Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/2
“Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын жашоочуларынын Капаров Эмилге “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча сунушун эске алып жана Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын Капаров Эмиль Нурмаматовичке ыйгаруу боюнча талкулап, жыйындын катышуучуларынын сунуш пикирлерин угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын жана Барпы айылын көп жерге тааныткан ишкердигин эске алып, Капаров Эмиль Нурмаматовичке Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Капаров Эмиль Нурмаматович Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу”деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |