БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/6
“Социалдык объект курууга жер ажыратып берүү жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын жаштарынын атынан “Жергиликтүү жаштардын демилгеси менен Үлгү айылына Бала-Бакча курууга жер тилкесин ажыратып берүү боюнча” жазган кайрылуу каты менен Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Үлгү айылындагы №113-контурунун жанында жайгашкан “Терек-Зар” деп аталган жер аянтынан, 0,50га жер тилкесин Бала-Бакча курууга ажыратылып берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |