Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-августу ПЖ № 250
Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-февралындагы № 27 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Медицина чөйрөсүндө кадрларды даярдоо системасын модернизациялоо өзгөчө мааниге ээ, анткени медициналык билим берүүнүн сапаты саламаттык сактоонун улуттук системасынын натыйжалуулугун, жарандар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана деңгээлин түздөн-түз аныктайт.
Соңку жылдары билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия алган жеке медициналык билим берүү уюмдарынын саны тездик менен өсүп жаткандыгы байкалууда. Бирок алардын көпчүлүгүндө зарыл болгон клиникалык базалар жок, окутуучулардын кадрдык курамы квалификациялык талаптарга ылайык келбейт, ал эми билим берүү процесси негизинен минималдуу практикалык даярдык менен дипломдорду формалдуу берүүнү гана камтыйт.
Натыйжада жыл сайын билим деңгээли жана практикалык көндүмдөрү төмөн жүздөгөн адистер бүтүүдө, бул медициналык билим берүү системасына ишенимди жоготот жана кыргыз дипломунун эл аралык статусуна зыян келтирет.
Түзүлгөн кырдаал медициналык кадрларды даярдоонун системалуу кризисине алып келет, улуттук саламаттык сактоодо кадрдык жетишсиздикти күчөтөт жана чет өлкөлүк студенттердин мыйзамсыз миграциясын жана мыйзамсыз эмгектенүүсүн кошкондо, улуттук коопсуздук үчүн тобокелдиктерди жаратат.
Келтирилген фактылар медицина чөйрөсүндө кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтүп турат.
Медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо системасын түп-тамырынан бери өркүндөтүү, аларды кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу, саламаттык сактоонун артыкчылыктуу проблемалары боюнча комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүү уюмдарынын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (мындан ары - медициналык Академия) жогорку медициналык жана фармацевттик билими бар адистерди даярдоо, медициналык жана илимий кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча өзгөчө укукка ээ болгон система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын статусун бекитип берүү менен медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизилсин.
2. Медициналык Академиянын ишинин негизги милдеттери жана багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) жогорку кесиптик билим берүү системасында жогорку квалификациялуу медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо, аларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
2) билим берүү программаларын улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, аларды аккредитациялоону камсыз кылуу;
3) клиникалык көндүмдөргө басым жасоо менен практикага багытталган окутуу моделин түзүү, симуляциялык окутууну өнүктүрүү жана билим берүү процессине заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
4) эл аралык стандарттардын жана дүйнөлүк мыкты практикалардын негизинде инновациялык окуу программаларын, методикалык материалдарды жана санариптик платформаларды иштеп чыгуу жана колдонуу;
5) саламаттык сактоонун алдынкы мамлекеттик мекемелеринин базасында иштеген окуу жана клиникалык базалардын, медициналык борборлордун жана кафедралардын тармагын кеңейтүү аркылуу теориялык даярдыктын жана клиникалык практиканын туруктуу интеграциясын камсыз кылуу;
6) илимий-изилдөө ишин өнүктүрүү: медицинанын жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу проблемалары боюнча фундаменталдык, колдонмо жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, трансляциялык медицина борборлорун жана илимий лабораторияларды түзүү;
7) медициналык билим берүүнүн, илимдин жана практикалык саламаттык сактоонун өз ара байланышын күчөтүү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын саламаттык сактоо системасына киргизүүнү камсыз кылуу;
8) профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын, анын ичинде чет тилдерди билүүнү жана заманбап педагогикалык технологияларды өздөштүрүүнү үзгүлтүксүз жогорулатуу;
9) медициналык Академиянын жана анын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо, заманбап жабдуулар менен жабдуу, окуу жана изилдөө борборлорун өнүктүрүү;
10) эл аралык академиялык кызматташтыктын туруктуу системасын түзүү, алмашуу программаларына, биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлоруна катышуу.
3. Медициналык Академия Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат деп белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) саламаттык сактоонун улуттук системасы үчүн кадрлардын заказчысы болот жана медицина жана фармация чөйрөсүндөгү билим берүү ишин лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат;
2) бүтүрүүчүлөргө квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана киргизет, ошондой эле мамлекеттик билим берүү заказын түзөт жана медициналык тармактын региондук керектөөлөрүн эске алуу менен бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрөт;
3) интернатурадан, ординатурадан жана клиникалык практикадан өтүү, ошондой эле симуляциялык окутуунун заманбап формаларын киргизүү үчүн медициналык Академия менен ведомстволук медициналык мекемелердин (ооруканалардын, клиникалардын, борборлордун) өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
4) медициналык Академиянын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө, билим берүү процессин санариптештирүүгө, илимий-изилдөө жана клиникалык борборлорду түзүүгө көмөк көрсөтөт;
5) окутууга, анын ичинен чет өлкөлүк студенттердин миграциялык мыйзамдарды сактоосуна жана алардын мыйзамсыз эмгектенүүсүн алдын алууга контроль жүргүзөт;
6) медициналык Академиянын эл аралык билим берүү жана изилдөө программаларына катышуусун, билим берүү стандарттарын интеграциялоону жана кыргыз медициналык дипломунун эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну координациялайт.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана медициналык Академиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жеке медициналык билим берүү уюмдарынын лицензиялык, аккредитациялык жана квалификациялык талаптарга шайкеш келишин, анын ичинде кадрдык курамын жана анын квалификациялык стандарттарга ылайык келишин, клиникалык базалардын, окуу жана материалдык-техникалык инфраструктуранын болушун жана абалын изилдөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыктоочу корутундусун 2025-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө берсин;
2) 2025-жылдын 31-декабрына чейин өзүнүн ченемдик укуктук актыларына ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизсин, ошондой эле ушул Жарлыктан келип чыгуучу мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
3) 2026-жылдын 1-январына чейин даярдоо программаларына, академиялык курамга, клиникалык базаларга жана жыйынтыктоочу аттестациялоого карата милдеттүү талаптарды камтыган, медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыксын жана бекитсин;
4) 2026-жылдын 1-мартына чейин жогорку медициналык билим берүү уюмдарын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды окуткан жеке жогорку окуу жайларын төмөнкүдөй критерийлер каралган мамлекеттик аккредитациялоо тартибин иштеп чыксын жана бекитсин:
- билим берүү программаларынын медициналык жана фармацевтикалык адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келишин;
- адистерди даярдоонун сапатын камсыз кылууну (бүтүрүүчүлөрдүн билими, көндүмдөрү, практикалык компетенциялары);
- заманбап материалдык-техникалык базанын жана клиникалык базаларга жеткиликтүүлүктүн болушун;
- профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын (окумуштуулук даражалар, англис тилин билүү, иш тажрыйбасы);
- билим берүүнүн сапатын ички контролдоо системасын киргизүүнү (студенттердин билимин баалоо, жетишүүсүнө мониторинг жүргүзүү, кайра байланыш);
- студенттерди практикалык даярдоо жана стажировкалар үчүн саламаттык сактоо уюмдары менен жөнгө салынган өз ара аракеттенүүнү;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана студенттерди илимий-изилдөө жана инновациялык ишке тартууну;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан билим берүү ишин натыйжалуу контролдоону жана көзөмөлдөөнү;
- бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна жана алардын кесиптик адаптациясына мониторинг жүргүзүүнү;
- билим берүү ишин улантуу үчүн аккредитациядан өтүүнүн милдеттүүлүгүн караган аккредитациялоонун этаптуу жол-жобосун белгилөөнү.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартиптин негизинде 2026-жылдын 1-июнуна чейин жеке жогорку медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрсүн. Белгиленген тартипте аккредитациялоодон өтпөгөн билим берүү уюмдары мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду берүү жана студенттерди кабыл алуу укугун жоготот.
6. Зарыл инфраструктурага ээ, бирок лицензиялык же аккредитациялык талаптарга ылайык келбеген жеке билим берүү мекемелери билим берүү ишин медициналык Академиянын толук академиялык жана методикалык башкаруусунда турган жогорку окуу жайына чейинки даярдоо курстарынын же окуу-клиникалык базалардын форматында гана жүзөгө ашыра алат деп белгиленсин.
7. Мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин колдонуудагы укуктук абалы сакталсын.
71. Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында жана аккредитациядан өткөн шартта жеке жогорку медициналык билим берүү уюмдарына медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо чөйрөсүндө биргелешкен билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу максатында Америка Кошмо Штаттарынын университеттери менен эл аралык макулдашууларды түзүү укугу белгиленген тартипте берилет деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-февралындагы № 27 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |