Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 25-августу ПЖ № 248
Медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Көп профилдүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык шаарчаны куруу, калкка комплекстүү жана борборлоштурулган медициналык кызматтарды көрсөтүү, инклюзивдүү бейтаптарга багытталган чөйрөнү түзүү, Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонун инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоо жана интеграциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Медициналык шаарчаны куруу стратегиялык мамлекеттик милдет жана орто мөөнөттүү келечекте ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу долбоор деп эсептелсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын (мындан ары – инвестициялык макулдашуулар) алкагында Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен ээликтен ажыратуунун, ошондой эле жеке инвестициялардын жана эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат;
2) медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу үчүн ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражат жетишсиз болгон учурда зарыл болгон каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнөт;
3) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу медициналык шаарчанын тиешелүү объекттери эксплуатациялоого киргизилгенине жараша этабы менен, бирок ушул саламаттык сактоо уюму тарабынан бошотулган тиешелүү мүлктүк комплекс жана ага бекитилип берилген жер участогу инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында ээликтен ажыратылган учурдан тартып эки жылдан кечиктирбестен ишке ашырылат;
4) инвестициялык макулдашуулардын шарттарында саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерине бекитилип берилген жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында чет өлкөлүк жактарга карата белгиленген чектөөлөр менен жана инвесторлордун объекттерди бузуу боюнча милдеттенмелери менен инвесторлорго ээликтен ажыратуу каралышы мүмкүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Долбоорду жетектөө жана медициналык шаарчанын курулушун координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте белгиленген тартипте алты айлык мөөнөттө:
1) медициналык шаарчаны түзүү жана иштетүү долбоорун ишке ашыруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте медициналык шаарчанын жайгашкан жерин аныктасын, зарыл жер участокторун бөлүп берүү жана трансформациялоо боюнча чараларды көрсүн;
3) медициналык шаарчага кайра жайгаштырылууга тийиш болгон мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын тизмегин аныктасын;
4) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын этабы менен кайра базалоо жана алардын ээликтен ажыратылуучу мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун бошотуусунун планын бекитсин;
5) медициналык шаарчаны долбоорлоо жана куруу менен байланышкан жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү аныктасын;
6) медициналык шаарчага кайра базалоо пландалып жаткан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин инвестициялык макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында ээликтен ажыратуу процессин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бар болгон тоскоолдуктарды четтетүү жана аларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү алып салуу маселелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;
7) Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын бошотулуп жаткан имараттарынын статусун кайра карап чыгуу маселесин карасын;
8) медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын "улуттук" статусун кызматкерлердин кызматтык маяналарына карата колдонуудагы дем берүүчү үстөк акыларды сактоо менен кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизсин;
9) инвестициялык макулдашуулардын алкагында мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча сунуштарды киргизсин жана аларга рыноктук баалоону жүргүзүүнү камсыз кылсын;
91) казыналык системасында мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин жана аларга бекитилип берилген жер участокторун ээликтен ажыратууну караган, түзүлгөн инвестициялык макулдашуулар боюнча бардык келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу үчүн арналган өзүнчө администрациялануучу эсепти ачуу боюнча ишти жүргүзсүн;
10) ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 211 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин андан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде мындай объекттер алардын балансында турса же менчиктештирүү процессинде аларды пайдалануунун колдонуудагы тартибин сактоо шарттарында акысыз өткөрүлүп берилсе, уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, социалдык инфраструктура объекттери мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатылууга тийиш эмес деп эсептелсин, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жана белгиленген тартипте авариялык жана бузулууга тийиш деп таанылган объекттер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ыкчам башкаруусунда турган объекттер.".
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |