Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 11/11
Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын, зоналык коэффициенттин бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад областынын Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 27.10.2022-ж. №01-7/765 сандуу “Кыргыз Республикасынын салык кодексинин №388-беренесине ылайык айыл чарба багытында эмес жер салыгынын зоналык коэффициенттин 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициентке чейин өлчөмгө бекитүү боюнча” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар, айыл чараба багытында эмес жерлер үчүн жер салыгы, зоналык 2,0 коэффициент өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сейитбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |