Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/4
“Жер аянтын трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө”
Комсомол айылынын Насос участкасында жашаган жашоочуларына мектеп, барлдар бакчасын жана дарыгерлер тобу (ФАП) имаратын куруу максатында, Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №483 контурдагы 3га жер аянтын, Социалдык обеъктилерди куруу багыттагы жер аянттарына которуу жөнүндөгү, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековдун 25.11.2022-жылдагы №01-20/1072 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №483 контурдагы 3га жер аянтын, Социалдык обеъктилерди куруу багыттагы жер аянттарына которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
2. Трансформация кылууга тандалган 3га жер аянтынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |