Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 611
А. Токтоналиев атындагы Бишкек
финансы-экономикалык техникуму жөнүндө
Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексин түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму” мекемеси тиешелүү штаты жана материалдык-техникалык базасы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагынан чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекеменин уставын бекитсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму:
1) белгиленген тартипте мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
2) окуу процессин уюштурууну жана абитуриенттерди өз убагында кабыл алууну камсыз кылсын;
3) белгиленген тартипте билим берүү ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензияны жана аккредитациялоо боюнча документтерди кайра тариздесин;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги белгиленген тартипте билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензияны жана аккредитациялоо боюнча документтерди кайра тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |