КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2021-жылдын 31-майы № 9/2-2-21
Күрпүлдөк айыл өкмөтүнө караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү жайытынын Корунду участогун №166-168 эсалуучу жайга айландыруу үчүн уруксат берүү боюнча
Жайыт комитетинин төрагасы А.Эенкуловго Дубин Амер Абдульганиден Суусамыр өрөөнүндөгү жайытындагы №166-168 Корунду участогуна бозүй тургузуп эс алуучу жайга айландыруу үчүн уруксаат берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып , талкуулап Күрпүлдөк айылдык Кеңешинин депутаттары токтом кылат:
1.Суусамыр өрөөнүндөгү жайытынын №166-168 Корунду участогуна боз үй тургузуп эс алуучу жайга айландыруу үчүн уруксаат берилсин.
2.Жайыт комитетинин төрагасы А.Эенкулов Дубин Амер Абдульгани менен 5 жылдык мөөнөткө жайыт ресурстары менен пайдалануу үчүн келишим түзүлүп жылына 50000 сом акча каражат жайыттын эсеп счётуна төлөнүп турсун.
3.Токтомдун аткарылышы Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы А.Эенкулов жана . Күрпүлдөк айылдык кенешинин төрагасы Б.Шаршенов тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| Шаршенов Б.С. |