Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 1-октябры № 206
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 8, 1060-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 1-бөлүк "Авиациялык эрежелеринен" деген сөздөрдөн кийин ", Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелеринен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу эрежелери болуп мамлекеттин улуттук, экономикалык коопсуздугу, эгемендигин коргоо, коргонуу, калктын коопсуздугу, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары саналат.";
2) 4-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кодекстин жоболору жарандык авиациянын ишинин бардык түрлөрүн, ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттерин жана милдеттерин, аба кемесин эксплуатациялоонун, аба мейкиндигин пайдалануунун, Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык тейлөөсүн камсыздоонун жол-жоболорун жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиация жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу бардык жеке жана юридикалык жактарга карата колдонулат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык жарандык аба кемелерине, ошондой эле алар кайсы жерде болбосун, Кыргыз Республикасында катталган бардык жарандык аба кемелерине карата колдонулат.";
3) 5-беренеде:
а) 2-бөлүктө "жана коомдук тартипти коргоо" деген сөздөр ", коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк "жалпы багыттагы авиация" деген сөздөрдөн кийин "(коммерциялык эмес)" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 6-беренеде:
а) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) учкучсуз учуучу аппарат (УУА) - учууну бортунда учкучсуз (экипажсыз) аткарган, оператор тарабынан аралыктан же берилген программа боюнча автоматтык түрдө же болбосо көрсөтүлгөн ыкмаларды айкалыштырып башкарылуучу учуучу аппарат;";
б) 16-пунктта "жана коомдук тартипти коргоо" деген сөздөр ", коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 35-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 36-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик орган
1. Ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты, жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы) саналат.
2. Жарандык авиация органы өз ишин ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жарандык авиация органы жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.
3. Жарандык авиация органы ушул Кодекстин, башка мыйзамдардын, жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, аба транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин аткарылышына жооп берүүчү адистештирилген административдик орган болуп саналат.
4. Ушул Кодекстин жана башка тиешелүү мыйзамдардын же жарандык авиация жаатындагы эл аралык келишимдердин алкагында жарандык авиация органы жарандык авиация ишине тиешеси бар башка уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга карата административдик чечимдерди кабыл алууга жана эрежелерди, колдонмолорду, нускамаларды, стандарттарды, буйруктарды жана тескемелерди колдонууга укуктуу.";
6) 8 жана 9-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 10-12-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Жарандык авиация органынын ыйгарым укуктары
1. Жарандык авиация органынын иш-милдеттери жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, аба транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин алкагында жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
3) Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) Кыргыз Республикасын жарандык авиация жаатындагы эл аралык уюмдарда көрсөтүү, жарандык авиация ишинин маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларга, меморандумдарга кол коюу;
6) аба мейкиндигин пайдалануу жол-жоболорун жөнгө салуу, уруксаттарды берүү, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү;
7) тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандык жана мамлекеттик аба ташууларын координациялоо;
8) жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
9) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин жана жарандык авиация жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларын Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбалары менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылгандай түрдө иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин жана жарандык авиация жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларынын Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттары жана сунушталган тажрыйбалары менен бир түрдүү болушун камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, жарандык авиация органы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жарандык авиация жаатындагы эл аралык стандарттарда белгиленген ченемдердин ортосундагы айырмачылыктар тууралуу Эл аралык жарандык авиация уюмуна кабарлайт;
10) жарандык авиациянын бардык эксплуатанттарынын, уюмдарынын жана ишканаларынын ишине алардын ушул Кодекске, ага ылайык чыгарылган стандарттарга жана эрежелерге ылайык келишине, ошондой эле алардын башка мамлекеттер менен макулдашууларга ылайык келишине туруктуу көзөмөл жүргүзүү;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында учууларды жүргүзгөн башка мамлекеттин аба кемесин жана экипаж мүчөлөрүн инспекциялоо;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрин жүргүзүү;
13) Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунун жана вертодромдорунун реестрин жүргүзүү;
14) тастыктамаларды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү, квалификациялык белгилерди берүү, таануу, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонулушун токтотуп туруу, жокко чыгаруу, ошондой эле тийиштүү арыздарды кароо жана корутундуларды берүү;
15) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация персоналын даярдоо боюнча окуу программаларын макулдашуу;
16) коммерциялык ташуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө уруксаттарды берүү жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мындай ташууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга карата талаптардын туюндурулушу;
17) ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү;
18) сунушталган аба ташууларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон эксплуатанттын техникалык, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
19) жарандык авиация органы тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык, эгерде алар учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка коркунуч келтирсе, учууларды аткаруунун жана жарандык авиация ишинин ар кандай түрлөрүнө тыюу салуу, жокко чыгаруу, убактылуу токтотуу же өзгөртүү;
20) Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалымат жыйнагын басып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жана аба жолдорунун тизмегин бекитүү;
21) аба транспортунун зыяндуу таасиринен айлана-чөйрөнү сактоо жана коргоо жаатында мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;
22) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү жаатына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
23) Кыргыз Республикасынын аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
24) Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программанын жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын жоболорунун сакталышына көзөмөл жүргүзүү;
25) Кыргыз Республикасына (Кыргыз Республикасынан) үзгүлтүксүз жүргүнчүлөр каттамдарын аткарууну пландаган чет өлкөлүк ташуучуларды жана авиа ишканаларын аккредитациялоо;
26) авиациялык коопсуздук жаатында Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 17-тиркемесинин жоболоруна ылайык келген саясатты жана талаптарды иштеп чыгуу;
27) коопсуздуктун кечиктирилгис чараларын киргизүү жөнүндө талапты камтыган тескемелерди, буйруктарды, директиваларды, нускамаларды жана башка документтерди басып чыгаруу;
28) авиациялык коопсуздук жаатындагы саясаттын жана талаптардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
29) жарандык авиация уюмдарына учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга таасирин тийгизбеген, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптарды аткаруудан бошотууларды берүү. Тиешелүү бошотууларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат;
30) ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларында каралган, жарандык авиация ишин жөнгө салууга тиешелүү болгон башка ыйгарым укуктарды жана иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу.
2. Жарандык авиация органы белгиленген компетенциясынын алкагында Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарын жана сунушталган тажрыйбасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стандарттарын жана эрежелерин аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды эл аралык органга, юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп бере алат. Өткөрүп берилген иш-милдеттер жарандык авиация органы тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.
3. Мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана ушул мамлекеттик аба кемелери карамагында турган ведомстволорго жүктөлөт.
4. Кыргыз Республикасында жарандык авиация жаатында ишин жүзөгө ашырган бардык жеке жана юридикалык жактар жарандык авиация органы тарабынан чыгарылган бардык эрежелерди жана (же) колдонмолорду сактоого, жарандык авиация органынын буйругуна баш ийүүгө жана ага талап кылынган маалыматты жана документтерди берүүгө, ошондой эле жарандык авиация органынын кызмат адамдарына алардын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүнө кирген бардык маалыматтарга, документтерге, аба кемелерине, объекттерге, жабдууларга жана зоналарга каалаган убакта жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
5. Тастыктамалоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн жарандык авиация органы башка органдарды уюштурууга/түзүүгө жана алардын ортосунда милдеттерди так бөлүштүрүү менен өз иш-милдеттерин аларга өткөрүп берүүгө укуктуу. Мындай органдардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.
6. Жарандык авиация органы Учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттиги, чет мамлекет же жарандык авиация чөйрөсүндөгү эл аралык уюм тарабынан берилген, авиациялык техникага жана авиациялык уюмдарга тиешелүү болгон тастыктамаларды, лицензияларды, бекитүүлөрдү жана башка документтерди тааныйт. Таануу жарандык авиация органы тарабынан бекитилген жол-жоболордун негизинде, же болбосо ал тарабынан кол коюлган макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
11-берене. Жарандык авиация органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу тастыктамалоонун жана каттоонун түрлөрү
1. Жарандык авиация органы тастыктамалоонун жана каттоонун төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин жана алардын бөлүктөрүн тастыктамалоо, анын ичинде аба кемелеринин техникалык жана эксплуатациялык шарттарына зарыл болгон текшерүүлөрдү жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин каттоо жана Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрин жүргүзүү;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорун жана вертодромдорун тастыктамалоо. Бирге жайгашкан аэродромдорду жана вертодромдорду тастыктамалоодо Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясына тиешелүү болгон аэродромдун бөлүгү тастыктамаланат;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорун жана вертодромдорун каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунун жана вертодромдорунун мамлекеттик реестрин (мындан ары - Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун жана вертодромдорунун реестри) жүргүзүү;
5) иши Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан аба кемелеринин эксплуатанттарын, май куюучу уюмдарды, аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүлөрдү, аба кемелерин техникалык тейлөөчү уюмдарды, жерде тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү, авиациялык окуу жайларын жана борборлорун, жарандык авиациянын башка уюмдарын тастыктамалоо жана каттоо;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиация персоналын тастыктамалоо жана каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиация персоналына күбөлүктөрдү берүүнү эсепке алуунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү.
2. Тийиштүү уруксаттарды, тастыктамаларды, күбөлүктөрдү, корутундуларды берүү, таануу, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонулушун токтотуп туруу же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.
3. Тастыктамаларды, лицензияларды, бекитүүлөрдү, уруксаттарды, күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерди жана башка документтерди таануу алар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине окшош эрежелер боюнча берилген учурларда жүзөгө ашырылат. Зарыл текшерүүнүн көлөмү жана таанууда документтерди берүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.
4. Жарандык авиация чөйрөсүндө тастыктамалоодо жарандык авиациянын эксплуатанттарынын жана уюмдарынын, аба кемелеринин, учкучсуз учуучу аппараттардын, аэродромдордун жана авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумуштардын ушул Кодекстин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсү ырасталат.
5. Тастыктамалоонун максаты болуп адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, экономиканын, жеке жана юридикалык жактардын сапаттуу авиациялык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын канааттандыруу саналат.
6. Жарандык авиация чөйрөсүндөгү тастыктамапоо жана көзөмөлдөө жол-жоболорун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөмдөр алынат. Жарандык авиация чөйрөсүндө тастыктамалоо аталган төлөмдөр тиешелүү өздүк эсепке төлөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
7. Кыргыз Республикасында өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда тийиштүү уруксаттарды, тастыктамаларды, күбөлүктөрдү, корутундуларды берүү, таануу, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонулушун токтотуп туруу же жокко чыгаруу жарандык авиация органы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
12-берене. Жарандык авиация органын каржылоо
1. Жарандык авиация органын каржылоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) жарандык авиация уюмдарынан келип түшкөн милдеттүү чегерүүлөрдүн эсебинен.
2. Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жарандык авиация чөйрөсүндө төлөмдөрдү алууга укуктуу.";
8) 13-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү, ошондой эле ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү териштирүү боюнча орган жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат.
2. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия мамлекеттик бюджеттен каржыланат.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацы "Териштирүү боюнча органдын" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) комиссиянын" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 5-бөлүктө "Териштирүү боюнча орган" деген сөздөр "Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) төмөнкүдөй мазмундагы 7-11-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүзөгө ашыруучу териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия авиациялык кырсыкка же инцидентке тартылган адамдардын фамилияларын ачыктабайт.
8. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүзөгө ашыруучу териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия борттук сөздөрдү өзү жазгычтардын үн жазууларынын мазмуну, ошондой эле визуалдык жагдайды борттук каттоочулардын видео же үн жазууларынын мазмуну ачыкталбашы үчүн чара көрөт.
9. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүзөгө ашыруучу, акыркы отчеттун долбоорун алган териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия анын ачыкталбашы үчүн чара көрөт.
10. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия териштирүү жүргүзүү боюнча нускамаларды алууга, суроого тийиш эмес жана алардын териштирүүлөрүнө тиешелүү маалыматтарга чектөөсүз жетүү жана аны контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
11. Териштирүү боюнча орган жана (же) комиссия Кыргыз Республикасынын авиациялык жана сот органдарына көз каранды эмес. Алардын уюштуруучулук жана ыкчам иши тергөөнүн жүрүшүнө же объективдүүлүгүнө тоскоол боло турган башка түзүмдөргө көз каранды эмес.";
9) 14-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 16-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Учкучсуз учуучу аппараттар
1. Учкучсуз учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүнөн учууларды жарандык авиация органынын уруксатынын негизинде аткарат.
2. Учкучсуз учуучу аппараттардын Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учкуч башкарган аба кемелери менен бирге учуусунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталат.
3. Тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү корголуучу объекттердин үстүнөн учкучсуз учуучу аппараттардын учуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.";
11) 24-берененин 8-пунктунда, 28-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 34-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык учууларды жүзөгө ашыруучу аэронавигациялык тейлөөнү пайдалануучуларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, аэронавигациялык тейлөөнү пайдалануучулар аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөйт.";
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 36-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Аба кемесин каттоо, каттоо жөнүндө тастыктаманы берүү, Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрин жүргүзүү, мамлекеттик таануу белгилерин пайдалануу, аба кемесин каттоодон алып салуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү Авиациялык эрежелеринде белгиленет.";
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 37-40-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 46-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-берене. Радиотехникалык жабдуулар, фотоаппаратура жана жогорку сезгич аралыктык аппаратура
1. Аба кемесинин бортунда орнотулган радиотехникалык каражаттар тиешелүү уруксат болгондо эксплуатацияланат. Аба кемесинин радиотехникалык жабдууларынын иштешине кандайдыр бир тоскоолдук жаратууга тыюу салынат.
2. Ар кандай аэрофотосүрөткө тартуу аппаратурасы жана жогорку сезгич аралыктык аппаратура аба кемесинин бортуна орнотулушу мүмкүн жана жарандык авиация боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана мындай уруксаттын шарттарына ылайык эксплуатацияланат.";
16) 47-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 48-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48-берене. Аба кемесинин тибин таанууга карата милдеттенмелер
1. Жаңы аба кемеси же аба кемесинин бөлүгү учууга жарактуулуктун техникалык талаптарына шайкештигин камсыз кылуу максатында типти таануу жол-жобосунан өтөт.
2. Аба кемелеринин тибинин тастыктамаларын таануу, бул тастыктамаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, оңдоо долбоорун, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарына шайкештиги тууралуу документтерди, ызы-чуу боюнча типтин тастыктамаларын, аба кемелеринин тибин жактыруу менен байланышкан башка тастыктамаларды жактыруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.";
18) 9-главанын аталышында "жана анын бөлүктөрүн" деген сөздөр алып салынсын;
19) 49-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестринде катталган бардык аба кемелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу шарттарга ылайык учууга жарактуулукту сактоо боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Текшерүү процессинде шарттарга шайкеш келбестиктер аныкталган учурда, учууга жарактуулук тастыктамасынын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык токтотулуп турат же жокко чыгарылат.
3. Аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөө, модификациялоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле аба кемесинин белгилүү бир тибин даярдоочунун техникалык шарттарына ылайык жүргүзүлөт.";
20) 50-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аба кемелерин, алардын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөө техникалык тейлөө боюнча бекитилген уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Учууга жарактуулукту сактоону учууга жарактуулукту сактоо боюнча уюмдар жүзөгө ашырат. Техникалык тейлөө боюнча уюмдарды бекитүү жана аларга карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленет.";
21) 51-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51-берене. Аба кемесин техникалык тейлөө программасы
Аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөөнүн бардык түрлөрү аба кемесинин ар бир тиби жана модели үчүн аба кемесинин эксплуатанты тарабынан даярдалган техникалык тейлөөнүн бекитилген программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.";
22) 52-беренеде:
а) 2-бөлүктө "чектелген" деген сөз алып салынсын;
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Аба кемелерине, анын ичинде жеңил жана өтө жеңил аба кемелерине, колго жасалган жана учкучсуз учуучу аппараттарга учууга жарактуулук тастыктамасын берүүнүн, токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби, ошондой эле башка чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Жарандык аба кемелеринин учууга жарактуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик жарандык аба кемесинин эксплуатантына жүктөлөт.";
23) 55-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 59-берененин экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ыктыярдуу кабарлоолор тутуму, ошол кабарларды берген жарандык авиация уюмдарынын кызматкерлерин жазалоо үчүн колдонулбайт.";
25) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 64-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) авиациялык коопсуздук чараларынын сапатын контролдоону жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген башка чаралар менен.";
27) 65-беренеде:
а) 3-бөлүктө "тастыктаманын" деген сөз "жол берменин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын тизмекте аныкталган кызмат адамдарын кошпогондо, кароо аба кемесине ташылып жүргөн ар бир адамга жана анын жол жүгүнө карата жүргүзүлөт.";
28) 66-беренеде:
а) 1-бөлүк "борборлоруна," деген сөздөн кийин "жарандык авиациянын медициналык мекемелерине" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "жайларын жана борборлорун" деген сөздөр "жайларын жана борборлорун, жарандык авиациянын медициналык мекемелерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) 67-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67-берене. Аудит жана инспекция жөнүндө отчет
Жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык түзүлөт.";
30) 68-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) бардык аба кемелерине, аэропорттордун, аэродромдордун жана вертодромдордун, конуу аянтчаларынын жайларына жана объекттерине, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча объекттерге, стерилдүү чөлкөмдөргө, кирүү чектелген кайтаруудагы чөлкөмдөргө, ангарларга, техникалык тейлөө боюнча уюмдарга, чеберканаларга, перрондорго, күйүүчү май сакталуучу жайларга, күйүүчү май куюучу уюмдарга жана алардын объекттерине, экслуатанттардын кызматтык жайларына, жүктөрдү жайлаштыруу чөлкөмдөрүнө, авиациялык окуу жайларына жана борборлорго, жарандык авиациянын медициналык мекемелерине жана жарандык авиациянын башка объекттерине толук жана тоскоолдуксуз жетүүгө;";
б) 2-пункт "авиациялык коопсуздук кызматтарынан" деген сөздөрдөн кийин ", жарандык авиациянын медициналык мекемелеринен" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) эксплуатанттардын, жарандык авиациянын медициналык мекемелеринин жана жарандык авиациянын башка уюмдарынын кызмат адамдарына учуунун коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча жазма буйруктарды аларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө менен берүүгө, ошондой эле ушул жазма буйруктардын аткарылышын текшерүүгө;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, ведомстволорунан жана мамлекеттик органдарынан керектүү маалыматты жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу маалыматтарды суроого жана алууга.";
31) 70-берененин 1-бөлүгү "Учуу коопсуздугунун" деген сөздөрдөн кийин "жана авиациялык коопсуздуктун" деген сөздөр менен толукталсын;
32) 71-берененин аталышы жана 1-бөлүгү "Учуу коопсуздугунун", "учуулардын коопсуздугуна" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "жана авиациялык коопсуздуктун", "жана авиациялык коопсуздукка" деген сөздөр менен толукталсын;
33) 72-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Авиация персоналынын адистеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталат.";
34) 73-берененин 2-бөлүгүндө "чектелген мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
35) 75-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик авиация персоналынын реестри жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлөт.";
36) 79 жана 80-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"79-берене. Авиация персоналынын күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп туруу
1. Эгерде инспекция авиация персоналынын күбөлүгүнүн ээси белгиленген эрежелерди, жол-жоболорду сактабагандыгын же аба транспортунда коопсуздукка коркунуч келтиргендигин аныктаса, жарандык авиация органынын инспектору аны авиация персоналынын күбөлүгүндө каралган ишти аткаруудан четтетүүгө укуктуу.
2. Авиация персоналынын күбөлүгүнүн же квалификациялык белгисинин колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.
80-берене. Медициналык күбөлөндүрүү
1. Авиация персоналынын ден соолугунун абалын баалоо үчүн медициналык күбөлөндүрүү жарандык авиация органы тарабынан тастыктамаланган жарандык авиациянын медициналык мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аба кемесинин экипажы, аба кыймылын башкаруу диспетчерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жарандык авиациянын медициналык мекемеси берген, ден соолугунун абалы боюнча алардын иштөөгө жарамдуулугун күбөлөндүрүүчү медициналык корутунду болгон учурда гана аткарат.
3. Жарандык авиациянын медициналык мекемесин тастыктамалоо тартиби, ден соолук абалын текшерүүнүн жол-жоболору, медициналык күбөлөндүрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү, ошондой эле авиация персоналына берилүүчү медициналык корутундунун формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленет.";
37) 83-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"83-берене. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгы
1. Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин экипажынын курамына Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.
2. Кыргыз Республикасынын коммерциялык аба ташууларды жүзөгө ашыруучу, авиациялык иштерди аткаруучу авиакомпанияларынын жарандык аба кемесинин экипажынын курамына жарандык авиация органы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жарандар төмөнкү учурларда кириши мүмкүн:
1) аба кемесинин тибине кайра даярдоо программасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын авиация персоналын милдеттүү кайра даярдоо менен учуу экипажынын мүчөлөрү - Кыргыз Республикасынын жарандары жок аба кемесинин тибин өздөштүрүү;
2) Кыргыз Республикасында эксплуатациялануучу аба кемесинин тибиндеги кайра даярдалган учуу экипажын окутуу жана машыктыруу.
3. Эксплуатант менен чет өлкөлүк жарандын ортосунда эмгек келишимин түзүү мөөнөтү эки жылдан ашпоого тийиш.
4. Аба кемелеринин учуу экипажынын чет өлкөлүк мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык башка мамлекет тарабынан берилген авиация персоналынын күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органында таануу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.";
38) 86-беренеде:
а) 3-бөлүктө "коргоо жаатында" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 88-беренеде "чектелген мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
40) 89-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
41) 90-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 94-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94-берене. Объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду курууну макулдашуу
1. Аэродромдун аймагына же анын чектеринен тышкары аба кемелеринин учууларынын коопсуздугуна тоскоолдук катары таасир этүүчү объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдугу алынгандан кийин жүзөгө ашырылат.
2. Макулдашуу объекттин менчик ээсинин же ээлик кылуучунун эсебинен мындай тоскоолдукта маркирлөөнү жайгаштыруу милдетин тапшырат.
3. Аэродромго жакын жайгашкан аймактагы чектелген курулуш чөлкөмү жана объекттерди жана курулмаларды курууга макулдук алуу эрежелери, ошондой эле мындай объекттерде жана курулмаларда маркирлөөнү жайгаштыруу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.";
43) 98-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аэродромдун аймагында иш жүргүзүүчү аэродромдун эксплуатанты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар аэродромдо жана анын айланасында канаттуулардын топтолуусун азайтууга багытталган иш-чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аткарат.";
44) 102-берененин 2-бөлүгүндө "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын;
45) 107-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
46) 109-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"109-берене. Аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө
1. Ички аба каттамдары боюнча аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмү жарандык авиация органы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча аэропорттун эксплуатанты тарабынан аныкталат.
2. Эл аралык аба ташуулары боюнча аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмү жарандык авиация органы менен алдын ала макулдашуу боюнча аэропорттун эксплуатанты тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык учууларды жүзөгө ашырган жердеги тейлөөнү пайдалануучуларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, жердеги тейлөөнү пайдалануучулар аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөйт.";
47) 110-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандык авиация уюму жана башка мамлекеттик органдар авиациялык иштин натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон тышкы факторлор менен байланышкан авиациялык ызы-чуудан жана кыймылдаткычтардын зыяндуу агындыларынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чара көрөт.";
48) 117-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "инспекторлору" деген сөз "териштирүүчүлөрү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пунктта "чексиз" деген сөз "эркин жана чексиз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) бардык тиешелүү материалдарга, далилдерге, анын ичинде борттук өзү жазгычтарга жана аба кыймылынын кызматтарынын жазууларына тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнө жана аларды контролдоого, алардын мазмунун, ошондой эле ар кандай башка жазуулардын мазмунун пайдаланууга;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) тиешелүү материалдарды, далилдерди деталдуу изилдөөнү кечиктирбестен жүргүзүүгө жана териштирүүгө токтоосуз киришүүгө.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Авиациялык кырсыкты же инцидентти териштирүү үчүн териштирүү боюнча орган териштирүү боюнча органдын териштирүүчүлөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден турган териштирүү боюнча комиссияны түзөт жана токтоосуз териштирүүгө киришет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ар тараптуу жана объективдүү териштирүү үчүн териштирүү боюнча орган тарабынан түзүлгөн териштирүү боюнча комиссияга териштирүү жүргүзүүдө көз карандысыздык жана аны жүргүзүү боюнча чексиз ыйгарым укуктар берилет.";
49) 122-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
50) 138-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"138-берене. Аба кемесинин эксплуатантын тастыктамалоо
1. Аба кемелеринин эксплуатантынын тастыктамасы Кыргыз Республикасында катталган, менчигинде же ижаралоо шартында (экипажсыз) коммерциялык аба ташууларын аткаруу үчүн учууга жарактуу экиден кем эмес аба кемеси, коммерциялык жүк ташуулары үчүн учууга жарактуу бир аба кемеси бар, ошондой эле ушул аба кемесин учуу жана техникалык эксплуатациялоо жана учууларды аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук түзүмү, даярдалган персоналы, жабдуулары, имараты, курулмалары бар юридикалык жакка берилет.
2. Эксплуатанттын тастыктамасын жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктү алуу үчүн арыз ээси жарандык авиация органына белгиленген формадагы арызды эксплуатанттын тастыктамасын берүү боюнча колдонмого ылайык тастыктама талаптарына жана тастыктамалоо шарттарына шайкештигин тастыктаган документтер менен жиберет.
3. Эксплуатанттын тастыктамасын же авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктү алуу үчүн арыз ээси жарандык авиация органына тастыктамаланган аба кемелери, аба кемелерин учуу, техникалык эксплуатациялоо жана учууларды аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, даярдалган персоналы, документтери, жабдуулары, имараттары, курулмалары бар экендигин көрсөтүүгө тийиш, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырат.
4. Алгачкы тастыктамалоодо арыз ээси пландалган ишти жүзөгө ашыруу жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн авиация персоналын кесиптик даярдоого, аба кемелеринин учууга жарактуулугун сактоого, жабдууларды, каражаттарды сатып алууга финансылык ресурстарды бөлүүнү, эмгек акы төлөө фондун жана башка чыгымдарды камтыган иштин кеңири финансылык-экономикалык планын берет.
5. Иштин финансылык-экономикалык планы эксплуатанттын тастыктамасын алууга талапкер болгон юридикалык жактын менчик ээси (катышуучулары, акционерлери) тарабынан бекитилет. Жетиштүү финансылык ресурстардын болушу арыз ээсинин банктык эсебинин акыркы үч ай үчүн тиешелүү үзүндү көчүрмөсү менен тастыкталат.
6. Эксплуатантка эксплуатанттын тастыктамасында жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктө белгиленген эксплуатациялык талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга тыюу салынат. Бир эле аба кемесинин эки жана андан көп эксплуатанттын тастыктамаларында жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктөрүндө болушуна жол берилбейт. Аба кемелерин эксплуатанттын колдонуудагы тастыктамасы жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүгү жок эксплуатациялоого тыюу салынат.
7. Эксплуатанттын тастыктамасын жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктү башка адамга берүүгө болбойт.
8. Жарандык авиация органы эксплуатанттын тастыктамасынын жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктүн колдонулушун эксплуатанттын тастыктамасын берүү боюнча колдонмонун жоболоруна ылайык, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда токтотуп турат:
1) эксплуатант тастыктамалоо талаптарын жана чектөөлөрдү сактабаганда;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыздандыруу камсыз кылынбаганда;
3) инспекциялык, анын ичинде чет мамлекеттердеги текшерүүлөрдө аныкталган, учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка таасир эткен бузуулар табылганда;
4) эксплуатант жазуу жүзүндө арыз берген учурда. Жарандык аба кемелеринин эксплуатантынын тастыктамасынын жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде жана Эксплуатанттын тастыктамасын берүү боюнча колдонмодо аныкталат.
9. Эгерде аба кемесинин эксплуатанты аныкталган шайкеш келбестиктерди жана (же) бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, жарандык авиация органы эксплуатанттын тастыктамасын жана (же) авиациялык иштерди аткарууга күбөлүктү жокко чыгарат. Эксплуатант коммерциялык аба ташууларын алты айдан ашык токтоткон учурда жарандык авиация органы эксплуатанттын тастыктамасын токтотуп турат.
10. Жалпы багыттагы авиациянын жеңил жана өтө жеңил аба кемесин жеке же юридикалык жактар тарабынан эксплуатанттын тастыктамасы жок эксплуатациялоонун шарттары Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде эскертилет.
11. Жетекчинин кызмат ордуна же башка кызматтык позицияга карабастан, арыз ээсинин/аба транспортунун иштеп жаткан эксплуатантынын жарандык авиация органынын ченемдик актыларында аныкталуучу кызматтык позицияларын аба транспортунун иштеп жаткан башка эксплуатантынын/эксплуатанттын тастыктамасын алууга башка арыз берүүчүнүн же башка авиациялык ишкананын кызматтык позициялары менен айкалыштырууга жол берилбейт.
12. Аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүүнүн, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн, колдонулушун токтотуп туруунун же жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленет.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын катышуусу менен авиакомпанияларды түзүүгө авиакомпаниядагы чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактардын катышуу үлүшү авиакомпаниянын уставдык капиталынын 49 пайызынан ашпаган шартта жол берилет.";
51) 139-берененин 2 бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тастыктамалоодо аба кемесинин эксплуатанты жарандык авиация органына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик же расмий тилдердеги ижара келишимин бардык зарыл документтерди тиркөө менен берет. Келишимде аба кемесин ижаралоо тиби, техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун, учуулардын коопсуздугун жана учуу эксплуатациясын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтин шарттары камтылууга тийиш.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
47-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1) тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар;".
3-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-глава менен толукталсын:
"12-1-глава. Тастыктамалоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар
47-1-берене. Төлөөчү
Жыйымды төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында тастыктамалоо жол-жобосунан өткөн (эксплуатанттын тастыктамасын, аэродромдун жарактуулук тастыктамасын, учууга жарактуулук тастыктамасын, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча уюмдун тастыктамасын, аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн тастыктамасын, жарандык аба кемесинин тибинин тастыктамасын, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү, жарандык авиациянын авиациялык окуу борборунун тастыктамасын, авиация персоналынын күбөлүгүн, аба кыймылын тейлөө диспетчеринин күбөлүгүн, учуучу экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн, экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн берүү, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, алмаштыруу) жана талаптардын жана стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө жол-жобосунан өткөн жеке жана юридикалык жактар саналат.
47-2-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Төлөмдөрдүн тизмеги, ставкасы жана жыйымдарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 47-2-глава менен толукталсын:
"47-2-глава. Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр
133-4-берене. Төлөөчү
Чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация уюмдары саналат.
133-5-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Чегерүүлөрдүн тизмеги, өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана жарандык авиацияны өнүктүрүүгө багытталат.";
3) 153-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1) тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар;".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки календардык айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |