Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/10
“Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө”
Курук-Сай участкасындагы №363 контурундагы 15га жайыт жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытагы жерлер категориясына которуу боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековдун 21.11.2022-жылдагы №01-20/1054 сандуу сунушун жана эл менен жолугушу өткөргөн комиссиянын актысын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Курук-Сай участкасындагы №363 контурундагы 15га жайыт жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясы боюнча калтырылсын жана башка багытта иштетүүгө тыйю салынсын.
2. Мындан ары жайыт жер аянтына, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине, курлуш курууга же багытын өзгөртүүгө убактылуу бөгөт койулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |