Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/8
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Барпы айыл аймагында жайгашкан №77 “Т. Байзаков” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жааматынын, мугалими Орозалиева Жамила Сатыбалдиевнага “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча сунушун эске алып жана жыйындын катышуучуларынын Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын Орозалиева Жамила Сатыбалдиевнага ыйгаруу боюнча ой пикирлерин угуп жана талкулап, Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алып, Орозалиева Жамила Сатыбалдиевнага Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Орозалиева Жамила Сатыбалдиевнага Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу”деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |