Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2023-жылдын 10-февралындагы № 13/8

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, ата-энелер тарабынан ысык тамакка чогултуучу акча каражатын бекитүү жөнүндө

2023-жылдын 10-февралында бөлүп өткөн, Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясында, “Бала-бакчаларга ата-энелер тарабынан ысык тамакка 800сомдон каржылоо боюнча чыгарылган токтом, бүгүнкү күндө аткарылбай жаткандыгы жана бала-бакчалардын жетекчилери тарабынан өз билемдик менен 1000сомдон ата-энелерден акча каражатын чогултуп жаткандыгы” боюнча жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан талкууга алынап, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

ТОКТОМ

 

1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, ата-энелер тарабынан ысык тамакка кошумча каражат катары 800 (сегиз жүз) сомдон акча каражаты каралсын.

2. Жогоруда белгиленген чечимди одоно бузган жетекчилерди мыйзам чегинде жумуш орду кароо боюнча Сузак райондук билим берүү мекемесинен суралсын.

 

3. Чечимдерди аткарууга алуу жана көзөмөл жүргүзүүнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов