Редакцияот 16.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 16-июлу  № 29-12/5

 

Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

         Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жайыт адиси Б.Айтназаровдун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын   10-беренесине ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтер бекитилсин:

-Ири мүйүздүү мал-250сом (эки жүз элүү)

-Майда мүйүздүү мал-50сом (элүү)

2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн “Жаңы аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Н. Кемелбаевге жүктөлсүн.

 

Жаңы-Пахта айылдык

кеңешинин төрагасы    

 

 

 Бердигулов А.М.