БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 10-февралындагы № 13/1
Барпы айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Барпы айылдык аймагынын ИАС-КВнын төрагасы, жергиликтүү кеңештин депутатты Б.Үскөнбаев АРИСтин “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” 1С подкомпонентинин алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматын, сунуш катын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:
1. “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында конкурустук негизде 1С подкомпонентинин “Жашоо-тиричилик объектилерин колдоо чакан компонентинин” жыйынтыгы менен Барпы ААнын Боз-Чычкан айылына “Жүндү кайра иштеттуу, кол өнөрчүлүк” кичи цехин куруу долбоору жактырылсын жана айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин. Тиркеме 1.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |