Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 100а/ХХV111-28
Калктуу конуштардагы жана айыл чарбалык эмес максаттагы жерлерди
жана имараттарды, курулмаларды жана жайларды пайдалангандыгы учун жер
салыгынын негизги ставкаларын эсептөө үчүн экономикалык пландаштыруу
зоналарынын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 –беренесинин 3 пунктуна ылайык "Имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент" жана Кең-Булуң районунун бюджетине кирешелерди көбөйтүү максатында, ошондой эле мүлктү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пункту “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө жана төлөө мөөнөтү” Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ кылат:
1.Турак жай жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге зоналык коэффициент -1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3.Финансы-экономика бөлүмү имараттарга, курулмаларга жана жайларга жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерге мүлк салыгын алууну аткарууга алсын.
4.Кең-Булуң айыл аймагынын аймагына 2024-жылдын 1-январынан баштап салыктардын жана жыйымдардын төмөнкү түрлөрү бекитилсин жана киргизилсин:
- кыймылсыз мүлк салыгы;
- транспорт салыгы;
- жер салыгы
- таштанды чыгаруу үчүн төлөм
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн Башчысы К.Асановага тапшырылсын.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бабазов Р.М. |