Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-чуа «Кыргыз Республикасында курулушка документтерди берүү жана инженердик тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Техникалык шарттарды алуу жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына туташтыруу механизмин жакшыртуу, ошондой эле заказчиктердин инженердик-техникалык кызматтар менен өз ара аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, «Шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-чуа «Кыргыз Республикасында курулушка документтерди берүү жана инженердик тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесине:
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-глава менен толукталсын:
«51-глава. Энергия менен жабдуу жана жылуулук менен жабдуу боюнча айрым маселелер
661. Энергия менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар заказчиктердин арызынын негизинде 30 кВтка чейинки кубаттуулуктагы электр менен жабдууга техникалык шарттарды берүүгө укуктуу. Арыздын формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан бекитилет.
662. Учурдагы электр тармактарына технологиялык туташтыруу акысыз ишке ашырылат. Заказчылар техникалык шарттарды иштеп чыгуу үчүн инженердик-техникалык кызматтарга төлөө бөлүгүндө гана чыгым тартышат.
663. Энергия менен жабдуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик үлүшкө ээ эмес инженердик-техникалык кызматтар мамлекеттик үлүшү бар инженердик-техникалык кызматтар менен кубаттуулугу 500 кВттан жогору энергия кабыл алуучу түзүлүштөрдү бул туташуу жүзөгө ашырылуучу чыңалуунун жогорку классына ээ болгон электр тармактарына технологиялык туташтырууну макулдашууга милдеттүү.
664. Объекттерди куруу, реконструкциялоо, кайра профилдештирүү же пландаштыруу мезгилинде электр менен жабдуунун учурдагы тармактарына убактылуу туташтыруу кубаттуулугу 1,5 МВттан ашпашы керек. Автомобиль жана темир жолдор курулган учурда убактылуу туташуунун жол берилген кубаттуулугу 3,5 МВттан ашпашы керек. Бир жолку иштер үчүн убактылуу туташтыруунун кубаттуулугу 0,1 МВттан ашпашы керек.
665. Заказчы технологиялык туташтырууну ишке ашыруу үчүн энергия менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтарга кайрылат. Электр тармагынын тибин тандоо кошулуучу кубаттуулуктун көлөмүнө жараша болот жана төмөнкү классификацияга ылайык жүргүзүлөт:
- чыңалуусу 0,23 кВ болгон электр берүү линиясы - 10 кВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 0,4 кВ болгон электр берүү линиясы - электр берүү линиясын куруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен 3 кВТтан 50 кВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 6–10 кВ болгон электр берүү линиясы - 50 кВТтан 2 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 6–10 кВга бурулуу менен 35–110 кВ чыңалуудагы көмөкчордон - 500 кВТтан 10 000 кВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 35 кВ болгон электр берүү линиясы - 1 МВТтан 20 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 35 кВга бурулуу менен 35–110 кВ чыңалуудагы көмөкчордон - 20 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 110 кВ болгон электр берүү линиясы - 10 МВТтан 70 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун чыңалуусу 220 кВ болгон электр тармагы - 25 МВТтан 150 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта.
666. Учурдагы жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык туташтыруу акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат. Жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар алынган акча каражаттарын учурдагы жылуулук тармактарын өнүктүрүүгө жана реконструкциялоого, анын ичинде жаңы тармактарды модернизациялоого, долбоорлоого жана курууга багыттайт.
667. Технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жогорулатуучу коэффициентти эске алуу менен түзүлөт, ал туташуучу объекттин билдирилген жылуулук жүктөмү 1 Гкал/сааттан ашкан учурда колдонулат.
668. Технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттарды берүүдө бир жолу белгиленет.
669. Жылуулук менен жабдуу тармактарына кубаттуулуктун 1 Гкалы үчүн технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү (ТӨ) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ТӨ=БТ×ЖК, мында
Тбаз – объектти жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык кошуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү, млн. сом/Гкал/саат;
Рбирд - объектке долбоордук документтердин негизинде кошулуучу заказчынын билдирмеси менен ырасталган технологиялык туташтыруунун суммардык кубаттуулугу.
6610. Жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык туташтырууга экономикалык жактан негизделген төлөмдү эсептөө үчүн негизги баштапкы көрсөткүч болуп жөнгө салуунун базалык мезгилинде жылуулук тармактарынын техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталган реконструкцияга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы саналат.
6611. Технологиялык туташтырууга төлөмдүн базалык өлчөмү (Тбаз) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Тбаз=∑Сз / Пс ×К (млн.сом/Гкал/саат), мында:
∑Сз - базалык (жөнгө салуу мезгилине (жылына) чейинки беш жылдык мезгил) мезгилде жылуулук тармактарын реконструкциялоого кеткен чыгымдардын суммасы;
Пс - базалык (жөнгө салуу мезгилине (жылына) чейинки беш жылдык мезгил) мезгилде кошулган жүктөрдүн суммасы;
К - жөнгө салуу мезгилине чейинки жыл үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын көрсөткүчү.
6612. Технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан төлөмдүн базалык өлчөмүнүн негизинде ар бир Заказчик үчүн жекече эсептелет.
6613. Бишкек шаары үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү бардык жылуулук менен жабдуучу уюмдар үчүн бирдиктүү көрсөткүч менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын региондорунда иштеген уюмдар үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү аймактык белгиси боюнча кыймылсыз мүлктүн наркын эске алуу менен корректировкаланат. Коэффициенттерди эсептөөдө кыймылсыз мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарыяланган кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин орточо арифметикалык баалары колдонулат. Коэффициенттер технологиялык туташтыруу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда колдонулат.
6614. Жөнгө салуу мезгилине төлөмдүн базалык өлчөмү алгач базалык мезгилдин көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелет. Кийинки жөнгө салынуучу мезгилдерге ыйгарым укуктуу орган жылдык инфляциянын деңгээлин эске алуу менен төлөмдүн базалык өлчөмүн индексациялайт. Төлөмдүн базалык өлчөмүн кайра эсептөө ал алгачкы белгиленгенден кийин үч жылдан эрте эмес убакытта жүзөгө ашырылат.
6615. Кошулуучу кубаттуулук 1 Гкал/сааттан жогору болгон учурда төлөмдүн өлчөмү төмөнкү шкалага ылайык жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен оңдолот:
Кошулуучу кубаттуулуктун чоңдугу, Гкал/саат | Жогорулатуучу К коэффициенти |
1,0 чейин | 1,0 |
1,0дон жогору 1,5ке чейин | 1,3 |
1,5тен жогору 2,0го чейин | 1,5 |
2,0дон жогору 2,5ке чейин | 1,7 |
2,5тен жогору 3,0го чейин | 2,0 |
3,0дон жогору 3,5ке чейин | 2,2 |
3,5тен жогору жана андан жогору | 2,5 |
6616. Төлөмдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Т=ЭТ × К, мында
ЭТ — технологиялык туташтыруу үчүн эсептик төлөм,
К — жогорулатуучу коэффициент.
6617. Эгерде жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык туташтыруу бош кубаттуулук же жылуулук тармагы жок жерлерде ишке ашырылса, технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан объекттин долбоордук документтердин негизинде белгиленет.».
2. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин расмий https://minstroy.gov.kg/ сайтында 2025-жылдын 24-сентябрындагы жарыяланды.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |