Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/5

“Техникалык паспортко өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылынын жашоочусу Ажиматова Айканыш Жаныбекованын “Таштак айылында турак-жайына тиешелүү болгон Техникалык паспортунда жошоого мүмкүн эмес деп белгиленип калган, ушул жерин турак-жай курууга деп өзгөртүп берүү боюнча” жазган арызын, Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Таштак айылынын жашоочусу А.Ж. Ажиматовага 01.02.2010-жылы берилген (идентификациялык код 3 05 02 10080192) Техникалык паспортундагы “кыймылсыз мүлктү дайындоо” деген бөлүгүнө, жашоого ылайыкташтырылган деп белгиленип, турак-жай куруп пайдаланууга уруксат берилсин.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов