Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 584 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2025-жылдын 21-июлу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Монголиянын Өкмөтү (мындан ары Тараптар жана өз-өзүнчө Тарап деп аталуучу) 1968-жылдын 8-ноябрында Венада кабыл алынган, Тараптар катышуучу болуп саналган Жол кыймылы жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу максатында жана эки өлкөнүн аймагында жол кыймылын жеңилдетүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Монголияда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү оз ара таанууну жана алмашууну камсыз кылууга ниеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмашуу максатында өз ара тааныйт. Айдоочулук күбөлүктөр ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде келтирилген эквиваленттик таблицасына ылайык теориялык жана/же практикалык экзамендерди тапшырбастан алмашылат.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинде бир жылдан ашык мөөнөткө жашап турууга уруксат берилген, Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн экинчи Тарап берүүчү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштыруу жөнүндө арыз менен экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына каалаган убакта кайрыла алат.
3. Тараптар ушул берененин 2-пунктуна ылайык улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү арыз ээлеринин тиешелүү улуттук мыйзамдардын негизинде транспорт каражаттарын башкарууга алардын жөндөмдүүлүгүн ырастоого экзаменден/тесттен өтүүсүн талап кылбастан алмашат.
4. Ушул берененин 3-пункту айдоочулук күбөлүк алууга арыз ээсинин курагына, ден соолугунун абалына же психикалык абалына байланыштуу транспорт каражаттарын башкарууга болгон чектөөлөргө карата Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарынын жоболорун козгобойт.
2-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин арыз ээси экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына Тараптардын бири тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктүн түп нускасын кароого берүүдө, алмаштырууну жүзөгө ашыруучу Тараптын расмий тилине же англис тилине күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бирге берет. Арыз ээси, ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык кайсы болбосун зарыл болгон башка документтерди, анын ичинде төлөм акыны ырастоону берет.
2. Тараптын мамлекетинин алмаштырууну жүзөгө ашыруучу компетенттүү органы зарыл болгон учурда арыз ээсинен башка документтерди берүүсүн талап кыла алат.
3-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин компетенттүү органы экинчи Тараптын айдоочуларын каттоодо өзүнүн улуттук мыйзамдарын колдонот.
2. Тараптар бул Макулдашуу ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде келтирилген эквиваленттүүлүк таблицасына ылайык айдоочулук күбөлүктөрдүн тиешелүү категорияларына жана чакан категорияларына карата колдонулат деп макулдашты.
4-берене.
Алмаштыруу үчүн берилген айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугуна же аныктыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Тараптын мамлекетинин алмаштырууну жүзөгө ашыруучу компетенттүү органы экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына ушул айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын же жарактуулугун ырастоо жөнүндө суроо-талап менен кайрыла алат.
5-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү компетенттүү органдарды дайындайт:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Монголиянын Өкмөтү үчүн: Юстиция жана ички иштер министрлигине караштуу Улуттук полиция агенттигинин Каттоо жана контролдоо борбору.
6-берене.
1. Бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу төмөнкү маалыматтарды берет:
а) өздөрүнүн компетенттүү органдарынын даректерин, телефон номерлерин жана факстарын, ошондой эле электрондук почта даректерин;
б) ушул Макулдашуунун 2, 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн категорияларын.
2. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине ушул Макулдашууну ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон айдоочулук күбөлүктөрдөгү ар кандай өзгөртүүлөр жөнүндө же улуттук мыйзамдардагы ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө, ошондой эле өздөрүнүн компетенттүү органдарынын байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө токтоосуз маалымдайт.
7-берене.
Бул Макулдашуунун 4, 5 жана 6-беренелеринде көрсөтүлгөн Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү англис тилинде жүзөгө ашырылат.
8-берене.
1. Бул Макулдашуу катышуучулары Тараптар жана алардын мамлекеттери болуп саналган башка эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
2. Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
9-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана аткарууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
10-берене.
Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилиши мүмкүн. Каалагандай өзгөртүү жана/же толуктоо ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча протокол менен таризделет.
11-берене.
1. Бул Макулдашуу Тараптар бардык зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгын ырастоочу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка ушул Макулдашууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүүгө укуктуу. Макулдашуунун аракети экинчи Тарап мындай билдирүүнү алган күндөн тартып токсонунчу (90) күнү токтотулат.
2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, монгол, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестик келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Монголиянын Өкмөтү үчүн |
|
| 1-тиркеме |
Айдоочулук күбөлүктөрдүн эквиваленттүүлүгүнүн таблицасы (Кыргыз Республикасында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү Монголияда берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн тиешелүү категориясына/чакан категориясына конвертациялоо)
Кыргыз Республикасы | Эскертүү | Монголия | Эскертүү |
А | Мотоциклдер >125 куб.см же >11 кВт. Жашы: 16+ | А | Мотоцикл - 50 км/сааттан ашык техникалык ылдамдыкта жүрө алган, иштөө көлөмү 50 куб.см ашык ички күйүүчү кыймылдаткычы же кубаттуулугу 4 кВттан ашык электр кыймылдаткычы менен эки дөңгөлөктүү механикалаштырылган транспорт каражаты. Ага (мопедге) мотоцикл тибиндеги рулдуу башкарылуучу жана массасы 400 кг ашпаган (жүк ташуучу - 500 кг) үч дөңгөлөктүү, төрт дөңгөлөктүү механикалаштырылган транспорт каражаттары да кирет. Жашы: 18+ |
A1 | Жеңил мотоциклдер ≤125 куб.см, ≤11 кВт. Жашы: 16+ | А1 | |
В | Автомобилдер ≤3500 кг, ≤8 жүргүнчү орундуу. Жашы: 17+ | В | Отуруу үчүн орундардын саны (айдоочуну кошпогондо) 8ден ашпаган жана уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашпаган механикалык транспорт каражаты (чиркегичи менен, толук массасы 3500 кг ашпаган) 750 кг ашык эмес. Жашы: 18+ |
B1 | Моторлуу трициклдер, квадроциклдер. Жашы: 16+ | А | Массасы 400 кг ашпаган (жүк ташуу үчүн - 550 кг) мотоцикл тибиндеги рулдуу башкарылуучу үч дөңгөлөктүү же торт дөңгөлөктүү моторлуу транспорт каражаттары. Жашы: 18+ |
С | Транспорт каражаттары >3500 кг. Жашы: 18+ | С | Уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашык (чиркегичи менен, толук массасы 750 кг ашык эмес) бардык транспорт каражаттары, буга "D" категориясына киргендер кошулбайт. Жашы: 18+ |
C1 | Транспорт каражаттары >3500 кг, бирок ≤7500 кг. Жашы: 18+ | С1 | "С" уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кг ашпаган транспорт каражаты (уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашпаган чиркегич) Жашы: 18+ |
D | Жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты ≥16 орун + айдоочунун отургучу. Жашы: 21+ ≥4 жыл стаж менен | D | 8ден ашык кошумча орундуктары жана айдоочунун орундугу бар, жалпы массасы 750 кг ашпаган чиркегичи менен адамдарды ташуу үчүн арналган транспорт каражаты Жашы: 21+ |
D1 | Жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттары 8-16 орун + айдоочунун орундугу Жашы: 21+ ≥4 жыл стаж менен | D1 | Айдоочудан тышкары 16 жүргүнчү баткан "D" категориясындагы транспорт каражаты (максималдуу жалпы массасы 750 кг чиркегичи менен) Жашы: 21+ |
BE | "В" транспорт каражаттары, чиркегичи >750 кг. Курамдын жалпы массасы >3500 кг. Жашы: 18+ ≥ 2 жыл стаж менен | BE | "В" категориясындагы чиркегичи менен транспорт каражаты, жалпы массасы 750 кг ашык. Жашы: 18+ |
CE | "С" транспорт каражаттары + чиркегич >750 кг. Жашы: 21+ ≥ 3 жыл стаж менен | СЕ | "С" категориясындагы чиркегичи менен транспорт каражаты, жалпы массасы 750 кг ашык. Жашы: 18+ |
C1E | "С1" транспорт каражаттары + чиркегич >750 кг, баары ≤ 12000 кг. Жашы: 21+ ≥ 3 жыл стаж менен | С1Е | "С1" категориясындагы чиркегичи менен транспорт каражаты, жалпы массасы 750 кг ашык. Жашы: 18+ |
DE | "D" транспорт каражаттары + чиркегич >750 кг. Жашы: 21 + ≥4 жыл стажы менен | DE | "D" категориясындагы 750 кг ашкан чиркегичи менен транспорт каражаттары, ошондой эле автобустар, троллейбустар ж.б. |
D1E | "D1" транспорт каражаттары + чиркегич >750 кг, баары ≤12000 кг. Жашы: 21+≥4 иш стажы менен | D1E | "D1" категориясындагы массасы 750 кгдан ашкан чиркегичи бар транспорт каражаты |
Тракторист-машинист
А | Дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВт чейин өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдар Жашы: 16+ | М | Трактор, өзү жүрүүчү техника жана алардын чиркегичтери же асма жумушчу агрегаттары. Жашы: 18+ |
В | Дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВт жогору, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол куруучу машиналар, анын ичинде сузгучу 2 куб.м чейин көлөмдөгү экскаваторлор жана жүктөгүчтөр ("В" категориясы). Жашы: 17+, "А" графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист катары үзгүлтүксүз бир жылдык стажы бар адамдар | М | Трактор, өзү жүрүүчү техника жана алардын чиркегичтери же асма жумушчу агрегаттары. Жашы: 18+ |
Г | Мелиоративдик, жер казуучу, жол куруучу машиналар, анын ичинде сузгучу 2 куб.м ашкан көлөмдөгү экскаваторлор жана жүктөгүчтөр ("Г" категориясы). Жашы: 18+, "А" жана "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист катары үзгүлтүксүз эки жылдык стажы бар адамдар | М | Трактор, өзү жүрүүчү техника жана алардын чиркегичтери же асма жумушчу агрегаттары. Жашы: 18+ |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү жана күбөлүктүн ээсине айдоого уруксат берилген транспорт каражаттарынын ТИПТЕРИ
1) "А" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашкан мотоциклдер - он алты жашка толгон адамдарга;
2) "А1" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) - он алты жашка толгон адамдарга;
3) "В" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун ордунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он жети жашка толгон адамдарга;
4) "В1" - моторлоштурулган трициклдер, квадроциклдер - он алты жашка толгон адамдарга;
5) "С" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан автомобилдер ("D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
6) "С1" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан, бирок 7500 кг ашпаган автомобилдер ("D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
7) "D" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун ордунан тышкары он алты жана андан ашык отуруучу орундары бар автомобилдер - жыйырма бир жашка толгон, төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар адамдарга;
8) "D1" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун ордунан тышкары сегизден он алтыга чейинки отуруучу орундары бар автомобилдер - жыйырма бир жашка толгон, торт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар адамдарга;
9) "BE" - уруксат берилген массасы 750 кг ашкан жана автомобилдин жүксүз массасынан ашкан чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобилдер - он сегиз жашка толгон, эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар адамдарга;
10) "СЕ" - уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген "С1" категориясындагы автомобилдер - уч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
11) "С1Е" - уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган чиркегич чиркелген "С1" категориясындагы автомобилдер - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
12) "DE" - уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген "D" категориясындагы автомобилдер - торт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
13) "D1E" - жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган чиркегич чиркелген "D1" автомобилдери (чакан категориялары) - үзгүлтүксүз айдоочулук стажы торт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) жыйырма бир жашка толгон адамдарга берилет.
"А", "В", "Г" графаларында уруксат берилген белгилери бар тракторист-машинисттин күбөлүгү төмөнкү категориядагы тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга укугу бар экендигин ырастайт:
1) "А" - кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВт чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар ("А" категориясы) - он алты жашка толгон адамдарга;
2) "В" - кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтт жогору дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде чакасынын көлөмү 2 куб.см чейинки эксковаторлор жана жүктөгүчтөр ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси жана тракторист-машинист катары бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он жети жашка толгон адамдарга;
3) "Г" - мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде чакасынын көлөмү 2 куб.м жогору эксковаторлор жана жүктөгүчтөр ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист катары үзгүлтүксүз эки жылдык иш стажы бар он сегиз жашка толгон адамдарга берилет.
|
| 3-тиркеме |
Монголиянын айдоочулук күбөлүктөрү жана күбөлүктүн ээсине айдоого уруксат берилген транспорт каражаттарынын ТИПТЕРИ
Категориясы | Баяндамасы |
А | Эки дөңгөлөктүү механикалаштырылган ички күйүүчү кыймылдаткычы менен иштөө көлөмү 50 куб.см ашык же электр кыймылдаткычы 4 кВт ашык жана техникалык ылдамдыгы 50 км/с ашык транспорт каражаттары (мопеддер). Бул категорияга ошондой эле мотоцикл тибиндеги башкаруусу бар жана 400 кг (жүк ташуучу унаалар үчүн 550 кг) ашык таза массадагы үч дөңгөлөктүү жана төрт дөңгөлөктүү механикалаштырылган транспорт каражаттары кирет. Жашы: 18+ |
В | 8ден ашык эмес жүргүнчү орундары (айдоочуну кошпогондо) жана жалпы массасы 3500 кг ашпаган (уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашпаган чиркегичи менен) автомобиль. Жашы: 18+ |
С | "D" категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан бардык транспорт каражаттары (уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашпаган чиркегичи менен). Жашы: 18+ |
D | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган, айдоочунун отургучунан тышкары 8ден ашык жүргүнчү орундары бар (уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашпаган чиркегичи менен) автомобиль. Жашы: 21+ |
BE | Уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан чиркегичи бар "В" категориясындагы транспорт каражаты. Жашы: 18+ |
СЕ | Уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан чиркегичи бар "С" категориясындагы транспорт каражаты. Жашы: 18+ |
DE | Уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан чиркегичи бар "D" категориясындагы транспорт каражаты. |
М | Тракторлор, өзү жүрүүчү техника жана алардын чиркегичтери же жумушчу илмек агрегаттары. Жашы: 18+ |
С1 | Уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кг ашпаган "С" категориясындагы транспорт каражаты (уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашпаган чиркегичи менен). Жашы: 18+ |
D1 | Айдоочудан тышкары (уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашпаган чиркегичи менен) максималдуу сыйымдуулугу он алты жүргүнчүнү түзгөн "D" категориясындагы транспорт каражаты. Жашы: 21+ |
С1Е | Уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашык чиркегичи. бар "С1" категориясындагы транспорт каражаты. Жашы: 18+ |
D1E | Уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашык чиркегичи бар "D1" категориясындагы транспорт каражаты |
(*) "Жалпы массасы" транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрү менен белгиленген транспорт каражатынын, анын жүгүнүн, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн уруксат берилген максималдуу массасын билдирет. Эгерде транспорт каражатынын курамына чиркегич кирсе, анда жалпы массасы жүк тарткыч менен чиркегичтин жалпы массасынын суммасы катары эсептелет. (Категориялардын аныктамалар бөлүгүнө "жалпы массасын" кошуу менен оңдоо киргизилди).
Мотоциклдин аныктамасы Монголиянын Өкмөтүнүн 2025-жылдагы № 263 токтому менен өзгөртүлгөн.