Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-октябры № 634
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 “Нотариалдык иш маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-главасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 “Нотариалдык иш маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускамада:
– 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Нотариус арыз ээсинин кайрылуусунан кийин эки жумуш күндүн ичинде нотариалдык иш-аракеттин мыйзамдуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна ынануу үчүн берилген документтерди изилдөөгө укуктуу.”;
– 56-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Оңдолгон документ сканерлөө жолу менен НБМС системасына киргизилет жана электрондук реестрге тиркелет.”;
– 76-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“76. Кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринин 1-графасына электрондук реестрдеги нотариалдык иш-аракеттин уникалдуу номери киргизилет, ал документтерде тиешелүү күбөлөндүрүүчү жазууда көрсөтүлөт.”;
– 133-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ажыратылуучу кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтен тышкары, нотариус кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун Бирдиктүү мамлекеттик реестринен же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алынган көчүрмөсүн тиркейт.”;
– 135-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“135. Тийиштүү каттоо органынын техникалык паспортунун маалыматы боюнча жер участогунун иш жүзүндөгү өлчөмү укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун өлчөмүнөн ашык же аз болсо, нотариус жер участогунун укук белгилөөчү документтеги өлчөмүн көрсөтөт.”;
– 172, 173-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“172. Уставдык фондду түзүү же мүлктү уставдык капиталга же юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус жеке жактын/юридикалык жактын мүлктү юридикалык жакка өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелеринин бар экендигин аныктоого милдеттүү.
Бул үчүн нотариус бүтүмдүн материалдарына төмөнкүлөрдү талап кылат:
– юридикалык жактын катышуучуларынын мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө протоколду (чечимди), юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтеринин же мүлктү өткөрүп берүүнүн түрүн жана башка шарттарын аныктоочу дыйканчылык (фермердик) чарбалардын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишимди;
– эгерде макулдашуунун предмети кыймылсыз мүлк болсо – кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү;
– укук күбөлөндүрүүчү жана/же укук белгилөөчү документтерди;
– жубайынын же башка менчик ээлеринин макулдугу жөнүндө арыз (эгерде мүлк жалпы менчиктин объекти болуп саналса);
– юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери.
Нотариус тиешелүү мүлктү кабыл алууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын, анын өкүлүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Уставдык капиталды түзүү же мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келишим укук белгилөөчү документ болуп саналат, эгерде мүлктү каттоо милдеттүү болсо, анын бир нускасы каттоочу органга өткөрүлүп берилет.
173. Юридикалык жактын бир катышуучусу тарабынан уставдык капиталдын үлүшүн сатууда же ыйгарууда нотариус уставдык капиталдын үлүшүн сатып алуу укугунун артыкчылык укугу жөнүндө талаптардын сакталышын текшерет.
Эгерде тараптар уставдык капиталдын үлүшүн сатуу же баасын түшүрүү жөнүндө макулдашууга келишсе, анда нотариус бүтүмдү сатып алуу-сатуу келишими түрүндө тариздейт.
Эгерде тараптар уставдык капиталдын үлүшүн акысыз өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга келишсе, анда нотариус бүтүмдү тартуулоо келишими түрүндө тариздейт.
Нотариус тиешелүү мүлктү ээликтен ажыратууга жана/же кабыл алууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактын, анын өкүлүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Жогоруда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн бирин тариздөөдө нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
– уюмдаштыруу келишимин (же көчүрмөсү);
– коомдун уставын, эгерде катышуучу юридикалык жак болсо;
– уставдык капиталдын жеке же юридикалык жакка таандык экендигин ырастоочу документти;
– эгерде катышуучулардын бири юридикалык жак болсо, чечимди (протоколду, протоколдон көчүрмөнү);
– уставдык капиталдын үлүшүн ажыратууга жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун;
– коомдун башка уюмдаштыруучуларынын үлүштү сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар болсо алардын макулдугун;
– Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укугунун бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.”;
– 17-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “17-глава. Башка келишимдерди күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары”;
– 198-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“198. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу менен байланышпаган жана менчик укугунун кыймылсыз мүлккө өтүүсүнө алып келбеген, анын ичинде кыймылдуу мүлктү тескөө жана/же башкаруу, мүлккө башка буюмдук укук менен байланышкан башка келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдөн турган документтердин негизги топтомун талап кылат:
– укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын (эгерде келишим менчик укугунун мүлктүн бөлүгүнө өтүүсүнө алып келсе, көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө кала турган). Кыймылдуу мүлккө укук белгилөөчү (укук күбөлөндүрүүчү) документ же болбосо талаптагыдай түрдө таризделбеген укук белгилөөчү (укук күбөлөндүрүүчү) документ жок болгон учурда, болгон жагдайларда башка келишимди түзүүгө тараптардын макулдугу болсо, аны күбөлөндүрүүгө жол берилет;
– эгерде мүлк чогуу никеде турган убакта сатып алынса жубайынын, ошондой эле эгерде мүлк жалпы менчикте болсо, чогуу ээлик кылуучуларды менчик ээлеринин макулдугун. Эгерде мүлк жалпы үлүштүк менчикте болсо, бүтүм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 270-беренесинин жоболорун эске алуу менен нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Жалпы үлүштүк менчик укугундагы үлүштү тартуулоодо башка үлүштүк менчик ээлеринин макулдугу талап кылынбайт;
– эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уставдык документтердин көчүрмөлөрүн же алардан көчүрмө бөлүктөрдү, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди.
Нотариус бүтүмдүн түрүнө жана татаалдыгына жараша нотариалдык иш-аракеттердин толуктугу жана талашсыздыгы үчүн керек болгон документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.
Ушул Нускама менен тариздөөнүн башка тартиби белгиленген келишимдерди кошпогондо, башка келишимдер кайсы болбосун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.”;
– 224-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-пунктчалар менен толукталсын:
“3) объектинин курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилгендиги жөнүндө ырастаманы;
4) камакка алуу же башка чектөөлөрдүн бар экендиги же жоктугу жөнүндө маалыматтарды.”;
– 238-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Карын энелик келишим балалуу болууну каалаган адамдар/адам менен түйүлдүктү көтөрүү жана бала төрөө максатында жасалма уруктандыруу же башка эмбрионду имплантациялоо методун колдонууга макулдугун берген аялдын (карын эненин) ортосунда түзүлөт.”;
– 311-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Бул эреже ломбарддардын күрөө билеттерине аткаруу жазуусу жазылган учурларда колдонулбайт.”;
– 367, 368-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“367. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган учурларда макулдугун күбөлөндүрөт.
Мындай макулдуктарга төмөнкүлөр кирет:
– биргелешкен менчиктин катышуучуларынын бүтүм жасоого макулдугу;
– кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүмдөрдү жана мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана (же) каттоону талап кылган бүтүмдөрдү башка жубайы жасашы үчүн жубайынын макулдугу;
– карын эне болуу келишимин түзүүгө жубайынын макулдугу;
– жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн жубайлардын жалпы мүлкүн пайдаланууга жубайынын макулдугу;
– банктык зайым келишимин камсыз кылууга сунушталган күрөөнүн келип чыгышын жана өзгөрүшүн каттоого күрөө коюучунун макулдугу;
– кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды оңдоого кызыкдар жактардын макулдугу;
– жашы жетпеген жарандын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коштоосуз чыгып кетүүсүнө ата-энесинин, асырап алуучулардын, камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн макулдугу;
– он сегиз жашка чыга элек адамдардын ата-энесинин бири (камкорчу, көзөмөлчү) менен бирдикте туруктуу жашоого жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга ата-энесинин макулдугу;
– 14төн 18 жашка чейинки курактагы баланын Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого макулдугу;
– эгерде пландаштырылган жайларды (турак үйдүн бөлүктөрүн) реконструкциялоо (кайра пландаштыруу, кайра жабдуу) же жайлардын чек араларын которуу алардын кызыкчылыктарын козгосо, өзгөртүлүүчү жайлар (үйдүн бөлүктөрү) менен чектеш жайлардын (үйдүн бөлүктөрүнүн) менчик ээлеринин макулдугу;
– менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка макулдуктары.
368. Макулдукту күбөлөндүрүү бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.
Макулдукта “Макулдук” документинин аталышы, макулдук күбөлүгүнүн орду жана датасы; макулдукка кол койгон (кол коюшкан) адамдын (адамдардын) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жеке идентификациялык номери, туулган датасы жана жери, жашаган же турган жери көрсөтүлөт.
Макулдук нотариус тарабынан эки нускада күбөлөндүрүлөт, алардын бири нотариустун көктөмөлөрүндө сакталат. Бир макулдукту ага кол койгон адамдардын санына карабастан күбөлөндүрүү бир нотариалдык иш-аракет болуп саналат.
Жакын туугандарына жана жубайларына карата макулдукту күбөлөндүрүүдө туугандык жана никелешүү мамилелерди ырастаган документтер текшерилет, алардын көчүрмөлөрү көктөмгө тиркелет.
Нотариус макулдук берилип жаткан конкреттүү мүлктү көрсөтүү менен жубайлардын макулдугун күбөлөндүрөт.”;
– 380-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Нотариус мурастоо ишинин ачылышы жөнүндө маалыматты нотариалдык палаталардын же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мурастоо иштеринин ачык сайттарынан алууга укуктуу.”;
– 384-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Арыз кириш корреспонденция журналына катталат, бул учурда мураскор мурасты кабыл алды деп эсептелинет.”;
– 388-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“388. Бир мурас калтыруучуга бир нече мурас көктөмөсүн ачуудан качуу үчүн нотариус НБМСте ачылган мурастоо ишинин бар экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Нотариус мурас иши ачылгандыгы жөнүндө маалыматты НБМСке киргизүүгө милдеттүү.”;
– 393-пунктта “Улуттук паспорттор базасынын электрондук системасынан, “Түндүк” мобилдик тиркемесинен, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасынан,” деген сөздөр ““Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан,” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 395-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“395. Мурас калтыруучунун каза болгондугу фактысы жана мурасты ачуу убактысы анын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк, каза болгондугу жөнүндө акт жазуусунан көчүрмө, каза болгондугу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, медициналык мекеме тарабынан белгиленген форма боюнча берилген каза болгондугу жөнүндө медициналык күбөлүк менен ырасталат.
Каза болгондугу жөнүндө медициналык күбөлүктү же соттун чечимин кабыл алгандан кийин нотариус арыз ээсине ыйгарым укуктуу органдардан же консулдук мекемелерден каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү алууну сунуш кылат.”;
– 396-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Нотариус аны мурас калтыруучунун багуусунда же эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин талап кылууга укуктуу.”;
– 401-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) кыймылсыз мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерди;”;
– 419-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“419. Жубайлардын никеде турган мамилелеринин болгондугу нотариус тарабынан никелешүү тууралуу күбөлүктүн же актылык жазуудан көчүрмөнүн негизинде аныкталат.”;
– 476-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Мураска иш жүзүндө киргенин жана/же мурасты кабыл алганын ырастаган документтер төмөнкүлөр болушу мүмкүн: “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан алынган каза болгон учурда мураскор менен мурас калтыруучу чогуу жашагандыгы жөнүндө маалымкат, каза болгон адамдын коммуналдык кызматтарын, мүлк салыктарын, башка милдеттүү төлөмдөрүн төлөгөндүгүн ырастаган квитанциялар же чектер; кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, үйдүн/машинанын/гараждын ачкычтары, ижара келишимдери, мурас мүлкүн оңдоо, коргоо, күбөлөрдү сурамжылоо протоколдору, башка мураскорлордун жазуу жүзүндөгү ырастамалары, мурасты кабыл алуу же мураска кирүү фактысын белгилөө жөнүндө соттун чечимдери.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 43-глава менен толукталсын:
“43-глава. Буйрук өндүрүшү
505. Буйрук өндүрүшү “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-главасы менен жөнгө салынат.
506. Нотариалдык буйрукту чыгаруу ырааттуулугу буйрук өндүрүшүнүн төмөнкү баскычтарын карайт:
– арызды өндүрүшкө кабыл алуу;
– арызды кабыл алуудан баш тартуу;
– нотариалдык буйрукту чыгаруу;
– карызкорго кабарлоо;
– карызкордун каршы пикирлери алынган учурда нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу;
– нотариалдык буйрукту жокко чыгаруудан баш тартуу.
507. Буйрук өндүрүшүн козгоо буйрук ишин ачууну же буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууну камтыйт.
508. Буйрук ишин ачуу же буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу нотариус тарабынан үч күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт.
509. Эгерде акыркы күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе, анда берүү же баш тартуу жөнүндө буйрук кийинки жумуш күнү чыгарылат.
510. Нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арыз карызкордун жашаган жери же турган жери боюнча нотариуска берилет. Алимент өндүрүү жөнүндө арыз өндүрүп алуучунун жашаган жери боюнча берилиши жана көрсөтүлүшү мүмкүн.
511. Арызды өндүрүп алуучунун өкүлү берген учурда нотариус ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктарды текшерет.
512. Юридикалык жак кайрылган учурда нотариус өндүрүп алуучунун атынан иш алып барууга өкүлдүн укугун ырастаган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын бар экенин текшерет.
513. Нотариалдык буйрукту берүү жөнүндө арыз машинада басылган текст түрүндө берилип, буйрук өндүрүшүнүн иштерин эсепке алуу журналына катталат. Эгерде арыз почта аркылуу келип түшкөн же башка адам тарабынан берилген болсо, бирок арыздагы арыз ээсинин колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөсө, арыз нотариус тарабынан кабыл алынууга тийиш, ал эми арыз ээсине талаптагыдай таризделген арызды жөнөтүү же нотариуска жеке өзү келүү сунушталат.
514. Нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1004-беренесинде саналып өткөн арыздын формасына жана мазмунуна коюлган талаптардын сакталышын текшерет. Эгерде буйрукту берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну боюнча кемчиликтер болсо, анда нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1005-беренесинде көрсөтүлгөн негиздерди санап өтүү менен буйрукту берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
515. Буйрук өндүрүшү карызкорго карата талап боюнча буйрукту берүү жөнүндө ар бир берилген арызга түзүлөт.
516. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1002-беренесинин 1, 2, 3, 5, 6-пункттарында саналып өткөн, билдирилген талаптар боюнча ырастоочу документтер нотариуска түп нускада берилет. Талаптагыдай таризделген дубликаттар түп нускага теңештирилет жана эгерде алар нотариустун алардын талашсыздыгы боюнча шектенүүсүн пайда кылбаса, өндүрүшкө кабыл алынат.
517. Нотариус карызкордун жашаган жерин жана/же турган жерин катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан, “Паспорт”, “Адрес-маалымат бюросу”, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларынан, юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук реестринен алынган маалымкаттардын негизинде аныктайт.
518. Нотариус Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан карызкорлорго карата буйруктарды бербейт.
519. Буйрукту берүү жөнүндө арыз берилгенге чейин мамлекеттик алымды төлөө жүргүзүлөт жана төлөнгөндүгү тууралуу маалымат тиркелген документтердин тизмегинде көрсөтүлөт.
520. Алиментти жана эсептелген эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талаптар боюнча мамлекеттик алым карызкордон өндүрүлөт, бул тууралуу буйрукта көрсөтүлөт, буйруктун нускасы аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
521. Мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция арыз ээсине кайтарылып берилет, ал аны сотто доо өндүрүшүнө тиркөө жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Арыз ээси төлөнгөн алымдан мамлекеттин кирешесине баш тартууга укуктуу.
522. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтомдо кемчиликтерди жоюу арыз ээсине нотариалдык буйрукту берүү жөнүндө жаңы арыз менен кайрылууга же доо өндүрүшү тартибинде сотко кайрылууга тоскоол болбой тургандыгы түшүндүрүлүшү керек.
Нотариалдык буйрукту берүү боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоону кийинкиге калтырууга, ошондой эле токтото турууга жол берилбейт.
523. Буйрук тараптарды чакырбастан чыгарылат. Буйрук чыгаруу үчүн негиздер ченемдик укуктук актыларга шилтеме менен буйрукта көрсөтүлөт.
Эгерде нотариалдык буйрук бир нече тилектеш карызкордун пайдасына кабыл алынса, анда өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча нотариус тилектеш карызкорлордун саны боюнча нотариалдык буйруктардын бир нече нускасын берет.
524. Карыздын суммасынын, мамлекеттик алымдын өлчөмү арыз ээси тарабынан алдын ала эсептелет жана нотариус тарабынан текшерилет.
525. Нотариалдык буйруктун көчүрмөсү чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен кайра кабарлоо менен карызкорго жөнөтүлөт. Нотариус кайрылган адамдын арызы боюнча буйруктун көчүрмөсүн жеке өзү тапшырууга же “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-беренесинде каралган башка нотариалдык иш-аракетти ишке ашыруу жолу менен берүүгө укуктуу.
526. Карызкор буйруктун көчүрмөсүн алган датадан тартып он күндүн ичинде нотариалдык буйрукка жазуу жүзүндө каршы пикирин билдирүүгө укуктуу. Каршы пикир кириш корреспонденция журналына катталат жана буйрук өндүрүшүнө тиркелет. Алынган каршы пикирлер жүйөлөргө карабастан, нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
527. Карызкор тарабынан белгиленген он күндүк мөөнөттө билдирилген талаптарга каршы пикирлер келип түшкөн учурда, нотариус буйрукту жокко чыгарууга милдеттүү. Бул учурда нотариус буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарат жана өндүрүп алуучуга доо өндүрүшү тартибинде сотко кайрылууга укуктуу экенин түшүндүрөт.
Арыз ээсинин арызы боюнча нотариалдык буйрукту жокко чыгарууга жол берилбейт.
528. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү коштомо кат менен буйрук өндүрүшүнүн тараптарына чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
529. Электрондук реестрге чыгарылган датасын жана чыгыш номерин көрсөтүү менен нотариалдык буйруктун жокко чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат. Буйрук өндүрүшүнүн иштерин эсепке алуу журналына буйрук ишинин тиешелүү номерине окшош жазуу жазылат.
530. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелеринин негизинде нотариустун лицензиясы убактылуу токтотулган, токтотулган же кайра чакыртылган учурларда буйрук өндүрүшүнүн аягына чыкпаган иштери Нотариалдык палатанын чечими боюнча башка нотариуска өткөрүлүп берилет.
531. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон нотариуска каршы пикирлер келип түшпөсө, нотариус өндүрүп алуучуга гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн нотариалдык буйруктун нускасын берет же почталык тапшырык менен жөнөтөт.
532. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине нотариалдык буйрук өндүрүп алуучунун атына катталат жана “алгандыгына тил кат” графасында жөнөтүү жөнүндө маалыматтар – почталык жөнөтүү квитанциясынын номери жана датасы же почта бөлүмү тарабынан берилген кат кыймылынын штрих-коду көрсөтүлөт.
533. Нотариус өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча буйрукту коштомо кат менен өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн тиркөө менен сот аткаруучуга аткарууга жиберет.
534. Карызкордон мамлекеттик алымды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу үчүн нотариус тарабынан аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу органга нотариалдык буйруктун нускасы жиберилет.
535. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине нотариалдык буйруктун көчүрмөсү жана аны жокко чыгаруу жөнүндө токтом тиркелип жиберилет.
536. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом, нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтом, нотариалдык буйрукту жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө токтом өз алдынча нотариалдык иш-аракеттер болуп эсептелбейт. Токтомдо буйрук ишинин номерине, жылына жана электрондук система тарабынан ыйгарылган нотариалдык иш-аракеттин (нотариалдык буйруктун) уникалдуу номерине шилтеме көрсөтүлөт.
537. Токтом үч бөлүктөн турат: киришүү, баяндоо жана резолюциялык. Киришүү бөлүгүндө нотариустун толук маалыматтары көрсөтүлөт, баяндоо бөлүгүндө – талаптын маңызы жана материалдык жана процесстик укукка шилтеме келтирилет, резолюция “токтом кылды” түрүндө билдирилет. Резолюциялык бөлүктө нотариус өндүрүп алуучунун жана карызкордун толук жана так маалыматтарын, акчалай суммалардын өлчөмүн, мамлекеттик алымдын суммасын, аткаруу органы үчүн кайтарып берүү жөнүндө негиз болушу мүмкүн болгон андагы каталарды жазат.
Эгерде нотариалдык буйрукта одоно каталар же одоно арифметикалык жана башка техникалык каталар кетирилген болсо, нотариус нотариалдык буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом чыгарат. Токтом сканерден өткөрүлөт жана НБМСке тиркелет, көчүрмөсү буйрук өндүрүшүнүн ишине көктөлөт.
538. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө квитанция, арыз, буйрук, токтом, билдирүү, кат алышуу жана башка документтер буйрук өндүрүшүнүн ишине түзүлөт.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 76 (3732) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |