Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 369
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын 23 жооптуу катчысына ар айлык акчалай сыйлык тиркемеге ылайык 26800 (жыйырма алты миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына эмгек акы төлөөгө республикалык бюджеттен ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды жыл сайын карасын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мамлекетик расмий сайтында 2025-жылдын 3-июлундагы жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчыларга эмгек акы төлөөнүн жылдык фондун эсептөө
№ | Чыгымдар беренесинин аталышы | Эсептик маалыматтар | Сумма (сом) |
Колдонуудагы редакция | |||
1 | Эмгек акы | 23 коомдук кабылдама * 13300 сом * 12 ай | 3 670 800,0 |
2 | Соцфондго чегерүү | 17,25% | 633 213 |
| БАРДЫГЫ |
| 4 304 013 |
Сунушталган редакция | |||
1 | Эмгек акы | 23 коомдук кабылдама * 26800 сом * 12 ай | 7396800 |
2 | Соцфондго чегерүү | 17,25% | 1275948 |
| БАРДЫГЫ |
| 8672748 |
| Кошумча каржыланууга тийиш сумма |
| 4368735 |