Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 20-январындагы №2
«Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө»
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Барпыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 6– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Барпыбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3. №1 тиркемеде бекитилген Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резерви Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (З.Карабалаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басары: |
Д.Джумашева |