Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/9
“Социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”
Чокмор айылынын тургуну Айдарова Уулбү Исмаиловна көп жылдардан бери мектепте иштеп келген. Азыркы учурда жүрөк оорусуна кабылып, операция жасатууга муктаждыгын айтып, акча каражаты тарабынан көмөк көрсөтүү боюнча, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековго арыз жазган. Арыздын негизинде өкмөтүн башчысы 28.11.2022-жылдагы №01-20/1090 сандуу сунушу жана Султанова Айгүл айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басарынын, Айдарова У.И. боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Чокмор айылынын тургуну Айдарова Уулбү Исмаиловнага социалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте, Айдарова Уулбү Исмаиловнага социалдык жардам катары 20000 (жыйырма миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |