Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/6
“Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө”
Чокмор айылынын аймагындагы, Бишкек-Ош автожолунун жээгинде жайгашкан. Барпы сейил муниципалдык эс алуу багынын 3га жер аянтын сактап калуу максатында, ошол жердин багытын Социалдык обеъктилерди куруу категориясына өзгөртүү жөнүндөгү, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековдун 25.11.2022-жылдагы №01-20/1071 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Чокмор айылынын аймагындагы, Бишкек-Ош автожолунун жээгинде жайгашкан. Барпы сейил муниципалдык эс алуу багынын 3га жер аянтын, Социалдык обеъктилерди куруу категориясындагы жер аянттарына которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
2. Трансформация кылууга тандалган 3га жер аянтынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |