Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-сентябры № 2025-П-12/46-1-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
1) "2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 "Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу";
2) "2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө";
3) "2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу";
4) "2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу";
5) "2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
6) "2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоону бекитүү жөнүндө";
7) "2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
8) "2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
9) "2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
10) "2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу";
11) "2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
12) "2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө";
13) "2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
14) "2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-3-(НПА) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу";
15) "2024-жылдын 14-февралындагы № 2024-П-12/5-4-(НПА) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу.
2. Ушул токтом күчүнө киргенден тартып төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 15-ноябрындагы № 36/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 38/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү, 2006-жылдын 15-ноябрындагы № 36/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 29-июнундагы № 33/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 18/2 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/2 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 47/3 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/2 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы (пилоттук) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы № 32/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- тиркеменин I пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- тиркеменин 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун жыйырма бешинчи абзацы;
- тиркеменин 24-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/4 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
- тиркеменин 3-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- тиркеменин 4-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-12/54-12-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-6-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
-1-пунктунун экинчи абзацы;
- тиркеменин 1-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону, "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 3-пунктунун он төртүнчү абзацы;
- 3-тиркеменин 13-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 2020-П-12/51-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- тиркеменин 1-пункту;
18) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- 1-пунктунун он экинчи абзацы;
- тиркеменин 2-пункту;
- тиркеменин 11-пункту;
19) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/14 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын финансылык отчётту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, "Кыргызстан Банктарынын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесин, "Микрофинансылык Уюмдарынын Ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомун, "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, лицензиялоо башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 2025-П-12/46-1-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 "Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата Негизги талаптардын:
- 2.2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- банктын Директорлор кеңеши, жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор менен, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн, Инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча Комитет, ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм (же ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен да өз ара иш алып баруу тартибин;";
- 6.1-пунктунун он тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда - банктын ишинде Шариат стандарттарынын сакталышын, анын ичинде ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн (же ыйгарым укуктуу ички аудитордун) отчетторунун негизинде талдоо жана баа берүү.";
- 7.1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7.1. Комитеттин банктын Директорлор кеңеши, жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор менен, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн, Инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча Комитет, ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм (же ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен да өз ара иш алып баруу тартиби ар бир банк тарабынан өз алдынча жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталууга тийиш.";
- 7.2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Комитеттин банктын жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор менен, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн, Инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча Комитет, ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм (же ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен да өз ара иш алып баруусу Комитеттин укуктарынын жана милдеттеринин негизинде аныкталууга тийиш.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмесинин:
- 7-пунктундагы "байкоо кеңешинин" деген сөздөрдөн кийин ", Шариат кеңешинин" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоонун:
- 3.1.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча банктын ар бир чет өлкө валютасындагы ачык узун/кыска валюталык позициялары төмөнкүдөн жогору болбоого тийиш:
а) Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин валюталары жана/же ЭВФ менен "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол койгон өлкөлөрдүн валюталары үчүн - банктын таза суммардык капиталынан 15%.
Эскертүү: ОЭСР - Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму.
Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында, ал эми ЭВФ менен "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол койгон өлкөлөрдүн тизмеги www.imf.org расмий сайтында жайгаштырылган;
б) ЭВФ менен "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол койбогон өлкөлөрдүн валюталары үчүн - банктын таза суммардык капиталынан 0% (жабык позиция).".
- 6.2-пунктунун жетинчи абзацындагы "ички аудитке" деген сөздөрдөн кийин "жана ички шариат аудитке" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:
24-пунктунун:
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары.";
- жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"г) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына карата талаптар;
д) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин өкмөттөрүнө карата талаптар (өкмөттөр тарабынан чыгарылган ислам баалуу кагаздары);";
- он биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин, ошондой эле Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин валюталары менен камсыздалган, ошондой эле өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган активдер (же алардын бөлүгү);";
- он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"б) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган жана учурдагы рыноктук баа боюнча ислам баалуу кагаздары менен камсыздалган активдер (же алардын бөлүгү);";
- он тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер;";
- жыйырма биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган, отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар, ошондой эле ошол институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;";
- отуз экинчи, отуз үчүнчү, отуз төртүнчү, отуз бешинчи абзацтар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"б) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);
в) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер;
г) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;
д) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;".
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун:
- 27-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 27-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 27-2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кредиттик тобокелдикти камтыган колдонуудагы актив боюнча үстөк акы/киреше (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" мыйзамында белгиленген чектүү жол берилген пайыздык чендин өлчөмү төмөндөтүлгөн күндөгүдөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөгөндө (кардардын финансылык абалы начарлабаса да), үстөк акы/киреше (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде) төмөндөгөн күндөн тартып бул актив боюнча классификациялоо ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.";
- 9-глава төмөнкү мазмундагы 36-1, 36-2, 36-3-пункттар менен толукталсын:
"36-1. Бул Жобонун максаттарында банктын баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялары рыноктук жана рыноктук эмес болуп бөлүнөт.
36-2. Эгерде банк баалуу кагаздар котировкаланган рыноктор жана мындай баалуу кагаздар рыногу өнүккөн, натыйжалуу, транспаренттүү экендигин жана мындай баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоого шарт түзө тургандыгы жөнүндө тиешелүү так документтерди сунуштай алса, рыноктук баалуу кагаздар классификацияланбайт.
Ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар классификацияланбайт.
36-3. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына рыноктук эмес инвестициялар, финансылык отчеттуулугун, келечекте акча каражаттарынын агымын талдоону, рыноктогу абалды, компаниянын бизнес-планын жана бул инвестициялардын сапатын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат жок болсо, кеминде шектүү катары классификацияланат.
Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар, инвестицияланып жаткан компания, анын финансылык отчеттуулугу жөнүндө маалымат болгон учурда жана акча каражаттарынын келечектеги агымына, компаниянын рыноктогу абалына, компаниянын бизнес-планына талдоо жүргүзүлгөн болсо, ошондой эле бул инвестициялардын сапатын баалоого мүмкүндүк берген, документ менен тастыкталган башка маалыматтар болсо, 5 пайыздан 15 пайызга чейинки өлчөмдө РППУ түзүү менен кеминде "байкоого алынган актив" катары классификацияланат.";
- 40-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг.";
- 1-тиркеменин 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Баалуу кагаздар эмитенти/оригинатору Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moody’s Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган "ВВВ" же "Ваа2" деңгээлинен төмөн эмес рейтингге ээ болушу.".
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоонун:
- 8-пунктунун:
- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2) Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moody’s Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) рейтингдик агенттиктеринин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ коммерциялык банктарда жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай эле банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мындай өзгөчө учурларга ылайык келүү үчүн ислам банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтинг акыркы жолу тастыкталган дата, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету болууга тийиш;";
- 4-пунктча төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар.";
- 9-пунктунун 5 жана 6-пунктчалары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан же гарантияланган эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар;
6) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody’s Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ борбордук банктар же өкмөттөр алар боюнча бенефициар болуп саналган ислам банкы кабыл алган баланстан тышкаркы милдеттенмелер;".
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "ички аудит" деген сөздөрдөн кийин "жана ички шариат аудити" деген сөздөр менен толукталсын;
16-пунктунун:
- төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- банктын Директорлор кеңеши, Башкармасы жана комитеттери менен өз ара алып баруу тартиби;";
- төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- отурумдарды өткөрүү тартиби, алар бетме-бет же аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн түз катышуусу менен отурумдар жылына кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми эгерде отурумга Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, Шариат кеңеши күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу экендигин аныктоо зарыл;
- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби.";
- 71-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Активдердин шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө көз карандысыз баа берүү ички шариат аудит бөлүмү (же ыйгарым укуктуу ички аудитор) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.".
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн өзгөчөлүктөрү" деп аталган 8-бөлүмү төмөнкү мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:
"45-1. Шариат кеңеши жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби;
- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;
- башкаруу органдары жана Кредиттик комитети (же ыйгарым укуктуу кызмат адамы) менен өз ара иш алып баруу тартиби;
- отурумдарды өткөрүү тартиби, алар бетме-бет же аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн түз катышуусу менен отурумдар жылына кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми эгерде отурумга Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, Шариат кеңеши күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу экендигин аныктоо зарыл;
- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби.".
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобонун:
- 8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. Шариат кеңеши жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби;
- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;
- Башкарма жана Каржылоо боюнча комитет менен өз ара иш алып баруу тартиби;
- отурумдарды өткөрүү тартиби, алар бетме-бет же аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн түз катышуусу менен отурумдар жылына кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми эгерде отурумга Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, Шариат кеңеши күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу;
- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби.".
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 8-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. МФУ эсептеринин аныктыгын текшерүү, өз ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна жана анын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле шариат стандарттарына ылайык келишине баа берүү максатында ички аудит жүргүзөт.".
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун:
- 8-пунктунун жетинчи абзацындагы "корутундусу" деген сөз "отчету" дегенге алмаштырылсын;
- "Шариат кеңешинин корутундусу" деген 8-главасынын аталышындагы "корутундусу" деген сөз "отчету" дегенге алмаштырылсын;
- 56-пунктундагы "корутундусунда" деген сөз "отчетунда" дегенге алмаштырылсын;
- 57-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"57. Шариат кеңешинин отчетунда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- чыгарылган шариат чечимдери (фатвалар), корутундулар жөнүндө;
- банктын контракттары, бүтүмдөрү жана операциялары жөнүндө жыйынтык маалымат жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө;
- инвестициялык эсептерге тиешелүү пайданы бөлүштүрүүлөрдүн жана чыгымдарды эсептөөлөрдүн шайкештиги жөнүндө;
- кайрымдуулукка багытталган каражаттар жөнүндө;
- банктын шариат стандарттары сакталгандыгын тастыктоо;
- башка маалымат.";
- 70-пунктунун алтынчы абзацында "корутундусу" деген сөз "отчету" дегенге алмаштырылсын;
- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин:
3-пункту:
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ички шариат аудити - бул, ички аудит жүргүзүү жана банкты объективдүү баалоонун жана ички контролдук системасын өнүктүрүү жана банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операциялары жана иши боюнча ички контролдук системасынын жеткиликтүүлүгүн (шайкештигин) жана натыйжалуулугун текшерүү жана баалоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн негизинде, банкты шариат боюнча натыйжалуу башкарууну камсыз кылууда, банктын башкаруу органдарына, Шариат кеңешине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн ички шариат аудити боюнча көз карандысыз ыйгарым укуктуу бөлүмдүн (ички аудитордун) (мындан ары - ички шариат аудити кызматы) иши (же көз карандысыз эксперттик функция).
Шариат стандарттарынын сакталышын ички контролдоо - бул банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялардын жана иштин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, банктын ички документтерине жана шариат стандарттарына ылайык ырааттуу жана натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү үзгүлтүксүз процесс.";
- 4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Тобокелдиктерди тескөө системасы 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жана 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жоболордун талаптарына ылайык уюштурулат.";
- 9-пунктундагы "ички аудит" деген сөздөр "ички аудит, ички шариат аудити" дегенге алмаштырылсын;
- 10-пунктунун 3-пунктчасынын:
- он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- комплаенс-контролдук кызматы, ички аудитор, ички шариат аудитору, тышкы аудитор, шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм жана банктын көзөмөл органдары тарабынан аныкталган бузуулардын жана кемчиликтердин банк Башкармасы тарабынан өз убагында, толук жана сапаттуу четтетилиши тууралуу;";
- он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- банк Башкармасынын комплаенс-контролдук, тобокелдик-менеджменти кызматтарынын, ички аудит, ички шариат аудити, ошондой эле тышкы аудит, шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү жана банктык көзөмөл органдарынын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруусу жөнүндө.";
- 19-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Шариат кеңеши тарабынан тобокелдик-менеджменти кызматынан, ички шариат аудити кызматынан жана шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөн отчетторду алуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу контролдоо аракети;";
- 27-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзгөн банкта кошумча ички шариат аудити кызматы жана шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу бөлүм (мындан ары - шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмү) туруктуу негизде иштейт. "Ислам терезеси" бар банкта шариат контролеру жана шариат аудитору шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо жана ички шариат аудити функциялары жүктөлгөн бөлүмдөрдүн курамына кириши мүмкүн деп каралышы мүмкүн.";
- 39-пункттун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ички аудит кызматынын кызматкерлери Аудиттин эл аралык стандарттары жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билими болуусу зарыл.";
- 41-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 6-бөлүм күчүн жоготкон катары таанылсын;
- төмөнкү мазмундагы 7-бөлүм менен толукталсын:
"7. Шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдү уюштуруу
57. Банк Шариат кеңешинин чечимдерин натыйжалуу аткаруусу максатында, банктын Директорлор кеңеши Шариат кеңешинин сунуш-көрсөтмөсү боюнча шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча түзүмдүк бөлүмдү түзөт (же банкта шариат стандарттарынын сакталышын контролдоого жооптуу кызматкерди дайындайт). Банктын Директорлор кеңеши Шариат кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрүн эске алуу менен шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин жана анын кызматкерлерин дайындайт, эмгек акы өлчөмүн аныктайт, ошондой эле бул кызматтын сандык жана персоналдык курамын аныктайт.
58. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо үчүн шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча бөлүмдүн жетекчисинин функциясына тобокелдиктерди шарттаган банктын бөлүмдөрүнүн (бизнес-багыттар, бизнес-процесстер) жана кызматкерлеринин ишин башкаруу (операциялык, аброй, стратегиялык тобокелдиктерди кошпогондо), тобокелдиктерди жөнгө салуучу, банкта бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулукка жооптуу, анын ичинде ички аудит кызматын башкаруу милдеттери кирбөөгө тийиш.
59. Банктын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмүнө алар өз функцияларын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө тийиш. Банктын башкармасы шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмү менен өз ара иш алып баруу тартибин белгилейт.
60. Банк башкармасы шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмүнөн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ишмердүүлүктүн жүрүшүндө аныкталган бузуулар жана кемчиликтер жөнүндө маалыматты алардын келип чыгуу себептерин жана аларды жоюу боюнча сунуштарды көрсөтүү менен алат.
Банк башкармасы алынган маалыматты талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган оңдоо же тартип чараларынын кабыл алынышын камсыздайт.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмүнүн жетекчиси Шариат кеңешине, ошондой эле зарылчылыкка жараша банктын Директорлор кеңешине, бирок чейрек ичинде бир жолудан кем эмес отчет берет.
61. Шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмү Шариат кеңешине жана банктын Директорлор кеңешине шариат стандарттарынын сакталбай калуу тобокелдигине алып келиши мүмкүн болгон кандай болбосун олуттуу бузуулар (окуялар, бүтүмдөр) жөнүндө ыкчам маалымат берет.
62. Шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо бөлүмү төмөнкү функцияларды аткарат, бирок алар менен гана чектелбейт:
1) Шариат кеңешинин катчысынын функцияларын аткарат (Шариат кеңешинин жыйналыштарын даярдоо, уюштуруу жана протоколун түзүү, Шариат кеңешинин чечимдеринин (фатвалардын) аткарылышын контролдоо);
2) Шариат кеңешинин чечимдеринин (фатваларынын) жана резолюцияларынын негизинде шариат маселелери боюнча консультация берет (келишимдер, саясаттар, ички жол-жоболор, шариат стандарттарына байланыштуу суроо-талаптар жана маселелер, банктык продукттар боюнча жарнамалык материалдар жана басылмалар, ошондой эле банк дуушарланган шариат стандарттарына байланыштуу башка маселелер);
3) эгерде бул маселелер боюнча мурда чечимдер (фатвалар) кабыл алынбаса, Шариат кеңеши тарабынан каралуучу бардык маселелер жана аткарган бардык тапшырмалар боюнча Шариат кеңешине кайрылат;
4) Шариат кеңешинин суроо-талабы боюнча тиешелүү маселелер жана жол-жоболор боюнча изилдөө жүргүзөт;
5) банктын продукттарын, саясаттарын, жол-жоболорун жана келишимдерин иштеп чыгууга катышат;
6) банктын башкармасына жана тобокелдик-менеджменти кызматына шариат стандарттарынын сакталбашы тобокелдигин тескөөгө көмөктөшөт;
7) банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иши боюнча кардарлардын даттанууларын (арыздарын) кароо боюнча банктын ишинин уюштурулушун контролдойт;
8) банктын бардык кызматкерлерин банктык кызматтарды көрсөтүү жана банктык операцияларды шариат стандарттарына ылайык жүргүзүү тартибин жөнгө салган банктын ички документтеринин талаптары менен тааныштыруу боюнча банктын ишинин уюштурулушун контролдойт;
9) банктын башкаруу органдарын жана кызматкерлерин шариат стандарттарын, ислам банк иши жана каржылоо принциптери маселелери боюнча окутууну уюштурат;
10) банк жана анын кызматкерлери Шариат кеңешинин чечимдерин (фатваларын) аткаргандыгына мониторинг жүргүзөт;
11) ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялардын шариат стандарттарына ылайык келүүсүн ички шариат аудитке чейинки учурдагы контролду жүргүзөт.
Банк тарабынан шариат стандарттарынын аткарылышын контролдоо функциясын башка уюмдарга аутсорсингге өткөрүп берүүгө жол берилбейт.";
- төмөнкү мазмундагы 8-бөлүм менен толукталсын:
"8. Ички шариат аудитин уюштуруу
63. Банктын ишинде шариат стандарттарынын сакталышына ички контролдук системаларынын жана шариат стандарттарынын сакталбай калуу тобокелдиктерин башкаруунун натыйжалуулугуна объективдүү баа берүү, банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана аны жакшыртуу боюнча таасирдүү сунуштарды берүү максатында, Директорлор кеңеши ички шариат аудитин түзөт (же банкта ички шариат аудитти жүргүзүүгө жооптуу кызматкерди дайындайт).
64. Ички шариат аудити кызматынын иши "Банктын ички аудитин уюштуруу" 5-главасына ылайык ички аудит кызматынын ишине окшош жана ушул главанын талаптарын эске алуу менен уюштурулушу зарыл.
65. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банкта ички шариат аудитору банкта шариат стандарттарынын сакталышын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операцияларга жана ишке аудит жүргүзөт жана Директорлор кеңешине, Шариат кеңешине, Аудит боюнча комитетке отчетторду жана банк Башкармасына отчеттордун көчүрмөсүн сунуштайт.
66. Ички шариат аудити кызматынын иши банктын ички документине ылайык жөнгө салынууга тийиш, анда кеминде төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- ички шариат аудити кызматынын максаты жана иш чөйрөсү;
- ички шариат аудити кызматынын принциптери (стандарттары) жана методдору;
- ички шариат аудити кызматынын, анын ичинде анын кызматкерлеринин жана жетекчисинин милдеттери, функциялары, укуктары жана жоопкерчиликтери;
- ички шариат аудити кызматы Директорлор кеңешине, Шариат кеңешине, Аудит боюнча комитетке, банктын Башкармасына, ошондой эле анда ички шариат аудити жүргүзүлгөн банктын бөлүмүнүн жетекчисине текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдоо шарттары жана тартиби;
- ички шариат аудити кызматынын жетекчисине жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы (талаптагыдай аткарбагандыгы) үчүн жоопкерчилик;
- координациялоо жана корутундулары жана отчеттору менен алмашуу үчүн ички шариат аудити кызматынын шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча бөлүмү менен өз ара иш алып баруу тартиби;
- координациялоо жана өзүнүн корутундулары жана отчеттору менен алмашуу үчүн ички шариат аудити кызматынын ички аудит кызматы менен өз ара иш алып баруу тартиби;
- ички шариат аудити кызматынын банктын бөлүмдөрү жана кызматкерлери менен өз ара иш алып баруу тартиби, ички шариат аудити кызматынын банктын жайларына кирүү, банктын документтеринен пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле ички шариат аудит кызматы өз функцияларын ишке ашыруусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана түшүндүрмөлөрдү банк кызматкерлеринен алуусу.
67. Ички шариат аудити кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ички шариат аудити кызматынын иш планын иштеп чыгуу, аны Шариат кеңеши менен макулдашуу боюнча (банктын шариат стандарттарын сактоо маселелери боюнча) Директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) бекитүүсүнө киргизүү, ошондой эле Директорлор кеңешине (байкоочу кеңешти), Шариат кеңешине (банктын шариат стандарттарын сактоо маселелери боюнча) жана Аудит боюнча комитетке анын аткарылышы жөнүндө маалымдоо;
- ички шариат аудити кызматынын иш планын даярдоо үчүн кыйла тобокелдүү операцияларды жана иш багыттарын (бизнес-линияларды, бизнес-процесстерди) аныктоо;
- банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүнүн шариат стандарттарына жана банктын ички ченемдик талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн ички шариат контролдоо ишинин натыйжалуулугун, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара иш алып баруусун баалоо;
- банк иши банктын шариат стандарттарын сактоого багытталган банктын саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүүсүн контролдоо;
- банктын филиалдарында шариат стандарттары сакталгандыгын текшерүү үчүн банктын филиалдарына, анын бөлүмдөрүнө үзгүлтүксүз көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнү аныктоо;
- банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда банк мыйзамдарынын жана банктын ички документтеринин сакталышын текшерүү;
- банк ишин мурунку текшерүүлөрдүн, ошондой эле Улуттук банк жана тышкы аудиторлор тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, анын ичинде бизнес-процесстерди уюштуруу, ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө боюнча текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөткүчтөрдүн аткарылышын текшерүү;
- ички шариат аудити кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө Аудит боюнча комитетке, Шариат кеңешине жана банктын Башкармасына маалымат берүү;
- Аудит боюнча комитетке жана банктын Башкармасына банктын ишинде шариат стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу жөнүндө маалымат берүү;
- банк ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде ички контролдоо, шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо, шариат стандарттарын сактоо тобокелдиктерин тескөө, бизнес-процесстерди уюштуруу боюнча өз сунуштарын киргизүү.
68. Ички шариат аудитин жүргүзүү программасы Аудит боюнча комитет жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш (шариат стандарттарын сактоого тиешелүү маселелер боюнча).
69. Аудитордук отчет:
- шариат маселелери боюнча чечим кабыл алуу үчүн түздөн-түз Шариат кеңешине жөнөтүлүүгө тийиш. Отчет каралгандан кийин Шариат кеңешинин резолюциясы менен Директорлор кеңешине жана Аудит боюнча комитетке жөнөтүлөт. Аудит боюнча комитет карап чыккандан кийин бул отчет банктын Башкармасына берилет.
70. Аудитордук отчеттун негизинде Аудит боюнча комитет банктын ички контролдоо системасына корректировкалоо чараларын киргизүү боюнча иш-чаралар планын бекитет жана алардын натыйжалуулугун жана өз убагында киргизилишин көзөмөлдөө боюнча чараларды караштырат, алар Шариат кеңеши менен макулдашылып, Директорлор кеңеши тарабынан жактырылат.
71. Шариат аудити кызматынын кызматкерлери Эл аралык аудит стандарттары, Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары, Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары жана Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (AAOIFI) стандарттары боюнча билими болууга тийиш.
Шариат аудитинин контролдоо функциясы башка уюмдарга аутсорсингге берилбеши зарыл.";
- төмөнкү мазмундагы 9-бөлүм менен толукталсын:
"9. Корутунду жоболор
72. Банктын Директорлор кеңеши банктын жетекчилери жана кызматкерлери банктын стратегиялары, саясаттары жана ички документтери менен таанышуусун камсыз кылууга тийиш. Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз кызматкерлерине ички контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн жана банктын ички документтерин аткаруу зарылчылыгын түшүндүрүүгө жеке жоопкерчиликтүү болушат.
73. Директорлор кеңеши комплаенс-контролдоо, ички аудит, ички шариат аудити, тобокелдик-менеджменти кызматтарынын жетекчилери квалификацияларын жана иш аброюн талаптагыдай деңгээлде камсыз кылуулары үчүн алардын белгиленген квалификациялык талаптарга жана иш аброю боюнча тиешелүү талаптарга шайкеш келүүлөрүнө баа берүүлөрдү жүргүзөт.
74. Улуттук банк комплаенс-контролдоо, тобокелдик-менеджменти, ички аудит жана ички шариат аудити кызматынын жетекчилери менен банк ишине байланыштуу план чегинде жана пландан тышкары талкууларды жүргүзө алат.
75. Банктын ички аудит, ички шариат аудити, комплаенс-контролдоо, тобокелдик-менеджменти кызматтарынын жетекчилери иштен бошогон учурда банк иштен бошоо себептерин чагылдыруу менен иштен бошоо фактысы тууралуу үч жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.".
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
28-пункту төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) ишенимдүү шариаттык башкаруу системасын жана шариат стандарттарын ишке киргизүүнү жана сакталышын камсыз кылуу.";
33-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Банк иши, банк мыйзамдары, эл аралык стандарт маселелерин кошо алганда, Шариат кеңешинин ар бир мүчөсүнүн кесиптик окутуудан өтүшүн жана билимин өркүндөтүшүн камсыз кылуу зарыл.";
37-пункт төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) банктын бардык уюштуруу деңгээлдерине багытталган шариат стандарттарын сактоо боюнча окутуу жана маалымдоо.".
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-3-(НПА) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоонун:
- 35-пунктундагы "бөлүштүрүлүшү" деген сөз "бөлүштүрүү тартиби" дегенге алмаштырылсын;
- 36-пункт төмөнкү мазмунда баяндалсын:
"36. Банктын ички шариат аудити ушул Нускоонун талаптарынын сакталышына жана аткарылышына жарым жылдык негизде тандалма текшерүү жүргүзүүсү зарыл. Талаптар сакталбаган/бузулган учурда, ички шариат аудити кызматы (же ыйгарым ички аудитор) банктын жетекчилигине жана Шариат кеңешине бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.".
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-февралындагы № 2024-П-12/5-4-(НПА) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобонун:
- 12-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Шарият кеңешинин отчету;";
- 37-пунктундагы "корутундусу" деген сөздөр "отчету" дегенге жана "корутундусун" деген сөз "отчетун" дегенге алмаштырылсын;
- "Шарият кеңешинин корутундусу" деген 12-главанын аталышындагы "корутундусу" деген сөз "отчету" дегенге алмаштырылсын;
- 93-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"93. Шарият кеңешинин отчетунда төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:
- чыгарылган шариат чечимдери (фатвалар), корутундулар жөнүндө;
- БФКУнун контракттары, бүтүмдөрү жана операциялары жөнүндө жалпы маалыматты карап чыгуу жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө;
- кайрымдуулукка багытталган каражаттар жөнүндө;
- банктын шариат стандарттарын сактагандыгын тастыктоо;
- башка маалымат.";
-94-пунктундагы "корутундусунда" деген сөз "отчетунда" дегенге алмаштырылсын;
- 95-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"95. Шарият кеңешинин отчету ушул Жобонун 94-пунктуна ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат.";
- 98-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Шарият кеңешинин отчету.";
- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобого карата 4-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.