КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2023-жылдын 15-сентябры №96/ХХV11-28
Административдик- аймактык реформа жүргүзүү боюнча жана айыл аймактарды бириктирүүгө макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350-жарлыгын ишке ашыруу максатында Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылдык кенешинин сессиясында каралып, Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат,-
ТОКТОМ:
1. Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл аймагы менен Ивановка айыл аймагын бириктируу маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак Кең-Булуң айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Кең-Булуң, Ивановка аймактарынын борбору Ивановка айлында жайгашсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бабазов Р.М. |