Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 18-декабрындагы №5
«Шаардык мэриянын 16.12.2024-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын административдик территориясына кирген жер тилкелерин, өндүрүштүк имаратты жана кампа курулушун Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алууга макулдук берүү тууралуу» № 01-20/3983 кайрылуу каты жөнүндө.»
Шаардык мэриянын 16.12.2024-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын административдик территориясына кирген жер тилкелерин, өндүрүштүк имаратты жана кампа курулушун Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алууга макулдук берүү тууралуу» № 01-20/3983 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Карабалаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 4- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 16.12.2024-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын административдик территориясына кирген жер тилкелерин, өндүрүштүк имаратты жана кампа курулушун Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алууга макулдук берүү тууралуу» № 01-20/3983 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Карабалаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын административдик территориясына кирген “Бутоосай” участкасында жайгашкан 40 га жер тилкесин, “Кристалл” заводунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан өндүрүш багытындагы 88 га жер тилкесин, Таш-Көмүр шаарынын өндүрүш аймагынын №11 дарегинде жайгашкан “Күч” ЖЧКуна тиешелүү жалпы 6979,3 м2 жер аянтын (анын ичинен 3409,4 м2 өндүрүштүк имарат жана 948,6 м2 кампа курулушу) Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (З.Карабалаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |