармагы
Талас шаары тарыхый шаар болгондугуна байланыштуу жана Талас облусунун борбору болгондуктан, ошондой эле улут сыймыгы болгон “Манас Ордо” комплексине келген туристтердин шаар аймагы аркылуу өтүп жатышы, шаар аймагына туристтерди тартуу шаар бийлигинин бирден бир максаты болуп эсептелет. Мындан сырткары Талас шаарынын түндүк тарабында жайгашкан жалпы аянты 100 га ашык токой аянтында бүгүнкү күндө жеке ишкерлер тарабынан балык өстүрүү менен этно эс алуу жайлары уюштурулууда. Ал эми аталган токой аянтынын 59 га жер тилкеси шаарга тиешелүү.
Туризмди өнүктүрүүнүн багыттары:
- Инфраструктуралык жана туристтик кызматтарды көбөйтүү.
- туристтер келүүчү жайларды көбөйтүү;
- шаар аймагындагы жогорку эл аралык стандарттык тейлөө талаптарындагы мейманканалардын санын көбөйтүү;
- эл аралык ар кандай конференция, жолугушууларды өткөрүү үчүн конгресс борборлорун уюштуруу;
- шаардын музейин түзүү;
- шаардын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан 6,3 га аянтындагы эски “Жеңиш” паркына курулуп жаткан “Этно Парк” комплексинин курулушун аяктоо;
- шаар ичинде туристтик комплекстерди инвестиция тартуу жолу менен куруу;
- шаарда бул тармак боюнча болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү максатында ишкерлер менен туризм багытында эл аралык бизнес-форумдарды өткөрүү;
- маданий иш чараларды өткөрүү боюнча каражат маселелерин чечип берүү жагын иштеп чыгуу;
- ишкерлердин арасында туристтерди тейлөө багытындагы окууларды жүргүзүү.
Коюлган максаттарды ишке ашыруудан улам туристтик кызматтардын инфраструктурасы жакшырып, мындан тышкары кошумча жумуш орундарынын көбөйүшү жана жергиликтүү бюджеттин акча каражаты менен толукталышы күтүлөт.
Жеке тармактагы орто мектептерди ачууну колдоо.
- Шаар аймагына дагы 2-3 мектеп ачуу иштерин уюштуруу;
- ачылган мектептерде сапаттуу билим берүүнүн жүргүзүлүшүн талап кылуу жана
- көзөмөлдөө;
- сапаттуу билим берүүнүн жыйынтыгын күчөтүү багытында иш алып барган
- мектептердин кызыкчылыгын күчөтүү максатында жеңилдиктерди кароону уюштуруу.
Талас шаарындагы ички иммигранттардын көбөйүшүнөн мектеп окуучуларынын саны
күндөн күнгө көбөйүүдө, ал эми муниципалдык менчик объектилеринде 9 мектеп, ошондой эле мамлекеттик менчик объектисинде 1 мектепболгон болсо, жеке мектептерден азыркы күндө 3 мектеп иш алып барып келет.
1. “Билимкана Талас”;
2. “Сапат” кыздар лицей комплекси;
3. “Манас-Ата” лицей-комплекси;
4. Чет тилдер багытындагы лицей. Бул лицей Талас облустук маанидеги билим берүү мекемеси болуп эсептелет.
Балдар спорт мектебинде капиталдык ондоо иштерин жүргүзүү. Жаштарды кышы, жайы спорт менен камсыз кылуу үчүн, жылытуу системасын орнотууга жаштар спорт мектебинин имаратында курулуш иштерин жана көмүр менен жылытуучу системасын орнотуу иштерин жүргүзүү керек. Талас шаарынын мэриясы 3,2 млн сом өлчөмүндөгү долбоорго дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин дарегине жүйөлөштүрүлгөн жана негизделген сунуштарды даярдайт.
Талас шаарынын мэри |
| Б.К.Астанакулов |