БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/3
Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылынын, айыл башчысы С. Муратовдун “Жалалов Эламан Исакжановичке “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча” сунушу менен Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн маданият, искусствосунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымын жана Барпы айылынан чыккан чыгаан ырчылардын, өчпөс ырларын жаӊыртып эл ичинде жайылтып, көп жерге тааныткан ырчылыгын эске алуу менен Жалалов Эламан Исакжановичке Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Жалалов Эламан Исакжанович Барпы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деп таанылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |