Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-августу № 476
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесинде:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:
"
42 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплекси | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июнундагы 538-т тескемесин аткаруу үчүн мүлктүк комплекс "Учкун" ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизилет |
".
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |