Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2016-жылдын 13-июну № 10/1-16
Күрпүлдөк айылында жеке турак жай курууга жер участокторун берүү үчүн жер участогунун өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Үметалиев У.Б. « Күрпүлдөк айылында жеке турак-жай курулушуна жер тилкелерин берүү үчүн жер тилкесинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» сунушун сессияда угуп, Күрпүлдөк айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күрпүлдөк айылында жеке турак-жай курулушуна жер тилкелерин берүү үчүн жер тилкесинин өлчөмдөрү ар бир жер тилкесине 1200 чарчы метрден бекитилсин.
2. Күрпүлдөк айылына жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин ыңгайлаштыруу жана трансформациялоо боюнча материалдарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.К. Назыралиева тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы У.Б. Уметалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Абыкеев |