БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/13
“Жеке менчик укугун берүү жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнүн 14.04.2023-жылдын №01-20/493 сандуу “Курук-Сай участкасындагы, Жалал-Абад-Эшме жолунун жээгиндеги муниципалдык 0,02га жер тилкесин, Комсомол айылынын жашоочусу, ижарачы Баратов Джоомартка жеке менчике өткөрүп берүү боюнча” каты менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн 14.01.2021-жыл №1 ижара келишими менен Курук-Сай участкасынын, Жалал-Абад-Эшме жолунун жээгиндеги муниципалдык 0,02га берилген жер тилкеси, муниципалдык менчиктен чыгарылып, Баратов Джоомартка мыйзам чегинде дүкөн куруп иштетүү үчүн жеке менчигине өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |