Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-сентябры № 558
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкелеринен көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандарды жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 11-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 25-июнундагы № 01-18/2548, № 01-18/2549 корутундуларын, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-июлундагы № 15, № 16 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 55,24 га жер тилкелери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкелеринен көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандарды жайгаштыруу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- № 376 контурдагы 11,19 га - айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлери;
- № 6 (11,03 га), № 1 (1,58 га), № 4 (31,36 га) контурлардагы 43,97 га - жайыттар;
- № 6 (0,03 га), № 4 (0,04 га) контурлардагы 0,07 га - мал айдап өтүүчү жерлер;
- № 4 контурдагы 0,01 га - суу астындагы жерлер.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жана курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, ошондой эле башкы планда каралган жер титирөөгө каршы иш-чараларга мониторинг жүргүзүүнү жана тиешелүү аймакта кооптуу табигый процесстерди жана кубулуштарды божомолдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен аларды контролдоону жүзөгө ашырууну;
5) өздүк каражаттардын эсебинен региондун жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер тилкелерин баштапкы абалга милдеттүү түрдө келтирүү менен жер пайдалануучуга карата чараларды көрүүнү;
8) коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик актыларды сактоону;
9) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |