КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 99/ХХ111-28
Жерлерди трансформациялоо жөнүндө
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж.Асановдун 6,0 гектар жерди трансформациялоо зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулагандан кийин № 117 контурда жайгашкан кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин категориясынан калктуу конуштардын жерлерине жогоруда айтылгандардын негизинде Кең-Булуң айылдык Кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ кылат:
1. № 117 контурда жайгашкан аянты 6,0 га жерди КБМФнун жер категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына трансформациялоо жүргүзүлсүн.
2. №117контурда жайгашкан 6,0 га жерлерди КБМФнун жерлеринин категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которуу жагы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бабазов Р.М. |