Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабрындагы № 12/2
“Жерлердин категориясын өзгөртүү жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнүн 28.12.2022-жылдын №01-20/1241 сандуу “Пригородный айылынын тургуну Ш. Балтабаевдин жеке менчик 0,63га сугат үлүш жер аянтын, Фондун жерлерине алмаштыруу жолу менен Үлгү-Жалал-Абад авто жолуна алуу боюнча” сунушун карап, угуп талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Пригородный айылынын №56-контурундагы 0,63га сугат үлүш жер аянтын, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформация) которууга уруксат берилсин.
2. №56-контурундагы Ш. Балтабаевге тийиштүү болгон үлүш жеринин ордуна, №70-контурундагы Мамлекеттик Фондун жеринен 0,63га сугат үлүш жер ажыратып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |