Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабрындагы № 12/1
“Жерлердин категориясын өзгөртүү жөнүндө”
Чаӊгет-Сай айылынын жашоочуларынын атынан Исманова Замирахондун, мектеп курууга жер тилкесин ажыратып берүү боюнча кайрылуусу жана Барпы айыл өкмөтүнүн 28.12.2022-ж. №01-20/1240 сандуу кайрылуусу менен комиссиянын жеринде көрүп түзгөн АКТсын көрүп, угуп талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Чаӊгет-Сай айылынын №248-контурундагы 0,90га сугат үлүш жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, социалдык багыттагы жерлер категориясына (трансформация) которууга уруксат берилсин.
2. №248-контурундагы үлүш жер ээлерине, алмашуу жолу менен №238-контурундагы Мамлекеттик Фондун жеринен сугат үлүш жер ажыратып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |