Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 13-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-октябры № 630
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-пунктчалар менен толукталсын:
“3) ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен биргеликте жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзсүн;
4) 2025–2026-жылдарга титулдук тизмени иштеп чыгууда бул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды карасын.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
“61. Бул токтомдун 1-пунктунун 4-пунктчасы 2026-жылдын 1-майынан тартып колдонулууга тийиш деп белгиленсин.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 76 (3732) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |