Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/11

Жер аянтын муниципалдык менчике алуу менен курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө

Барпы айыл өкмөтүнүн 13.04.2023-жылдын “Барпы айыл өкмөтүнүн Боз-Чычкан айылындагы №954-контурундагы 0,06га жер тилкесине мечит салууга уруксат берүү жөнүндө” жазган кайрылуусу менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Боз-Чычкан айылындагы калктуу конуштун арасында жайгашкан №954-контурундагы 0,06га жер тилкесин, Муниципалдык менчике кабыл алынып, Мечит курууга уруксат берилсин.

 

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов