Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/1

“Жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө”

Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылынын жашоочусу Тургунбаев Нурсейит Исмайиловичтин “Беш-Мойнок айылындагы жеке менчик 500 чарчы метр2 жер аянтынан, 0,008м2 жер аянтына жемкана куруп, драбилька иштетүүгө уруксат” сурап жазган арызын, жергиликтүү кеӊештин депутаттары карап, угуп талкуулап токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Беш-Мойнок айылынын №1011-контурундагы 0,05га калктуу конуш жерлер категориясында турган жер аянтынын, 0,008га жер тилкесин, Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга уруксат берилсин.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов