Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/3
“Жер аянтын трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнүн Жар-Кыштак айылынын аймагында жайгашкан №943-контурдагы 1га жер аянтын, Социалдык обеъктилерди куруу багыттагы жер аянттарына которуу жөнүндөгү, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековдун 25.11.2022-жылдагы №01-20/1070 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Жар-Кыштак айылынын аймагында жайгашкан №943-контурдагы 1га жер аянтын, Социалдык обеъктилерди куруу багыттагы жер аянттарына которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
2. Трансформация кылууга тандалган 1га жер аянтынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |