Редакцияот 28.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 28-июлу № 447

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана орточо оңдоо иштерин уюштуруу жана натыйжалуу аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула "курулушун" деген сөздөн кийин ", реконструкциялоосун" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-пунктта "капиталдык жана" деген сөздөр "куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 2-пункт "курууну" деген сөздөн кийин ", реконструкциялоону, капиталдык жана орточо оңдоону" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, капиталдык жана орточо оңдоо боюнча заказчы болуп аныкталсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев