Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №2
«Шаардык мэриянын 19.12.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субкредиттик жана субгранттык макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берүү тууралуу” №01-21/4044 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 19.12.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субкредиттик жана субгранттык макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берүү тууралуу” №01-21/4044 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 5 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 19.12.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субкредиттик жана субгранттык макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берүү тууралуу” №01-21/4044 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорлатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жангак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы
№619-т тескемесин ишке ашыруу максатында, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2 000 000 (эки миллион) евро субгранттык жана 2 000 000 (эки миллион) евро субкредиттик макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |