Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/5
Өрткө каршы-куткаруу жана кырсыктарды алдын алуу боюнча бөлүгүн курууга уруксат берүү жөнүндө
Таштак айылындагы дарыгерлер тобу (ФАП) имаратынын жанында жайгашка, 0,20га муниципалдык жер аянтына Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, өрткө каршы-куткаруу жана кырсыктарды алдын алуу боюнча бөлүгүн курууга, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековдун 25.11.2022-жылдагы №01-20/1078 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Таштак айылындагы дарыгерлер тобу (ФАП) имаратынын жанында жайгашка, 0,20га муниципалдык жер аянтына Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, өрткө каршы-куткаруу жана кырсыктарды алдын алуу боюнча бөлүгүн курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |