Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/7
“Чокмор айылынын атын тактоо жөнүндө”
Чокмор айылынын атын тактоо боюнча жашоочулардын кайрылуусу жана Сузак райондук статистика бөлүмүнүн (24.11.2022ж №73 чыгыш) катын жана жыйындын катышучулардын ой пикирлерин угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Чокмор-Кыпчак деп аталып калган айыл, эми мындан ары жөн гана Чокмор айылы деп аталсын жана мамлекеттик иш кагазадарга да Чокмор айылы деп жазылсын.
2. Мамлекеттик жана каттоо иш кагаздарында Чокмор-Кыпчак айылы, эч кандай ат кошулбастан Чокмор айылы болуп жазылышын, келген жарандарга керектүү иш кагаздарын берүүдө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана каттоону Барпы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Карабаева Гүлбарчын Исираиловнага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |