Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-сентябры № 584
2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөˮ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги монгол тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 71 (3727) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |