Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 18-декабрындагы №4
«Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы «Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөмдөрдүн ставкаларын жана мөөнөтүн бекитип берүү тууралуу» № 01-21/3757 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы «Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөмдөрдүн ставкаларын жана мөөнөтүн бекитип берүү тууралуу» № 01-21/3757 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 4- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы «Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөмдөрдүн ставкаларын жана мөөнөтүн бекитип берүү тууралуу» № 01-21/3757 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинини 74,75-беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы 2025-жыл үчүн бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес 1 жылга х 100 сом 00 тыйын өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинини 76- беренесине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды жергиликтүү бюджетке төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрына чейин деп белгиленсин.
4. Токтомду аткаруу жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык салык башкармалыгына (Э.Абдуллаев) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |