Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/7

“Өздөштүрүлгөн жер тилкесин жеке менчике уруксат берүү жөнүндө”

Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылынын жашоочусу Муратов Жамшитдин “Комсомол айылынын №475-контурундагы 0,25га өздөштүрүп иштетип келген жер тилкесин, жеке менчикке өткөрүп берүү” боюнча жазган арыз каты менен Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Комсомол айылындагы №475-контурундагы өздөштүрүлүп пайдаланып жүргөн 0,25га жер аянтын, Муратов Жамшитбекке мыйзам чегинде жеке менчигине өткөрүүгө урксат берилсин.

 

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына мыйзам чегинде, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов